super.kg logo

ТЕСТ: Нарцисс гүлүн эмне үчүн мал жебейт? Гүлдөр тууралуу тесттен өтүңүз

 

Дүйнө жүзүндө гүлдүн 258 миң 600дөн ашык түрү бар экени жазылат. Алардын ар бири табияттын өзгөчө белегиндей. Гүл адамга көңүл буруу, сыйлоо, урматтоонун белгиси катары тартууланат. Ал эми жаратылышта кооздук, сулуулук, гармония, тынчтык, назиктикти тартуулаган көрүнүш. Ар бир гүлдүн өзүнчө өсүү өзгөчөлүгү, жыты, артыкчылыгы бар. Төмөндө гүлдөр тууралуу кызыктуу маалыматтар камтылган тест сиздин бул багыттагы маалыматыңызды сындан өткөрөт.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Ачылып турган гүл түнкүсүн жабылат. Бул аны эмнеден коргойт?

Гүлдөрдүн түнү жабылышы илимий тилде никтинастия деп аталат. Гүл түнкүсүн жабылып, өзүнүн репродуктивдүү органын сууктан, шүүдүрүмдүн муздактыгынан сактайт. Түнү гүлдөрдүн уруктануусун жөндөгөн аарылар уюгуна киргендиктен алардын уруктануусу күндүзү, күн ачылган учурда гана жүргүзүлөт.

Кийинки суроо


Түнкү курт-кумурскалардан коргонот
Гүл түнкүсүн жабылып, өзүнүн репродуктивдүү органын сууктан, шүүдүрүмдүн муздактыгынан сактайт
Караңгыда өңүнүн өзгөрүп кетишинен сактайт

Дүйнөдө сейрек кездешкен, өлкөнүн Баткен облусунда өскөн Айгүл гүлү эгилгенден канча жылдан кийин гүл ачат?

Айгүл эгилгенден 7-8 жылдан кийин гүлдөйт. Эң кызыгы гүлдүн чаңдашуусуна сур чымчык да катышат. Жаратылышта уругу аркылуу көбөйөт.

Кийинки суроо


Бир жылдан кийин
Эгилген жылы эле гүлдөйт
7-8 жылдан кийин гүлдөйт

Төмөндөгү гүлдөрдүн кайсынысын мал дээрлик жебейт?

Нарцисс гүлүнөн уулуу шире бөлүнүп чыккандыктан аны мал жебейт. Флористтер да букетке башка гүлдөргө кошуп көп сала беришпейт, анткени анын уусу жанындагы гүлдөрдү соолутуп коёт.

Кийинки суроо


Нарцисс
Орточо чымылдык
Күрөң чыраш

Өлкөдө байчечекейдин канча түрү өсөт?

Байчечекейдин дүйнө жүзү боюнча 80 түрү болсо, анын 2 түрү Кыргыз жергесинде өсөт. Алар Шафран Алатавский жана Шафран Королькова түрлөрү болуп саналат.

Кийинки суроо


55
11
2

Вазада эң көп убакытка соолубай турган гүлдү атаңыз...

Хризантема вазада көпкө чейин соолубай тургандыгы менен бааланат. Суусун бат-баттан алмаштырып турган шартта аталган гүл 30 күнгө чейин өзүнүн кооздугун жоготпойт.

Кийинки суроо


Роза
Лилия
Хризантема

Жоогазын эң тез өскөн өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Суткасына канча сантиметр өсөт?

Жакшы каралган жоогазын күнүнө 2 сантиметрден өсөт. Сортуна ылайык алардын бийиктиги 20 сантиметрден 60 сантиметрге чейин жетет.

Кийинки суроо


2 сантиметр
6 сантиметр
4 сантиметр

Гинекологиялык ооруларга даба катары колдонулган гүлдү табыңыз...

Ромашка. Анын илимий аталышы Matricaria - "жыныс үчүн чөп" деп аталат. Кийинчерээк аны медицинада гана эмес, косметологияда да кенен колдоно башташты.

Кийинки суроо


Ромашка
Калла
Гербер

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда немистерге кайсы гүлдүн тамырын кофенин ордуна кууруп беришкен?

Каакым. Каакымдын тамырын кууруганда кадимки кофенин даамын берет. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кофенин тартыштыгынан немистер жоокерлерине каакымдын тамырын кууруп кофе ордуна беришкен.

Кийинки суроо


Каакым
Калла
Гвоздика

Розанын 1 килограмм майын алуу үчүн бул гүлдүн канча көлөмдөгү желекчеси керектелет?

Роза гүлүнүн желекчелеринен алынган май дүйнөдөгү эң кымбат май болуп эсептелинет. Анын баасы алтындан жогору турат. Роза майы көп учурда парфюмериялык жана косметикалык каражаттарды даярдоодо пайдаланылат.

Кийинки суроо


20 килограммдан 50 килограммга чейин
3 тоннадан 5 тоннага чейин
100 килограммдан 1 тоннага чейин

Чыгыш өлкөлөрүндө, өзгөчө Түркияда "салеп" аттуу суусундук кенен жайылган. Ал кайсы гүлдөн даярдалат?

"Салеп" - орхидея гүлүнүн тамырларынан алынган порошок кошулуп даярдалган ысык суусундук. Ал Түркиянын салттуу суусундугу катары саналат.

Кийинки суроо


Мамыры гүлү
Орхидея
Жоогазын

Дүйнөдө орхидеянын канча түрү бар?

25 миң түрү бар. Орхидея дүйнөдө түрү эң көп гүл катары да белгилүү, бирок анын бир сорту башка сортуна окшошпойт, өзгөчөлөнүп турат.

Кийинки суроо


8 түрү
25 миң түрү
20 түрү

Роза гүлү учурда дүйнө эли кеңири колдонуп жүргөн баш кийимдин жаралышына себеп болгон. Ал кайсы баш кийим?

Шляпа. Францияда орто кылымда аялдар роза гүлүнөн куралган венокту башына кийип, күндөн коргонушкан. Кийин бул идеядан дизайнерлер шляпаны чыгарышкан.

Кийинки суроо


Шляпа
Кепка
Беретка

Лилия желекчеси аз гүл болуп саналат, анда канча желекче бар?

Лилияда 6 желекче бар. Гүлдүн ортосунан 6 аталык чыгып турат. Темгил жана тармал деген сортторунда гана желекчелер көбүрөөк.

Кийинки суроо


16
4
6

Төмөндөгү гүлдөрдүн ичинен кайсынысы суусуз өсүүгө чыдамдуу?

Алоэ. Бул гүл суу куюлбаган шартта 7 жылга чейин жашай алат. Ошол эле учурда ал өсөт.

Кийинки суроо


герань
жасмин
алоэ

Сирень көп жылдык гүлдөрдүн катарында. Ал канча жыл жашайт?

Сирень жакшы шартта 100 жылга чейин жашайт. Анын 30дай түрү кездешет. Ал бадал сындуу өсүп бийиктиги 3-7 метрге чейин жетет.

Кийинки суроо


20 жыл
100 жыл
12 жыл

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
20.03.2019. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
562
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:58
Жынысы:
Белгисиз
-5
67 балл
20.03.2019. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
24-05-2016
Соӊку аракети:
21-10-2019 22:14
Жынысы:
Белгисиз
-5
54
20.03.2019. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
633
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:10
Жынысы:
Белгисиз
-6
67
20.03.2019. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
633
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:10
Жынысы:
Белгисиз
-4
Нарцисс гулун уй жебейт экен анан гулдун суротун да кошуп койсонор болмок экен таанып калмакпыз.
Benazir08 түзөттү 2019-03-20 10:35:13
20.03.2019. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
-3
Benazir08, чырышка окшош, сасык өтө эле
20.03.2019. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
26-02-2015
Соӊку аракети:
23-10-2019 12:17
Жынысы:
Белгисиз
-3
Benazir08,онун айтасын атын биринчи угуп жаттай албай атса.. 47 бал ото начар
20.03.2019. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
12-09-2011
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:17
Жынысы:
Белгисиз
-5
74
20.03.2019. 11:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 08:18
Жынысы:
Белгисиз
-5
54
20.03.2019. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
12-04-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер шаары
-5
80 балл
20.03.2019. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-5
67
20.03.2019. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
17-02-2016
Соӊку аракети:
30-06-2019 15:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара Джыгач
-4
94 балл кыздар уят эле билбесенер
20.03.2019. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
28-12-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:33
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sema87,уйдо отуруп алып баатыр болбочу
20.03.2019. 19:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:57
Жынысы:
Белгисиз
-3
67
20.03.2019. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
01-06-2014
Соӊку аракети:
22-10-2019 12:55
Жынысы:
Белгисиз
-4
100
20.03.2019. 19:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1686
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:01
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир плюс алган адам барбы озу? Баары эле туура айтса айтпаса деле минус алыптыр го ))))
20.03.2019. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-02-2019
Соӊку аракети:
03-06-2019 10:59
Жынысы:
Белгисиз
-4
67
21.03.2019. 00:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
13-07-2019 12:10
Жынысы:
Белгисиз
-3
54
21.03.2019. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
67 балл минусту баскыла
21.03.2019. 11:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8459
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
kyrgyzstan_93, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.03.2019. 12:31 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
08-04-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
94 балл эн сонун.
26.03.2019. 22:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-12-2016
Соӊку аракети:
02-04-2019 12:32
Жынысы:
Белгисиз
0
80
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: