реклама
super.kg logo

Орусияда жакындары изделип жаткан кыргыз аялдын апасы байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Орусияда жакындары изделип жаткан Гүлнура Абдылдаева аттуу кыргыз аялдын апасы табылды. Аты-жөнү Айна Сактарова.

Ал 24-январь күнү кечинде SUPER.KG'ге Орусиянын Москва шаарынан байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын билдиришинче, кызы Гүлнура Абдылдаева турмушка чыгып, 2007-жылы кыздуу болгон. 2009-жылы Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде унаа сүзүп кетип, башына операция жасалган.

"Гүлнура Абдылдаева менин кызым. Ал 15 жыл мурун Орусияга келген. Ал учурда мен Кыргыз өлкөсүндө жашап, Бишкектеги ооруканалардын биринде иштечүмүн. Бул жакта жолдошу менен жашап жүрүп, 2007-жылы кыздуу болушкан. Бирок 2009-жылы Москва шаарынан унаа сүзүп кетип, катуу жабыркаган. Ошондуктан мен кызыма жардам берүү үчүн Москвага келгем. Алган жаракатынан улам кызымдын башына операция жасалган. Жол кырсыгынын кесепетинен анын эс-тутуму начар болуп калган. Кырсыкка кабылгандан көп өтпөй эле жолдошу кызымдын эң жакын курбусуна үйлөнүп, неберемди өзү менен кошо алып кетип калды. Азыр неберем Кыргыз өлкөсүндө чоң-ата, чоң-энесинин колунда. Жолуга албай жүрөм.

Ал эми мен кызымды таштап кетип же үйдөн кууп жиберген эмесмин. Өзүм улгайган кишини карап, тапкан каражатым менен кызымды багып келгем. 3 жыл мурун үйдөн чыгып кетип ошол бойдон кайтып келген жок. Издеп таба албай аябай санааркап жүрдүм. Жакын арада Орусиянын "Жди меня" телеберүүсүнө кайрылып, кызымды табууга жардам берүүлөрүн суранайын деп жүргөм. Бишкекте жашаган уулум кечээ кызымдын жакындары изделип жатканын окуп калып мага кабарлады. Бүгүн кызымдын сүрөтүн интернетке жарыялаган Кубан Абылкасымов менен байланышып толук маалымат алдым. Жакынкы арада кызыма барам. Кудай буюрса, жазында Кыргыз өлкөсүнө алып кетебиз", - деди Сактарова.

Сактарова кызынын жол кырсыгына кабылганы боюнча сотко кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын кошумчалады.

23-январда Кубан Абылкасымов аттуу Кыргыз жараны 37 жаштагы кыргыз аялдын сүрөтүн интернетке жарыялап, жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Абылкасымовдун айтымында, сүрөттөгү аял Орусиянын жараны. Паспортунда аты-жөнү Абдылдаева Гүлнура Сүйөркуловна деп жазылган. Бир күн убакыт өтпөй Абылкасымовдун дарегине Абдылдаевага байланыштуу аны таанып-билгендер тарабынан маалыматтар келип баштаган.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
25.01.2019. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
25-03-2020 10:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+28
куйоо сорой акмак ,сен да кошумча стресс берипсин да баласын колунан жулуп курбусуна уйлонуп.Стресс ,депрессия соо адамды да оорукчан кылат
25.01.2019. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
08-04-2020 00:09
Жынысы:
Белгисиз
-9
3 жыл мурун жоглуп кетсе, ошондон бери эшек такалап журдубу? Мына тапкысы келген киши 1 жумага жетпей таап койду. 3 жыл мурун деле соц.тармактар кудайга шугур эле иштечу эле го.. ошондо желе издесе таба алмак да. Просто кызынын жоголуп кеткени "выгодно" болду болуш керек. 3 жылда баласын жоготкон апа не то что Интернет и жерди томкоруп иймек аябай тапкысы келсе.
Pchelka85 түзөттү 2019-01-25 10:29:32
25.01.2019. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
Pchelka85,отуруп алып оюңарга келгенди айта бербегилечи соц тармактар өнүккөн заманда деле канча адамдар издегенин ьаба албай эле жүрүшөт таба кылбай тообо кыл
25.01.2019. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
08-04-2020 00:09
Жынысы:
Белгисиз
-4
BTFB93, мен табалаган жокмун. Просто факт остается фактом. Кыздын туугандарын издеген адам 10 кунго жетпей таап койду го....
25.01.2019. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Pchelka85,улгайган адамга интернет менен колдонуу силерге ормок оруп,шырдак шырыгандай татаал нерсе да.
25.01.2019. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
08-04-2020 00:09
Жынысы:
Белгисиз
-7
Nur777, алтыным. Улгайган адам интернетти билбесе жаштардан суранса болбойбу???
25.01.2019. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
930
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
12-11-2019 10:17
Жынысы:
Белгисиз
-2
Pchelka85,туура айтасыз.Мерээз энелер кобойду тилекке каршы.
25.01.2019. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
07-04-2020 20:13
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз элим кор болду. Азапты тарткан билет дегендей мигранттын жашоосун мигрант болгон адам билет.
25.01.2019. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
770
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 22:22
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шоруң каткыр бир байкуш экен го, энесин да убайга салып. Эгерде күйөөсүн машина сүзүп, башынан оорукчан болуп калганында, ушул аялы бакмак. Карасаң, уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок дегендей болуп

25.01.2019. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
07-04-2020 21:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+9
Aikaaaa,эн туура. Эркек киши эч нерсеси иштебей калса да аял ошону омур бою багат. Бети жок эркектер шарт эле башкасын таба коюшат.
25.01.2019. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 18:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасы деле 3 жылдан бери издеп журо берипби интернет онуккон заман 10 кундо туугандары табылды го
25.01.2019. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
08-04-2020 00:09
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jasa,мен да ошону айтып жатам да. Оално апасы интернет колдонгонду билбесе.. балам бар деп атат го ошол баласын суранбайбы...
25.01.2019. 17:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
14-02-2020 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир жакшынакай экен Аллахым бир дарт берсе шыпаасын кошо берет дейт шыпаасын берип Эч нерсе болбогондой болуп айыгып кетсин оомин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: