реклама
super.kg logo

Бишкекте төрөлгөн 4 эмге ысымдар ыйгарылды

 

Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада 25-февралда жарыкка келген 4 эмге ысымдары ыйгарылды. Маалыматты SUPER.KG'ге ымыркайлардын апасы Нурайым Рысмат кызы билдирди.

"Балдардын да, менин да абалым жакшы, туруктуу. Бардыгыбыз ушунча убакыттан бери төртөөнө ат коюуну ойлонуп келдик. Буга чейин эркек балага Сооронбай (ред. өлкө президенти Жээнбековдун урматына), кыздардын бирине Роза (ред. экс-президент Отунбаеванын урматына) деген ысымдар ыйгарылат экен деген жаңылыктарды жазып жиберишиптир. Анын себебин түшүндүрө кетейин. Мен жаңы көз жарып төрөтканада жатканда, 4 эм экенин билип сүйүнгөн апамдын (кайненем) маалымат алганы келген кабарчыларга Сооронбай жана Роза деген аттарды койсокпу деп жатабыз деген сөзү болгон экен. Андан кийин эле менин да, балдардын да абалы айына жетпей төрөлгөндүктөн бир аз коркутуп, туугандарды сарсанаа кылганыбызда ысым ойго келгидей деле акыбалда болушкан жок. Туугандар кеңешип, уулубузга Муслим, үч кызыбызга Акчолпон, Нурчолпон, Акбермет деген ысымдарды ыйгарууга токтолуп жатабыз", - деди Рысмат кызы.

Ымыркайлар жаш эненин биринчи төрөтү. Аларды кесарево жолу менен төрөп, бири эркек бала болсо, үчөө кыз. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм.

Үй-бүлө Талас облусунан болот. Учурда Бишкек шаарында эмгектенип, батирде ижара төлөп жашашат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(16)
08.03.2019. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
510
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
23-05-2020 14:36
Жынысы:
Белгисиз
+27
Өмүрлүү болушсун!
Негизи эгиздер назик болушат деп илгеркилер элден бир аз оолак кармашчу кичине чоңойгуча.Баланын туулганына эмес турганына сүйүн демекчи,көп жарыя кыла бербей эсен-аман чоңойтуп алгыла.
09.03.2019. 19:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikokul14, +++
08.03.2019. 18:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2019 02:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мынча соонун! Бобобоктор аман эсен чонойсундар)
08.03.2019. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
25-05-2020 12:28
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омурлуу болсундар
08.03.2019. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 16:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+9
Сонун ысымдар экен.Нукура кыргызча.Омурлуу болушсундар.
08.03.2019. 19:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
28-05-2014
Соӊку аракети:
25-06-2019 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+10
Не деп эле жазып атасынар.(болсундар, болушсундар)
Омурлору узун, ден-соолуктары чын,элиме жараган ыймандуу жигит-кыздардан болуп чонойушсун.
08.03.2019. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2756
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:48
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондой эле болсун. Бектер кетет эл калат.
08.03.2019. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 17:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо өкмөттөн эч ким кабар алышып эч ким жардам беришпедиби,мурунку төрөлгөн 4 эмге 2 бөлмөлүү үй берилген, батирде жүрүшсо үй беришсин, сурап билиниздерчи сураныч
08.03.2019. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-10-2018
Соӊку аракети:
02-05-2020 23:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,jakwy attar eken.Omurluu,yimanduu,den sooluktary chyn bolsun boboktordun.Super kg ar chykkan saiyn jaw jubailar batirde jawait dep jazyp chygaryp jatywat,Tuwunguloru.oilongulary kelbeit go bizdikiler.
11.03.2019. 15:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
25-05-2020 16:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
08.03.2019. 23:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
24-04-2018
Соӊку аракети:
05-10-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шаардан батир берсин жаш уй булоо экен.
09.03.2019. 04:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-06-2018
Соӊку аракети:
29-01-2020 12:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура ушундай ат жакшы!! Анан жаман адамча тигилерге кошомат кылып аттарын койгудай алар бир нерсени кыйратып жатыптырбы!! Роза, Сооронбай, Алмаз баары начар кыргызстанды онуктуро алган жок!!!! Тажаттынар силер сасык саясатынар менен!! Бобоктор аман болсун!
09.03.2019. 05:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 13:44
Жынысы:
Белгисиз
-1
Омурлуу болсундар ылайым! Бактылуу болуп чонойсун дар! Бизге да эгиз насип этсин!!!
09.03.2019. 05:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
677
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырас эле коюпсунар өмүрлору мн кошо торолгон болсун зонкоюшуп бири бирине обок жолок болуп чоноюшсун. Бактылуу болгула дагы да эгиздеп кобое бергиле.
09.03.2019. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
25-05-2020 11:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин соз тийбесин тфу тфу тфу ширинтайлар омурунор суудай тунук арчадай узуун болсун))!!!
09.03.2019. 22:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
08-08-2017
Соӊку аракети:
29-05-2019 19:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллаахым бизге да насип кылсын ушундай дени сак наристелерди. Ден соолуктары чын, омурлору узун болсун, ата энесине куйумдуу болушсун. Бизге да жуксун. Насип кылсын Аллаахым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144347;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: