super.kg logo
«Жылдын супер дуэти»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу ал 19-марттагы түз эфирде казак элине болгон атайын кайрылуусунда өзү жарыялады.

Ал кайрылуусунда: "Мен өзүмдүн президент катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Бул жылы менин эң жогорку кызматка келгениме 30 жыл болот. Эл Эгемендүү Казакстандын биринчи президенти болушума мүмкүнчүлүк берди", - деген.

Белгилүү болгондой Нурсултан Назарбаев парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган.

Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин үч маанилүү кызматын сактап кала алат. Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери, Конституциялык кеңештин мүчөсү бойдон кала берет.

Назарбаев 1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, анын президенттик мөөнөтү 5 жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкерлер катышкан шайлоодо, ал 80 пайыз добуш менен 7 жылга өлкө башчысы болуп шайланган. 2005-жылы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо 91,15% добуш алып, кайрадан өз ордунда калган.

2011-жылы 3-апрелде шашылыш түрдө өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Назарбаев 95,5 пайыз добуш менен төртүнчү ирет 2016-жылга чейинки мөөнөткө шайланган. Ал эми 2015-жылы 26-апрелде Казакстанда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда 97 пайыз добушка ээ болуп, президенттик ордун сактап калган.
Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда Алматы облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Быйыл 79 жашка чыгат.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(31)
19.03.2019. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
514
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
06-12-2019 21:20
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сенсация Сенсация Сенсация Мен ишене албай турам
19.03.2019. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
495
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
05-12-2019 13:25
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кеткени чын.
19.03.2019. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
06-12-2019 23:10
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ден соолугу болбой калса керек. Болбосо кетпейт элеее...
19.03.2019. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-01-2016
Соӊку аракети:
30-09-2019 13:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец,!!!
19.03.2019. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
22-02-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 10:39
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура кылыптыр
19.03.2019. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
11-08-2018
Соӊку аракети:
11-08-2019 16:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Срогу жеттида
19.03.2019. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Отставкасын жарыйалаганы чындык
19.03.2019. 19:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
26-11-2019 07:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+8
Мына сага жаңылык..
19.03.2019. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
626
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
06-12-2019 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+14
СНГнын эски президенттердин ичинен Ельцин ден кийинки эле озу отставкана президент болобу ошондо.
19.03.2019. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
19-11-2014
Соӊку аракети:
14-11-2019 13:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Азыр Москва
+1
Казактар 21 мартта эл чогулабыз революция кылабыз Назарбаев кетсин деген ураан менен чыгабыз деп жатышкан. Элден коркту ошон учун кетти, бирок бийлик колунда калды. Назарбаев жаны мыйзамга ылайык Совет безопасностиге коп укутарды берип койгон эми озу ошол советтин башчысы.... Назарбаев бийликтен оной кетпейт. Айтып койуу керек бирок Назарбаев Казакстан учун жакшы эле жумуш жасады.. акырында ажыдаарга айланып кеттида.. байлык, мансапка азгырылып каарыганда... жаш ХХХХ бузуп койсо керекго..)))
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-20 14:16:27
20.03.2019. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
06-12-2019 02:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+2
Aika96,Назарбаевди эли жакшы корот. Бизде казак группалаштарыбыз бар эле. Квартирасына барсан Назарбаевди суротторун коюп алышкан
19.03.2019. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
971
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
06-12-2019 22:27
Жынысы:
Белгисиз
-2
Апрельдеги президент шайлоого коюп туруп кайра эле 100 пайыз менен шайланып калат
19.03.2019. 20:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
504
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы иштеди,сыйы менен кетип жатат.Биздикилер канча жолу алмашты,ылайыгы деле келет такка,ылайыксызы деле келет.
19.03.2019. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-03-2019
Соӊку аракети:
19-10-2019 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы иштеди , Казахстан ды кыйла онуктурду
20.03.2019. 02:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
08-11-2019 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jeenbek.,Казакстандын кен байлыгы менен мындан да гулдошу керек эле..
20.03.2019. 03:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-03-2019
Соӊку аракети:
26-08-2019 15:40
Жынысы:
Белгисиз
+6
Gema,Оа бирок жеседа Казакстанды алдыга алып чыктыго,Астанадай шаарды курду Алматыны карасанар чынбы.аларда бар байлык биздеда бар даже ашыгы менен эмне озгорду шаарларыбызды кара союздун убагында курулган ошол бойдон озгоруу жок.элибиз мигрант болуп чет олкого кетип жатышат.биздин мамлекет башчылар дагы жеседа аз аздан жеп калганын элге мамлекетке жумшабайбы,Биздин бийлер оз камын ойлойт карыз алып мамлекеттин керегине жумшабай чонтогуно урушат.
19.03.2019. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
29-11-2019 17:13
Жынысы:
Белгисиз
+15
Назарбаев Нурсултан эн Жакшы иштеди газ,свет,бензин арзан Астананы оркундотту Казак элине эн Жакшы шарт тузуп берип кетип жатат биздикилерге окшоп жарылгыча жебей
19.03.2019. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
05-12-2019 13:10
Жынысы:
Белгисиз
-4
Лично мен кубанычтамын! Бул адам Кыргыздын боордошу эмес душманы жакшы бар сакал
19.03.2019. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 16:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Казактар "ооо ушун кунду да короор козубуз бар экен"деп отурушат го, уккан кулагына ишенбей.
19.03.2019. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
553
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
06-12-2019 19:27
Жынысы:
Белгисиз
+5
Отставкага кеткени менен бийликтен биротоло кеткен жок.Казакстандын тышкы карызынын суммасын жазсам тан каласынар.Биздин карыз аз эле турбайбы деп конулунор которуло тушот.
19.03.2019. 23:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
26-05-2019 03:43
Жынысы:
Белгисиз
+6
33SUUN,Казакстандын 100 миллиард доллардан ашык карызы бар,ал сыр деле эмес баары эле билет,карызы болгону менен өнүгүп атпайбы алар,а бизчи артка кетип атабыз,бизге окшоп тентиген Казак аз,аларда ресурстар толтура карызынан кутулушат,а биз сазга батып атабыз
20.03.2019. 07:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
31-10-2013
Соӊку аракети:
30-11-2019 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
33SUUN,кыргызстандын сырткы карызы 4милиарддан ашат идп болсо 6,5милиард казактардыкы идп 200милиарддан ашат карызы 168милиард идп ларды салыштырып коргуло казактар канча алдыда экенин
19.03.2019. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
17-11-2019 08:05
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ото курч кыйын адам экен.
Биздин канякчыларды карачы.(((
20.03.2019. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
06-12-2019 02:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
Aza17,:)))
20.03.2019. 00:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+5
Бул киши накта Массонда, ошого кургап жаткан бир чөлдү (Астана шаарын) аз убакыттын ичинде дубай кылып койду, дубайдыда массондор көтөргөндөйчү. Биздин Бабановда массон, назарбаевдин командасында, ошого президентский шайлоодо "Кр ды 6 жылда өнүккөн он өлкөнүн катарына кошом" деп ишеничтүү айткан. Шайлоого агитация убагында назарбай менен деле жолугушуп аткан. Бул массондор дүйнөнү бузукулук система менен башкарышат.
JENTLEMAN түзөттү 2019-03-20 00:36:15
20.03.2019. 01:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
02-07-2015
Соӊку аракети:
06-12-2019 22:26
Жынысы:
Белгисиз
+4
JENTLEMAN, Назарбаев аксакалга сөз жок,.. Бабановго ишенген адамдар дале бар экенине таң калдым,,бир мисал мурунку шайлоодо 7% ипотекалык кредит берем деп сөз берген, сөзү ошол жерде эле калып кеткен , башкасын айтпаганда
20.03.2019. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
04-12-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanpiter,7% берилген жана азыркыга чейин берилип келет ишенбесен РСК банкка барып сура биз алганбыз жана азыркыга чейин алып келебиз 3-жылдык келишимдин негизинде берет
20.03.2019. 01:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
11-03-2019
Соӊку аракети:
28-11-2019 12:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
Капырай мыктай президент болчу андай адам келбейт эми Казакстанга баш болуп
20.03.2019. 04:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
05-12-2019 07:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Мужиксингой Абишевич
20.03.2019. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
03-11-2018
Соӊку аракети:
29-11-2019 01:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
эми кийинки президентин айта албай кичине кыйналат окшойм... кантсе да казак десе хочешь не хочешь Назарбаев оюма биринчи келчү эле да))
20.03.2019. 10:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
21-06-2017
Соӊку аракети:
11-07-2019 12:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылды,өзүделе ойлондуда каримовго окшоп биркүн тырк этип калалекте тапшырайындеп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134666;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: