super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу орусиялык клубга өтүшү мүмкүн

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу Кайрат Жыргалбек уулу орусиялык клубга өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кайрат Жыргалбек уулу Түркиянын Анталия шаарына барып "СКА-Хабаровск" футболдук клубунун окуу-машыгуу жыйындарына кошулду. Ал жактан Жыргалбек уулу аталган клубдун кароосунда 7-20-февраль аралыгында болот.

Окуу-машыгуу жыйындарынын аягында Кайрат Жыргалбек уулу "СКА-Хабаровск" футболдук клубуна өтүшү мүмкүн.

Буга чейин белгилүү болгондой, "Дордой" жана Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев малайзиялык ПКНС клубуна өтсө, Азиз Сыдыков ирандык "Санат Нафт Абадан" клубуна өткөн. Ал эми Эрнист Батырканов учурда словакиялык "Спартак Трнава" футболдук клубунда кароодо жүрөт. Ошондой эле Ахлидин Исраилов өзбекстандык "Андижан" клубуна өттү.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.02.2019. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
27-01-2020 12:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыңар!
06.02.2019. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
06-06-2016
Соӊку аракети:
28-01-2020 11:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар ак шумкарларым менин. Ойногула чёт жерлерде тажрыйба топтойсунар бул болсо келечекте кыргыз футболу учун абдан керек нерсе.
06.02.2019. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
28-01-2018
Соӊку аракети:
14-09-2019 15:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик. Футбол бизде жылыш бар. Тажрыйба топтой бергиле
06.02.2019. 23:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
28-01-2020 12:05
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дуйнолук чемпионатта ойноо насип кылсын
07.02.2019. 10:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
04-04-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136651;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: