super.kg logo

Денесинин жарымы кыймылдабай, сүйлөөдөн, тамак ичүүдөн калган 14 жашар Адилет мурду менен түтүк аркылуу азыктанып калды

 

14 жаштагы Адилет Асанбаев катуу ооруп калганга чейин.Адилет Асанбаев 14 жашта. Ал 2 айга жетпеген убакыттын ичинде ойго келбеген оору менен жабыркап, чуркап ойноп, окуп жүрүп эле төшөккө жатып калган. Жалгыз бой апасы көзгө көрүнүп калган өспүрүмдүн алеки саатта ушундай абалга түшүп калганына нес. Учурда Адилет оорусунан улам ооруканадан башы чыкпай, тулку боюнун жарымы кыймылдабай, мурду менен түтүк аркылуу тамактанып калган учуру. Эмне болуп мындай абалга келип калды? Апасы Зарина Исабековадан уктук.

"2018-жылдын декабрь айынын башында уулум сасык тумоо менен ооруп калды. Үйдөн эле дарылап, "антигриппин" берип жаткырып жаткам. Бирок алсырап, түнү менен тердеп, абалы жакшы болбой койду. Өзүбүз Балыкчыда турабыз. Шаардык ооруканага алып барып анализ тапшырттым. Дарыгер анын жыйынтыгына карап, гемоглобиндин көрсөткүчү 73кө түшүп кеткенин айтып, тез гемотологияга жөнөттү. Ошентип Бишкекке келдик. Кан тапшыруунун жыйынтыгы менен, тилекке каршы, онкологиялык маселенин бар экенин айтышты. Онкологиялык борбордон уулума "лейкоз" деп диагноз коюшту. Антибиотиктерди сайышты, андан кийин эле химиотерапия башталды.

Химиялык дарылануудан кийин Адилеттин мурдунан кан кетип, токтобой баштаганда жандандыруу бөлүмүнө которушту. Ал жактан дагы анализ тапшырдык. Кечинде анализдери жакшы эле экен деп жөнөкөй палатага которгондон кийин эле, балам башкача боло баштады. Бир жак капталы иштебей, чулдурап сүйлөп калды. Дарыгерге айтсам, химиотерапия алгандан кийин ушундай болуп калат деп койду. Адилет химиялык дарылануудан өтүп жатып ушундай абалда.

Эртеси санаам тынбай башкы дарыгерге кирдим. Ал баламдын абалын көрүп эле ооруканадагы керектүү адистердин баарын чакыра баштады. Бардык текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин башын рентгенге тарттырып келгиле деп жиберди. Жыйынтыгында башына суу толуп кеткени белгилүү болду.

Балама операция жасалмакчы болуп, Жалдагы ооруканага которулдук. Бактыга жараша, ал ийгиликтүү өттү. Ооруканадан чыгар күн келгенде кайрадан текшерүүдөн өткөрүштү. Рентгенге тарттырсак, башынын сол жагында дагы бир нерсе пайда болуптур деп онкологияга кайра жөнөтүштү. Эми химиялык дарылануулардан өтүп жаткан учурубуз. Жүлүндөн кан алып, Индияга анализге жиберсек, кандагы дартты аныктай албай жатабыз дешип, Америкага жөнөтүшүптүр. Жооп күтүп жатабыз. Учурда баламдын денесинин дээрлик жарымы иштебейт. Тамакты чайнап жута албайт, сүйлөй албай да калган. Мурдунан ашказанга кирген түтүк аркылуу эптеп тамактанат.

Азырынча уулумду чет өлкөдөн дарылатууга канча каражат кетерин айтыша элек. Бирок Индияга анализ тапшыруу үчүн 350 доллар кетти. Америкага кеткен анализ үчүн канча сурары белгисиз. Өзүм жалгыз боймун, жолдошум мындан 7 жыл мурун оорудан улам каза болгон. Ошол себептен элден жардам суроого аргасызмын", - дейт жалгыз бой эне.

Зарина Исабекова 37 жашта, анын ата-энеси да каза болуп калган. Адилеттен кичүү дагы бир 3-класста окуган уулу бар. Аны карап бериңиз деп улгайган кайненесине таштап, өзү улуу баласын ооруканадан ооруканага жетелеп жүргөн учуру. Исабекова аргасыздан элге кайрылып жатканын айтып, уулун дарттан сактап кала турган кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Зарина Исабекованын "Элсом" капчыгынын номери: 0774 16 56 73.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
31.01.2019. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
20-03-2017
Соӊку аракети:
05-11-2019 23:15
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ Кудайым жаш балдар оорубасынчы:(
31.01.2019. 17:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-08-2018
Соӊку аракети:
16-06-2019 00:34
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде медицина онукпой калган, заманбап ооруканаларды куруу керек, мыкты адистерди чыкырып.
01.02.2019. 09:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
25-01-2020 14:11
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bluetooth, Буйруса аз калды дагы 5 жыл чыдап койсок курулат.
01.02.2019. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-09-2018
Соӊку аракети:
12-07-2019 23:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.KG
0
Алла Шывасын берсин,
01.02.2019. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
11-11-2008
Соӊку аракети:
06-08-2019 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мен жазган комментарий жок эмнегедир
01.02.2019. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
11-11-2008
Соӊку аракети:
06-08-2019 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Адилеттин апасы маекти толук башынан айтып бербегендей жээ болбосо Супер инфо толук жазбагандай эле туюлду мага, Адилет жадырап жайнап келген эле онкология келгенде эми минтип бир айга жетпеген маалдын ичинде басмак тугул суйлой албай калды ушунун баары Багынур деген дарыгер соройдун айынан болуп жатат.
01.02.2019. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
312
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
12-01-2020 09:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах шыпаасын берсин, журогум ооруп чыкты.Колубуздан келишинче жардам берели .коп тукурсо кол болот, садака ар кандай кырсыктардан сактайт .Ишинер журушот жаш баланын тагдырына кайдыгер карабайлыр Урматтуу кыргыз элим.Акчасы чонтогуно батпай аткан бизнесмендер ,саякаттап элге мактанган ырчылар озунор эле чыгып койсонор ушундай жерде.Баардыгыбыздын бараар жерибиз бир унутпагыла
01.02.2019. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 11:04
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жараткан Тенирибиз ар кайсы оорудан сактасын. Тенирим эч кимге оору бербесин.
01.02.2019. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
22-04-2016
Соӊку аракети:
22-01-2020 10:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсомго кантип акча салат россиядан?
08.02.2019. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
11-11-2008
Соӊку аракети:
06-08-2019 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
muslima89,Зарина Исабекованын наамына салып койсонуз деле алып алат болуш керек, ватсап номери 0705 820 121 суйлошсонуз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: