реклама
super.kg logo
реклама

"Үйлөнгөн оңой экен" деген ырчы Данияр Эрматов чоң сахнадан кимдин "колун сурады?". Алтын медаль менен сыйланган ырчынын концертинен репортаж

 

"Бишкекте чоң концерт өткөргөнчө үйлөнүп алган оңой" дейт Данияр Эрматов. Ал бул сөздү борбордогу жеке концертинде айтты. Ырчы Данияр Эрматов концертинде жаңы чыгармаларын, жаңы клибинин бет ачарын жасады.

Концерттин өткөн жери: Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу

Концерттин аталышы: Шоу концерт

Алып баруучусу: Шоумен Санжар Мыкыев

Келген коноктор: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Алтынай Нарбаева, Самара Каримова, ырчылар Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев, Аваз Акимов менен Айдана Дека жана Малика Дина.

Өзгөчө номерлер: Самара Каримова менен аткарылган "Тунук сүйүү", "Апамдын болчу келини"

Ыр, бий менен коштолгон концертке Жогорку Кеңештин депутаттары келишти. Алар ырчыга Ыраазычылык кат тапшырып, чыгармачылык бийиктиктерди каалашты. Мындан тышкары ырчы мырзага "Даанышман аялдар" эл аралык фонду "Жылдын мыкты инсаны" алтын медалын тапшырды. Сыйлыктарды дүңүнөн алган ырчыны куттуктап келгендердин арасында бал шириндер Аваз Акимов менен Айдана Дека болду.

Аваз Акимов: "Даниярдын жан дүйнөсү таза. Дайыма ушул калыбыңдан жазба досум. Айдана менен кыз-жигит болгону орусчаны жакшы өздөштүрүп калдым" деп тамашалуу сөзүн айтты. Алып баруучу "шоу бизнесте "легендарлуу пятерка" бар, ал бүгүнкү концерттин ээси жана анын достору" деп сахнага Алмаз Шаадаевди чакырды.

Концерттин өзгөчөлүктөрүнүн бири Алтынай Нарбаеванын номерин болду. Ырчы Данияр Эрматовдун апасына чыгармачыл уулду тарбиялап чоңойткону үчүн рахмат айтып, гүлүн уулу аркылуу тапшырды. Андан кийин тамашалуу ырлар жаңырып, Айжамал Кабылова жана Гүлнара Калдарова менен биргеликте "Үйлөн иним" чыгармасы жаңырды.

Андан соң сахнага "Тамашоунун" бир нече жолку чемпиону болгон "Универсал" командасынын жигиттери чыгып, келгендерди кыраан каткырыкка бөлөдү. Ырчы күлкү жаратуучулардын бири Сапияга (ред.: Садык Нышанбай уулу) "турмушка чыгууну" сунуштады.

Кезек гитаранын коштоосундагы жандуу ырларга жетти. Ырчы 4-5 чыгармасын аткарып, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду. Чыгармачылык кеченин соңунда ырчы апасын сахнага алып чыгып ыраазычылык айтып, гүлүн сунду. Апасынын урматына "Апакем" чыгармасын жандуу аткарды.

Кошумчалай кетсек, Данияр Эрматов өзүнүн чыгармачылыгын гана алып кетпестен ырчылыкка кадам таштагысы келген күйөрманын сахнага алып чыкты.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(14)
02.03.2019. 00:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
342
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
12-06-2020 12:19
Жынысы:
Белгисиз
+24
Айдана Дека Нурлан насиптин кастюм шымын кийип алганго)))
02.03.2019. 02:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
334
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
17-10-2020 16:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aruwka.89,жардынго ушул жерде
02.03.2019. 00:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
504
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айдананын костюму отстой!Легендарлуу 5 дегени кулкулуу го.
02.03.2019. 03:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2019 02:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапиянын колун эми сурап жатса? Боюнда качан болгон???
02.03.2019. 03:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
21-10-2020 01:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
Данияр Эрматовго ийгилик.Дагы көөп ырларды ырдап анан үйлөн..
02.03.2019. 08:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нуке брат келебербейт го анан булардын концертине
02.03.2019. 09:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
17-01-2020 13:38
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бу Самаранар калбайт экенда эч жерден куйушканга кыпчылып,жакса да жакпаса да болсо да болбосо да жанталашып чыга берет экенда.
02.03.2019. 10:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
19-02-2019
Соӊку аракети:
08-09-2019 04:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
Данияр чыгармачылык ийгилик .Бактылуу бол иним биз сени менен сыймыктанабыз .ырларын соонун.
02.03.2019. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
20-10-2020 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+1
Ийгилик!Ишенип ким болуптур деп кире калыпмын))
02.03.2019. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
271
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
20-10-2020 23:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+9
Аваз менен Айдана не бал Ширин болуп кетиштиби
02.03.2019. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
302
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-10-2020 09:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кашы жагат да ушул баланын. Ишини ийгилик коштоп журсун. Жаман коздон ,жаман создон алыс болуп эл алдында жаркылдап журо бер,иним.Бактылуу бол!
02.03.2019. 13:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
02-07-2019 00:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күйөрманы барып барып ага-карындаш,суйгон кызы и уйлончу кызы болуп чыгатда акыр аягы
02.03.2019. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
13-10-2020 12:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында Данияр өтө жөнөкөй инсан ийгилик чыгармачылыгыңа.
02.03.2019. 15:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун
Данияр эрматов ж.а самара каримова дует тунук суйуу ырыныздар эн сонун. Жогорку денгээлде ырдалып чыгыптыр. Ийгилик каалайм. Дагы дагы жаны чыгармаларды кутобуз.
Албетте концерт коюу оной эмес. Андан коро той откорсо жарым акчасы кетсе керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153421;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: