super.kg logo
«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Айнура Темирбекова: "Сауд Арабияга бара тургандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бир адамдын жүрүм-туруму менен баарын жаманатты кылуу туура эмес"

 

4-мартта Бегимай Жаныбекова аттуу интернет колдонуучунун Кыргыздын маданиятын тааныштыруу үчүн Сауд Арабияга кеткен маданият өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму тууралуу жаман деп жазган билдирүүсү коомчулуктун талкуусун жараткан эле. Жаныбекова өзүнүн билдирүүсүндө алар тамактанууда өздөрүн маданиятсыз алып жүрүү менен арабдарды таң калтырууда деген.

Кыргыздан миңден ашык маданият өкүлдөрү Сауд Арабияда өтө турган "Көчмөндөр ааламы" эл аралык фестивалына катышат. Жогорудагы билдирүүдөн кийин "ал жакка бара тургандарга алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү керек болчу" деген пикирлер айтылып, уюштуруучулардын дарегине да сындар айтылды.

Бул боюнча Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын долбоорлор жетекчиси Айнура Темирбекова SUPER.KG'ге маалымат берип, көпчүлүктүн арасынан туура эмес жүрүм-турум жасаган 1-2 адам чыгып калса бардык катышуучуларды жаманатты кылуу туура эмес экенин айтты.

"Фестивалга бара турган адамдарды топторго бөлүп, уюштуруу комитети бардык эрежени түшүндүргөн. Ал жакка такыр эле маданиятсыз адамдар кетти дегенден алыс бололу, буга чейин чет жактарга чыгып эле жүргөн маданият өкүлдөрү кетишти.

Декабрь айында биздин фестивалга катыша тургандыгыбыз белгилүү болду. Чыгармачыл топторду, спортчуларды 30га бөлүп, ар бир топ менен иштештик. Ар бир топко жетекчилер дайындалган. SIM-картаны кантип, кайдан алуу керек дегенден тартып Кыргыздын жүзү катары кантип жүрүү керектиги түшүндүрүлгөн. Ошол жакта жүргөн биздин өкүлдөрдүн аракеттери, иштери тууралуу көбүрөөк чагылдырып, аларды колдоого чакырат элем", - деди Темирбекова.

Ошондой эле ал кыргыз жигиттери кумдан курган шаарча көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жатканын кошумчалап, ал жактан жөнөтүлгөн сүрөттөр менен бөлүштү.

"Кечээ чыгармачыл топту жетектегендердин бири Алтынбек Максүтов бир канча жолу чогулуш өткөнүн кабарлады. Ал чыгармачылык жаатта жогорку деңгээлдеги эмгектерди көрсөтүү үчүн даярдыктарды көрүп жатабыз деди", - деп кошумчалады Темирбекова.

Маалым болгондой, буга чейин 6 учак менен маданият, спорт өкүлдөрү учуп кетишкен. Дагы 3 учак менен кийинки этаптагы маданият өкүлдөрү Сауд Арабияга жеткирилет. Мындан тышкары реквизиттер, жаныбарлар да жөнөтүлгөн.

"Көчмөндөр ааламы" фестивалына 90дон ашык өлкө катышат. Ал 9-мартта башталып, 19-мартка чейин улантылат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
05.03.2019. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 21:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы барсам болобу....
05.03.2019. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
512
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 21:12
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бироо учун баары дегендей Бир адамдын айынан
05.03.2019. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-05-2018
Соӊку аракети:
12-07-2019 03:44
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол 1,2 ХХХХХХХ артынан бутун Кыргыз уят болуп жатпайбы?! Силер тандоо кылбаганынар билинип эле турат, эптеп калпакты кийип ары-бери басасынар, деп кто попало алып кеткенсинер!
Модератор admin_media түзөттү 2019-03-05 21:27:07
05.03.2019. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-06-2013
Соӊку аракети:
21-07-2019 14:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+5
"Кечээ чыгармачыл топту
жетектегендердин бири Алтынбек Максүтов бир канча жолу чогулуш өткөнүн кабарлады.
Эмиби???
05.03.2019. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
13-11-2019 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир кумалак бир карын майды чиритет да. Бир адам маданиятсыздык кылып жатса,жанындагылар карап турбай "кысчу жериңди кыс" деп тыйып койбойбу анда....
05.03.2019. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
13-11-2019 22:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жун баштар
500-1000 адам барып алдынар,баардык чыгымды арабтар которсо.сандан сапатка отсонор болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: