реклама
super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ошто турак үйдүн жанында унаа оңдоочу жай ачылып, жашоочуларга тынчтык жок" дейт окурман

 

"Ошто адамдар жашаган турак үйгө жакын жайгашкан унаа оңдоочу жайдан жумушчулар иштегенде тарсылдатып темир-тезек ургулап тынчтык беришпейт. Мындан улам мэрия эмне үчүн адамдар жашаган үйлөргө жакын жерде унаа оңдоочу жай ачууга уруксат берет деген ой жаралат". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, буларды айтат.

"Оштун Кирпичный районунун Мамыров көчөсүндөгү аялдаманын жанында унаа оңдоочу жай ачылган. Ал жерге күнүгө ар кандай оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар келет. Унаа оңдоочу жай аялдаманын жанында курулгандыктан кардарлар аялдаманын айланасына унааларын токтотуп салышып, маршруттук таксилер токтоп киши алууга мүмкүн эмес. Ал эми ошол жерде жашагандар үчүн күндүзү кечке тынчтык жок. Тарсылдатып темир-тезек ургулап, кесип, ширетүү иштерин жасашат. Жаш балдарды түштө уктата албай кыйналабыз. Таң атпай иштерин башташат, эс алууга да мүмкүн эмес. Мэриянын тиешелүү бөлүмдөрү текшерүүгө алса жана ушундай ызы-чуулуу жайлардын калк жашаган аймактарда курулуп, иштеп жатышына канчалык деңгээлде мыйзамдуулугу бар?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



Эл жашаган турак үйдүн жанында жайгашкан унаа оңдоочу жайдан ызы-чуу үндөр угулат

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
11.03.2019. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
02-04-2020 04:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
0
Көралбастык, ичи тардык десе болот
Бирө бир иш баштаса сөзсүз аны артка тартыш керек, айыбын чукуп чыгыш керек
Бизде ушундай да, эл айтат, эл не дейт деп көп иштерди кыла албай эле калып кетебиз
Бир жолу кошунабыз машина алып, элди чакырып бата алган, келген эл "кантип алыптыр, кредит алыптырбы,"ой бул нашаа менен иштейт экен" ж.б, таң калгам , не деген элбиз деп
11.03.2019. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
02-04-2020 06:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
din_tomas,корот элем эгер сенин уйундун жанында кундо ызуу чуу болуп турса сен деле чыдабайт болчусун.
11.03.2019. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
02-04-2020 03:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Устакана эрте менен сегизден кечки сегизге чейин иштесе керек,түшүнүү менен кабыл алсак туура эле болот го менимче.Шаардын чок ортосунда жайгашкан май куюуучу жай,ресторанга караганда түзүк эле.Ресторан түнкү он экиге чейин "өкүртүп" музыка койсо деле эч ким тыя албайт,себеби "чоңдордуку".
11.03.2019. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
01-04-2020 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйунун жанына десе ойлопмун эшигинин астына салып ызы чуу кылып аткан окшойт деп.Жолдун наркы бетинде экен го,берки бетте туруп алып камерага тартып жуктоп.Круглосуточно иштеп уктатпай жатса даттанса болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: