Дүйнөдө ак ниет адамдар көп. Москвада такси айдаган Кыргыз жигити жүргүнчү унутуп кеткен 1 миллион рубль акчаны кайтарып берди



Адамда ач көздүк сапат жок болсо ар бир жасаган ишинен ак ниеттүүлүктү көрүүгө болот. Бул сөздөр 27 жаштагы кыргыз жигитинин жөнөкөй адамдык мамилесиндеги эрдигин сүрөттөй алат.
Нурсултан Кайназаров Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында туулган. Учурда Москва шаарында жүргүнчү ташып такси кызматында иштейт. Ал унаасында жүргүнчү унутуп кеткен 1 миллион рубль акчаны ээсине кайтарып берди.
Акча каражатынын ээси, дагестандык аял Нурсултан Кайназаровдун апасына кайрылуу жөнөтүп, төмөнкүлөрдү айткан.
"Эже, ушундай уулду багып чоңойтконуңузга, туура тарбия бергениңизге рахмат. Биз унаасына 1 миллион рубль акчаны, паспортту унутуп кеткен экенбиз. Уулуңуз баарын толугу менен кайтарып берди. Эми кайра бизди аэропортко алып бара жатат. Биз Махачкаладан болобуз. Келип конок болуп кетиңиздер", - деген.
- Нурсултан, окуя тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
- 20-февралга караган түнү "Домодедово" аэропортунда турсам дагестандык жигит келип отурду. Бара турган даректи айтып, ошол жерге жеткирүүмдү суранды. Жеткирдим. Ал унаама 1 миллион рубль акчасын унутуп койгон экен. Акча отургучтун асты жагына түшүп калыптыр. Мен аны арадан 12 саат өткөндө көрүп калдым. Чоң суммадагы акча көрүнгөн. 1 миллион рубль экенин кийин билдим.
- Акчанын ээлери апаңызга видео кайрылуу жөнөтүшкөн экен.
- Ооба. Алар Дагестандан кредитке акча алып келе жатышкан экен. Кайра колго алышканда аябай ыраазы болуп кайрылуу жөнөтүштү. Апам Бишкек шаарында турат. Келинчегим ооруканада болчу. Апам угуп алып сыймыктанып калды.
- Такси кызматында иштегениңизге канча болду?
- Негизи Москвага 2012-жылдан бери келип-кетип иштеп жүрөм. Такси айдап иштегениме бир ай болгон. Үй-бүлөлүүмүн. Кыздарым бар.
-Маегиңизге рахмат!


Азаматсын!Ата-энесине рахмат жакшы тарбия берген экен,жана динчил жигит экени корунуп турат,мен озум ото динчил эмесмин,бирок билем,Кудайга ишенген,корккон адам эч качан жамандыкка барбайт...