реклама
super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Чек ара тууралуу тажик бийлиги таратып жаткан маалымат чын болсо Кыргыз өлкөсү 100 пайыз утулду"

 

Тажик бийлиги таратып жаткан маалымат чын болсо Кыргыз өлкөсү 100 пайыз утулду. Мындай пикирин экс-депутат Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап жашырып жаткан маалыматтарды тажик бийлиги ачык таратып жатат.

"Чек арадагы чыр боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын Тажикстан бийлиги толугу менен ачыктады. Тажик басылмалары кандай сүйлөшүүлөр болгонун, кандай чечимдер кабыл алынганын ачык-айрым жазып жатышат. Ал эми биздин коомчулукка андай маалыматтар жете элек. Коңшу мамлекет таратып жаткан маалыматтарга таянсак, кыргыз тарап үчүн пайдасы жок, тескерисинче зыян алып келе турган чечимдер кабыл алынган.

Мисалы, мен жеке өзүм Тажикстандын вице-премьер министринин маегин көрдүм. Ал "Биз Ак-Сай айылын айланып, Ворухка бара турган автожол салабыз. Жол 2019-жылдын аягына чейин бүтөт" деди. Жолдун статусу кандай? Жол салуу үчүн жерди кыргыз тарап убактылуу бердиби же биротоло өткөрүп бердиби? Өкмөт ушул суроолорго жооп бериши керек. Бул жерде жаап жашыра турган аскердик сыр эмес, бүтүндөй кыргыз элинин кызыкчылыгы чечилип жатат. Демек, баары коомчулук үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек ", - деди Ташиев.

13-мартта Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылды.

14-мартта Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына азыркы бийлик эч нерсе чече албай тургандыгын айтып, Баткенге жөнөп жаткандыгын жазган.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
19.03.2019. 17:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
11-08-2018
Соӊку аракети:
11-08-2019 16:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ех шордуу кыргызым жер сатылды койдун майындагы ашыга
19.03.2019. 17:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
16-01-2017
Соӊку аракети:
10-05-2020 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кимге ишенсе болот??? Андай жол берилген жок. Ак-Сайдын ичи менен отушот дештиго???
19.03.2019. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
22-05-2020 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аа биз оз жерибизде салып жаткан жол адамдар отуучу жол эмес мал айдап отуучу гана жол болот деген статус алышып макулдашыптыр..
19.03.2019. 17:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
22-05-2020 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тажиктердин СМИлеринле жазган
19.03.2019. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+22
Саткындарга олум!
19.03.2019. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1132
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
01-06-2020 11:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+12
Азыркы абалыбызда кыргыздын шоруна бүткөн касамкорлорду эч бир мамлекет теңине албайт!!! Соке сенин 1 шансың бар. Айбалаевди тийиштүү кызматка коюп чекара маселесин ошол киши аркылуу чечсеңер утук силердики. Анан азыркы дүмбүл чиновниктер менен чечем десең анда жаңылышасың!!!!
19.03.2019. 19:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
720
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-05-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соке кетсин!
19.03.2019. 21:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
14-01-2020 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анда уруш токтобоптур жон элеубактылуу каникул болгон турбайбы.
19.03.2019. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
16-01-2016
Соӊку аракети:
03-04-2020 14:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Моомбеков жанар акаев садыр жапаров сыяктуу элим жерим деген депутаттар келсе жакшы болот эле бийлике
19.03.2019. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
01-06-2020 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
Бул бийликтегилер ишти кыйратпай калдыго менимче, Неге маселени чечишпейт. Жең ичинен сүйлөшүп сатып жиберишпесин, ишенич жок буларга.
19.03.2019. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
06-09-2017
Соӊку аракети:
01-06-2020 23:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
###, дагы деле кыргызстандын пайдасына чечилбептирда
20.03.2019. 02:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
02-01-2018
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келесоолор ата бабанын арбагы урсун ушу арамдарды.....
20.03.2019. 05:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
447
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
01-06-2020 23:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой бул Ташиев кыйратып салам мен Баткенге баратам деп кетип атты эле го. Бийликтин колунан келбейт мен чечип келем деп. Кана результат. Кыйкырык кыйкырык менен калып эми жумурткадан кыр издемей башталды.. уялса боло кичине.
20.03.2019. 08:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
666
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
01-06-2020 14:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камчыбек мырза анан эмне согуш жарыялаш керек беле,барып келээрки шайлоого упай топтоп келейин дединиз эле болбой калдыбы?
20.03.2019. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
28-03-2020 11:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди келечекти ойлогулаа, ХХХХ акча берсе ХХХХ деле сатасынар бийликтегилер
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-20 14:13:03
20.03.2019. 14:25 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
915
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
30-05-2020 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Pamirlan, коомдук этиканы сактаңыз. Эскертүү!
20.03.2019. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
560
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
11-04-2020 12:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Жолдун курулушун ким тараптан приказ берилген ошол адам сурак берсин,кылмышка ошол адам күнөөлү тактап анан башташ керек эле. Ошол жердеги кыргыз жана тажик жарандарына түшүндүрүү ишин жүргүзүп анан башташ керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144851;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: