super.kg logo
«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Тандырга нан жаап интернет жылдызына айланган Зияда Халидова: “Видеонун тарап кеткенин көрүп уялдым”

 

Интернет айдыңында апасы жокто отургучка чыгып алып тандырга нан жапкан кыздын видеосу тараган. Аз убакыттын ичинде интернет жылдызына айланган Зияда Халидованы таап, байланыштык. Телефон чаларым менен “Ассалому алейкум” деген сөздү угуп, кичинекей бала окшойт дептирмин. Көрсө, Зияданын өзү экен.

- Кандайсың, Зияда? Кайсы жакта турасың? Канчанчы класста окуйсуң?
- Мен Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашайм. Үйдө 5 бир тууганбыз, 2 агам, 2 иним бар. Учурда 5- “в” класста окуйм, жакында 12 жашка чыгам.

- Жакшы экен. Интернетке тараган видеоңду көрдүңбү? Тандырга көптөн бери нан жаап жүрөсүңбү?
- Ооба, видеону көрүп аябай уялдым. Чынында, ошондо биринчи жолу тандырган нан жапкам. Нандарды жаңы жармаштырып баштаганда кошунабыз келип телефонуна тартып алган болчу. Интернетке ошол эже чыгарса керек. Ага чейин апамдын нан бышырганына кызыгып, байкап жүрчүмүн. Апам батага кеткенде жасап көрөйүнчү деп, халатын кийип алып нан жаптым. Батадан келгенде апам нанымды көрүп аябай таң калды, мактады.

- Анан нандарың көңүлүңдөгүдөй болдубу?
- Жакшы эле болду.12 даана болчу, анын экөө түшүп, бирөөсү бышпай калды. Нанды биринчи жапкандыктан бети менен түбүн алмаштырып, сейдана шыбаган бетин тандырга жабыштырып, тескери бышырып алыпмын. Ошондуктан баарынын сейданасы артында болуп калды.

- Нандан башка да тамак жасайсыңбы?
- Ооба, апам бир жакка кеткенде агам менен инилериме картошка кууруп берем, ширин күрүч, макарон, аш жасайм. Жакында пирог жасаганды үйрөндүм. Апам үйдө жок болуп калса бир туугандарыма пирог бышырып берем.

- Келечекте ким болгуң келет?
- Келечекте элиме кызмат кылгым келет.

- Кантип кызмат кылайын деп жатасың?
- Армияга баргым келет. 11-классты бүткөндөн кийин институтка тапшырып, аны аяктагандан кийин армияга барам. Анан да үйдөгүлөр “доктур бол” деп жатышат. Армияга баргандан кийин доктур болом го...

- Рахмат маегиңе, Зияда. Тилегиңе жет!



Тандырга нан жапкан секелек кыз

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(32)
Медиа-портал
06.03.2019. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 17:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
-28
Неге экита, учта, онта дешет?
Медиа-портал
06.03.2019. 15:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
26-05-2019 03:43
Жынысы:
Белгисиз
-11
Kanat.tls,диалект
06.03.2019. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
17-11-2019 11:24
Жынысы:
Белгисиз
-21
Өзбектер ошондой санайт да
06.03.2019. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 11:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргыз-Ата
-11
AykaMer, анан
06.03.2019. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
537
Катталган:
17-10-2015
Соӊку аракети:
16-10-2019 19:31
Жынысы:
Белгисиз
-4
akskg,конколорчу, кандай санайт?
06.03.2019. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
17-11-2019 11:24
Жынысы:
Белгисиз
-7
akskg, анан не анан?
06.03.2019. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
08-08-2017
Соӊку аракети:
29-05-2019 19:38
Жынысы:
Белгисиз
+37
Азаматсын! кичинекей кезинде тандырга нан коюштун озу чоон эрдик. бул убакты башынан откорбогон кыздар билбейт. Ал эмес келин болгондо деле аран жабышат. Корунуп турат бир туугандарына камкор,чыйрак кыз экен.Келечегин кен болсун. Апан коруп алып аябай суйунгондур
06.03.2019. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
543
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+17
Каласа 20 та дейт жигирма эч кимга билдирма
Медиа-портал
06.03.2019. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
02-10-2019 10:36
Жынысы:
Белгисиз
-12
Молодец президент мактоо баракчасын таптырыш керек
Медиа-портал
06.03.2019. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
25-06-2019 23:58
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азамат!
06.03.2019. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
26-07-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жакшы максатына жет бактылуу кыздардан бол +10
06.03.2019. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
28-07-2015
Соӊку аракети:
12-10-2019 01:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
100грамдагы гламурная чикаларга караганда, ушундай мээнеткеч кыздардын суроттору кубантат.
06.03.2019. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
28-01-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
белгисиз
+21
келин кылып алсам бейм. Аябай тын экен. Омурлуу бол.
06.03.2019. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
17-11-2019 22:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош&Жалал-Абад
+22
Азыр отуз адырдан отуп баратабыз,коруп кетсемби?)) Тын кыз корунот. Молочина.
06.03.2019. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 09:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+14
Эн сонун жооп,эн мыкты кыз....мен антип жасамак турсун коргон эмесмин жасаганды чынында...кызыктым коруп алып......баарыбызга сабак..,анча мынча балдарга да сабак.Армияга барам дегени.Балдардын армия боюн ча ойлонуп суйлогонун уккан эмесмин(мектеп жашындагы).Бул кыздын армияга барам дегенине,элиме кызмат кылам дегени да чон,таамай айтылган максат.Каалаган максатына жетишине тилектешмин!!!)))
06.03.2019. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:47
Жынысы:
Белгисиз
+18
Иий ананайын.. армияга барам деп.. анан армиядан кийин доктор болом деп. Кудайым ойлогон ой максат, тилектерине жеткирсин... денсоолугун чын болуп, бактылуу кыз бол)))))
06.03.2019. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
10-08-2015
Соӊку аракети:
18-11-2019 03:13
Жынысы:
Белгисиз
+17
Молодец, кийин чонойгон кыйын тын кыз болот!!! Аман эсен чоное бер!!!
06.03.2019. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 02:17
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сулуу кыз экен
06.03.2019. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
347
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:22
Жынысы:
Белгисиз
+15
Омурлуу бол садага
06.03.2019. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+13
Соонун мээнеткеч кыз экен. Мен да 7-классыман жапкам нан тандырга колдоруму күйгүзүп.
06.03.2019. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:29
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чонойсо аябай сулуу кыз болот да.
06.03.2019. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
18-11-2019 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бактын ачылсын Укам, келечегин кен болсун, тилегине жет, уялба сен мыктысын! Конфдогу акылдууларга бактылуулук каалайм, ошол нерсе жетиштуу болсо калганы онолот (акылы, ыйманы, ыманы, билим и, илими).
Медиа-портал
06.03.2019. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-06-2015
Соӊку аракети:
14-10-2019 10:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
Опей мен да 5 класста нан жаап кир жууп журчу элем себеби уйдун эн улуусу элем
06.03.2019. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 09:51
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сандарды айтканы эле озбек тилинде болбосо калганы кыргызча эле болуп турбайбы, силерди озбектер менен суйлоштуруп коюш керек экен ошондо ким кыргыз ким озубек билесинер, ошол кыз жашап чоноюп жаткан жердеги элдер кандай суйлосо ал да ошондой суйлоп чоноёт да, мунун баарын диалекти дейт , билип туруп билгинер келбейтго чиркин, жээрийсинер жон эле, озунчо эле улутчул болгондор.
06.03.2019. 22:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
26-10-2018
Соӊку аракети:
13-03-2019 10:11
Жынысы:
Белгисиз
+16
Диалект деген тушунукторго акыл-парасаты жетпегендерге балли!Кандай суйлосо да анча-мынча ообу жоктордон мин эсе ойдо, журогу таза наристе экен. Коз тийбесин, аман болсун.
06.03.2019. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 01:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+14
Кыргыздын кыздарды үлгү алгыла!
Жаш болсода тиричиликке тың кыз экен, бактылуу кыздардан болуп, колу дарт көрбөсүн.
07.03.2019. 01:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
392
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
17-11-2019 20:20
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коздору жайнаган сулуу кыз экен. Бактылуу, омурлуу бол!
07.03.2019. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 10:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурун берсин бактылуу кыздардан бол,азамат.
07.03.2019. 11:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
15-11-2019 17:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы сулуулугу бар кыз экен.Азаматсын.
07.03.2019. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
10-11-2013
Соӊку аракети:
16-11-2019 22:53
Жынысы:
Белгисиз
0
жылдыздуу кулуп жайнаган кызкен кулуп журобюер ар дайым
08.03.2019. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
323
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
16-09-2019 18:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол, тилегиңе жет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: