super.kg logo

ТЕСТ: Гу Чжун Пё менен Гым Чан Ди 10 жашта. "Мыкты жигиттер" сериалы канчалык эсиңизде бар?

 

Түштүк Кореяда тартылган "Мыкты жигиттер" же "Гүлдөргө караганда балдар" аталышындагы сериал эсиңиздеби? Корей сериалдарын көрбөйм дегендер жок дегенде ушул сериалды көргөн болуп чыгары ыктымал. Ал 2009-жылы 5-январда эфирден берилип баштап, акыркы сериясы 31-мартта көрсөтүлгөн. Сериалдын башкы каармандары тууралуу кыскача айтып беребиз.

Гым Чан Ди - карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыз. Өжөр, принципке турган оптимист, кечиримдүү жана алсыздарды коргоого дайыма даяр турат.

Гу Чжун Пё - F4`түн лидери, Кореядагы "Шинхва" аттуу ири компаниянын мураскери. Өлкөдөгү эң бай үй-бүлөнүн уулу. Ар кандай тоскоолдуктардан кийин сүйүктүүсүнө жетет.

Юн Чжи Ху - Түштүк Кореянын мурдагы президентинин небереси. Таланттуу музыкант. Скрипкада ойноп Гым Чан Динин көңүлүн бурдура алган. Ата-энеси жол кырсыгынан каза болгон. Кыйын учурда ага жардам берген модель кызды жакшы көрөт.

Со И Чжон - кыздарды бат-баттан алмаштырганы менен белгилүү. Үй-бүлөсү өлкөдөгү ири көркөм сүрөт музейине ээлик кылат. Карапа жасаганды жакшы көрөт. Гым Чан Динин курбусу Га Ылды жакшы көрүп калат.

Сон Ву Бин – F4`төгү Дон Жуан. Мушташууга жакын. Үй-бүлөсү курулуш компаниясына ээлик кылат.

10 жыл мурун чыгып, көптөгөн өлкөлөрдө мыкты деп табылган сериал жана анын эпизоддору тууралуу тесттен өтүп көрүңүз.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

"Мыкты жигиттердин" негизинде акыркы сериал каякта тартылды жана аталышы кандай?

"Мыкты жигиттердин" негизинде акыркы сериал 2018-жылы Кытайда "Жылдыздар учкан бак" аталышында тартылып, элге көрсөтүлдү.

Кийинки суроо


Таиланд. "Балдар гүлдөргө караганда келишимдүү"
Япония. "Мыкты жигиттер"
Кытай. "Жылдыздар учкан бак"

"Мыкты жигиттер" сериалынан кийин Кыргыз жериндеги жаштар арасында эмне модага айланган?

"Мыкты жигиттер" сериалынан кийин Кыргыз жериндеги жаштар арасында F4 тобундагы балдардын чач жасалгасы модага айланып, көпчүлүк жигиттер чач өстүрүшкөнү белгилүү. Гу Чжун Пёнун чач жасалгасы деп атагандар да болгон.

Кийинки суроо


F4 тобундагы балдардын чач жасалгасы
Скрипкада ойноо
Карапа жасоо

"Мыкты жигиттер" сериалына байланыштуу Кыргыз жеринде тартылган тасманы атаңыз.

2011-жылы "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?" тасмасы тартылган. Режиссёру Данияр Абдыкеримов.

Кийинки суроо


"Кыялкечтер"
"Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?"
"Пентхаус"

Гым Чан Ди байлардын балдары окуган мектепке кантип келип калат?

Атасынын жумушуна байланыштуу Гым Чан Ди Түштүк Кореядагы беделдүү мектепке келип, классташтарынын жемелөөсүнө кабылган баланы өз жанын кыюуга аракет кылган учурда куткарып калат. Мектепке байланыштуу чыр коомдо чуу жаратканда окуу жайга ээлик кылган "Шинхва" компаниясы жаңжалды басаңдатуу үчүн Чан Диге стипендия беришет. Чан Ди каршы болгонуна карабай ата-энеси үчүн мектепке бара баштайт.

Кийинки суроо


Өз жанын кыйганы жаткан окуучуну куткарганы үчүн мектепке алынат
Активдүүлүгү үчүн мектептен чакыруу алат
Мектептеги суицид боюнча жаңжалды басуу үчүн Чан Диге стипендия берилет

Гым Чан Динин байлардын мектебиндеги жалгыз курбусу О Мин Жи эмне үчүн чыккынчылыкка барат?

О Мин Жи Гым Чан Динин мектептеги жалгыз курбусу. Ал Гу Чжун Пёну бала бакчадан бери сүйүп жүрөт. Сулуу болуу үчүн Германияда бир канча операция жасаткан. Ал Гым Чан Диден Гу Жун Пёну кызганып, атайын аны каралаган учурду жаратат. Гым Чан Ди мейманканада башка адамдын кучагында жаткан сүрөтүн жайылтып жиберет.

Кийинки суроо


Кедей үй-бүлөдөн чыккан кыз менен достошкусу келбегени үчүн
Гу Чжун Пёну сүйүп калганы үчүн
Гым Чан Ди менен дос болгондон уялганы үчүн

Гу Чжун Пё эмнеден коркот?

Гу Чжун Пёдон мектептеги бардык окуучулар коркушат. Ал өзүнө окшош көйнөк кийгендерди дагы коркутуп алган. Бирок өзү чымын-чиркейлерден коркот.

Кийинки суроо


Жалгыз калуудан
Кедей болуп калуудан
Чымын-чиркейден

Юн Жи Ху Гым Чан Дини өөп жатканын көргөн Гу Чжун Пё кандай кадамга барат?

F4 мыкты жигиттер тобу эс алууга барышат. Алар менен кошо Чан Ди менен Га Ыль да барат. Эс алуу учурунда Чан Ди менен Жи Хунун мамилесин көргөн Чжун Пё жинденип жүрөт. Бир жолу Чжун Пё досу Жи Ху менен Чан Динин өбүшүп жатканын көрүп калат. Сеулга келип мектеп алдында Жи Ху F4 тобунун мүчөсү эместигин жана Чан Ди экөө тең Шинхва мектебинен чыгарыларын айтат.

Кийинки суроо


Жи Хунун сүйүктүүсү модель кызга окуя тууралуу айтып берет
Юн Жи Ху менен Гым Чан Ди мектептен чыгарыларын айтат
Достук үчүн сүйүүсүнөн баш тартат

Гым Чан Дини жумушка алган үй кызматкерлеринин башчысын Гу Чжун Пё биринчи көргөндө эмне дегени эсиңиздеби?

Гым Чан Ди Гу Чжун Пёнун үйүндө кызматчы болуп иштегени эсиңизде болсо керек. Аны үй кызматкерлеринин башчысы дагы жакшы көрүп калат. Гым Чан Дини колдоп жумушка алат. Гу Чжун Пёго чоң энедей мамиле кылып, ага кам көрөт. Сериалдагы биринчи жолугушуусунда чочуп кеткен Гу Чжун Пё "Сиз дагы эле тирүүсүзбү?" дейт.

Кийинки суроо


"Сиз дагы эле тирүүсүзбү?"
"Гым Чан Дини сиз алып келдиңизби?"
"Келериңизди эмнеге айткан жоксуз?"

Гу Чжун Пё мектепке тармал чачын качан түздөп келет?

Гу Чжун Пё менен Гым Чанди урушуп кеткенде Чан Ди "сенин мектепке өзүң каалагандай кийинип келгениң, тармал чачың кыжырды келтирет" дегенден кийин Чжун Пё чачын түздөп, мектеп формасын кийип келет.

Кийинки суроо


Мектептин директору талап кылгандан кийин
Гым Чанди тармал чачың кыжырды келтирет дегенден кийин
Чачын тармалдаткандан тажагандан кийин

Гым Чан Динин ата-энеси эмне менен алектенишет?

Гым Чан Динин ата-энеси кир жуучу жайды иштетишет. Кызынын байлардын мектебине окушуна сүйүнүп, Чан Дини бай балага күйөөгө берүүгө аракет кылышат.

Кийинки суроо


Кимчи жасап сатышат
Тамак жасоого буюртма алышат
Кир жуучу жайды иштетишет

Гу Чжун Пё апасын кантип атайт?

Чжун Пё менен Чжун Хинин апасы көбүнчө ишкерлик менен жүрүп балдарына көңүл бурбай калат. Компаниянын ийгилигин биринчи орунга койгонун балдары түшүнүшпөйт. Апасы Чжун Пё менен Чан Динин бирге болушуна дагы каршы. Уулу апасын желмогуз (жез кемпир) дейт.

Кийинки суроо


Каардуу апа
Желмогуз
Эгоист эне

Гу Чжун Пёнун эжеси Гу Чжун Хи эмне себептен Гым Чан Ди тарапта болуп, аны колдойт?

Гу Чжун Пёнун эжеси Гу Чжун Хи апасынын мажбурлоосу менен байга турмушка чыгып, сүйүктүүсүнөн ажырап калат. Апасы Чжун Пё менен Чан Дини ажыратууга аракет кылганын көрүп аларды колдоого аракет кылат. Чан Ди экөөнүн өжөрлүгү окшош экенин көрөт.

Кийинки суроо


Өз убагында сүйүктүүсүнөн ажыраганы үчүн
Гым Чан Дини сулуу деп эсептегени үчүн
Гым Чан Дини келечекте ийгиликтүү болот деп ишенгени үчүн

Чжун Пё менен Жэ Кёңдун үйлөнүү тою эмне менен бүтөт?

Чжун Пёнун апасы уулунун Чан Ди менен мамилесин уккандан кийин экөөнү ажыраштыруу максатында байдын кызы Чжэ Кёң менен кудалаштырып коёт. Чжэ Кёң бара-бара Чжун Пёну жакшы көрүп калганы менен, үлпөт той учурунда бактылуу болбошун сезип, тойду токтотот.

Кийинки суроо


Экөө үйлөнүп бир жылдан кийин ажырашып кетишет
Жэ Кёң бактылуу болбошун сезип тойду токтотот
Чжун Пёнун апасы уулун үйлөнүүгө мажбур кылганына өкүнүп, той токтойт

Гу Чжун Пё менен Чан Ю Минин мамилеси кантип башталат?

Кол салуудан кийин Чжун Пё эс тутумун жоготуп, акыркы жылдарда жашоосунда болгон окуяларды унутуп калат. Ооруканада дарыланып жатканда Чан Ю Ми аттуу кыз менен таанышат. Ал Чжун Пёнун амнезиясын пайдаланып, сүйдүрүп алууга аракет кылат.

Кийинки суроо


Экөөнүн ата-энеси кудалашкандан кийин
Гым Чан Ди менен мамилеси токтогондон кийин
Гу Чжун Пё эс тутумун жоготкондон кийин

Гым Чанди Ди кайсы кесипти тандайт?

Чан Ди мектепти бүтүргөндөн кийин Чжун Пё ага баш кошуу сунушун киргизип, өзү менен кошо чет өлкөгө кетүүнү сунуштайт. Чан Ди макул болбойт. Ал Чжи Ху менен биргеликте окуп, врач болгусу келгенин, Гу Чжун Пёну күтөрүн айтат.

Кийинки суроо


Кир жуу тармагында бизнес ачат
Кафеде официант болот
Врач болот

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
31.03.2019. 23:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
340
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
14-10-2019 18:13
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен бул кинону коргон эмесмин тушунбойт экем ачыгы. Божамолдоп белгилеп 60 бал алдым! Жаман эмес
01.04.2019. 05:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
562
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:58
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aruwka.89,сиз көрбөй божомолдосоңуз мен көргөндөн кийинки алган баллым 60. Унуткан экенмин, канча жыл болду. Азыр кореецкий сериалдарга кызык жок. Нормасын мурдале толтуруп салган окшойм
01.04.2019. 02:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
636
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
05-09-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
-1
80,ар бир минутасын жакшы билем деп кире калсам,кээ бирлеринин историясын билбейт экенмин)))
01.04.2019. 08:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-03-2019
Соӊку аракети:
08-10-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр дагы минус басмай чыгат баарына минус басат
01.04.2019. 08:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-05-2017
Соӊку аракети:
07-10-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
87балл, сагындым ушул сериялды
01.04.2019. 08:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:03
Жынысы:
Белгисиз
-4
94
01.04.2019. 08:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
17-09-2017
Соӊку аракети:
15-06-2019 12:44
Жынысы:
Белгисиз
-4
67 балл бирок бул кинону көргөн эмесмин.
01.04.2019. 08:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
-4
47
01.04.2019. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-03-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 23:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
-4
87 балл
01.04.2019. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
634
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
22-10-2019 19:07
Жынысы:
Белгисиз
-3
Маанилуу окуялардын баарын талкуу жабык кылып, гу жун пену ачык кылып коюшат.Гу джун пе нун эмне кереги бар.
01.04.2019. 14:05 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8459
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
-3
ruslanz, саясат рубрикасындагы кабарларга гана талкуу жабык.
01.04.2019. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-01-2013
Соӊку аракети:
19-10-2019 09:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабад
-3
74 балл
01.04.2019. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
544
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:29
Жынысы:
Белгисиз
-3
74-бал болду менде деле.Супер силерге кайрылаарым даны ушундай сериалдарды тест кылып чыгаруунарды суранам.Убагында менда карейс сериалдары менен ооругам азырда кээдэ ооруп калам.
01.04.2019. 14:05 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8459
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
-3
Eli.91, саламатсызбы! Корей сериалдары тууралуу бул тесттен да өтсөңүз болот: https://www.super.kg/kabar/news/259237/

Ал эми сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-01 14:09:34
01.04.2019. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
-3
67
06.04.2019. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
21-10-2019 21:24
Жынысы:
Белгисиз
-2
87
01.05.2019. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-09-2017
Соӊку аракети:
30-07-2019 16:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
-2
Мен 80 бал алдым. Элдер кордун беле деп сурай беришкенинен кордум эле.
23.08.2019. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
22-10-2019 20:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
Унутуп калыптырмын. 47 балл дагы көрүп коюш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: