реклама
super.kg logo

Маркум Бурулайды ала качып бара жатканда жолдон тосуп калган инспектор дагы бир ала качууну токтотуп калды

 

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка постунда кыз ала качып бара жаткан 4 жаран жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан кармалды. Кызматкерлердин арасында милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызын салып бара жаткан унааны тосуп, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жеткирип барган инспектор Замир Айткожоев да бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 23-март күнү болгон. Анда жабырлануучу кызды 4 жаран Бишкектин Жибек Жолу Орозбеков көчөлөрүнөн Талас облусуна ала качып кетүү үчүн унаага салып кетишкен.

"Кыздын айтымында ал жогоруда айтылган даректе жүргөн убакта өзүнө тааныш эки бала келип, кызды машинага салып кетишкен. Унаада жалпы 7 адам болуп, кыздын телефонун да алып коюшкан. Буга чейин аталган постко унаа уурдалганы боюнча кабар келип түшкөндүктөн ар бир өткөн унаа кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алынып жаткан. Ошондой эле жүйөө менен Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымынан Honda Stepwgn унаасы токтотулган. Инспекторлор документ текшерип жатканда машинанын ичинен кыздын кыйкырган үнү угулган. Алар унаанын эшигин ачып жардам сураган кызды көрүшкөн жана кыз аны ала качып бара жатканын айткан. Ошол замат инспекторлор Жайыл РИИБинин ыкчам тобун аталган жерге чакырып, кызды жана аны ала качып бара жаткан балдарды кызматкерлердин колуна өткөрүп беришкен. Ошол убакта Биринчи Май РИИБине дагы маалымат берилген, алар келген соң кармалган жарандар аларга өткөрүлгөн. Ал эми кыз арыз жазган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Есения Рамазанова ала качып бара жаткан кызды куткарып калган кызматкерлердин бири Бурулайдын өлүмү боюнча айыпталып жаткан инспектор Замир Айткожоев экенин айтат. Ага бул кабарды Айткожоевдин жактоочусу айткан.

"Кызды ала качып бара жаткан балдар мушташып, кызды бербей ызы-чуу салышыптыр. Мыйзам боюнча инспекторлор кармалгандарды Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө өткөрүп бериши керек. Бирок Бурулайдын окуясынан кийин алар Жайыл РИИБинин ыкчам тобун чакырышып, анан кызды өткөрүп беришкен. Бул маалымат убагында Биринчи Май РИИБине жетип, кыз арыз жазган", - дейт ал.

Айыпталуучу катары учурда соту болуп жаткан Замир Айткожоевге жана дагы бир инспекторго Турдали Кожоналиев тосмо арыз жазган. Ал эми судья бул арызды өкүм чыгарга жакын карай турганын айткан.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
25.03.2019. 17:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
14-06-2019 16:29
Жынысы:
Белгисиз
-8
Сураныч инспектор токтотпой эле койчу,
дагы бир секелектин тубуно жетпегилечи.
25.03.2019. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
01-06-2020 21:17
Жынысы:
Белгисиз
+7
Только кыз уурдагычтарды кармайт экен да Айткожоев деген )))
25.03.2019. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
273
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 22:42
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХХ туугандар кыз менен сүйлөшүп кыз көңүлүн алып үйлөнүштү билесиңерби же алакачып гана үйлөнөсүңөрбү баарың.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-25 17:53:32
25.03.2019. 18:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
06-05-2020 06:51
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ала качуу кылмыш.
25.03.2019. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
14-01-2020 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын эми.
25.03.2019. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
301
Катталган:
09-03-2018
Соӊку аракети:
29-05-2020 00:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир адам бир адамдын жеке менчиги эмес. Каалаган жака айдап кете бергендей. Кобунчо аялдар озунор куноолусунор мындай окуяга.
26.03.2019. 06:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
31-03-2020 06:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
+2
filis,эмнеге аялдар куноолуу?Аялдар жол тосуп туруптурбу,мени ала кач деп?
26.03.2019. 05:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
26-02-2015
Соӊку аракети:
28-05-2020 13:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен тушунбодум буларды иштен алды беле дагы деле иштеп журобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144851;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: