реклама
super.kg logo

Беш-Күнгөй айылындагы каракчылыктан жабыр тарткан айдоочунун абалы жакшы, жубайы Улуттук госпиталга которулду

 

Беш-Күнгөй айылындагы каракчылыктан жабыр тарткан айдоочунун абалы жакшы, жубайы Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ооруканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, жабыркаган аялдын абалы оор.

"Айдоочу катуу сабалып, баш мээси чайкалган жана бир нече сөөгү сынган. Анын абалы азыр жакшырып калды. Облустук ооруканада дарылануусун улантат. Ал эми жубайынын башына ок тийген, абалы оор. Компьютердик томографияга түшүрүлгөндөн кийин аны Улуттук госпиталга которуу чечими кабыл алынды", - деди облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-мартта Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаага курал менен кол салышкан. Облустук милициянын маалыматына ылайык кол салгандар унаадан 310 миң доллар акчаны уурдап кетишкен. Окуядан 53 жаштагы С.Б. жана анын 57 жаштагы С.М. аттуу жубайы жабыр тартып, ооруканага жеткирилген.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
07.03.2019. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
447
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 17:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ужас. Машинада акча бар экенин билген эле адам кылган го... значит жакындарынан же жакшы тааныштарынын колунан жле келди.
07.03.2019. 17:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
510
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
23-05-2020 14:36
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эң кызыгы эркекти токмоктоп эле,аялын башка атканы таң калычтуу,деги эле күйөөсү бул ишке катыштыгы жок болсун да.Биринчи эркегин атып салышмак дегеним.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144347;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: