реклама
super.kg logo

Шоумен Бакыт Байсариев социалдык тармактагы баракчалардын биринде айымдар менен айтышып, сынга кабылды

 
Шоумен балдары менен

Шоумен Бакыт Байсариев социалдык тармактагы баракчалардын биринде айымдар менен кайым айтышты. Анда алып баруучу колдонуучунун билдирүүсүнө жооп калтырган.

Белгилүү болгондой, айымдар блогунун колдонуучусу жолдошунун туулган күнүнө белек жасоо үчүн ич кийим алганын айтып, кеңеш сураган. Анын билдирүүсүнүн алдына шоумен "Тур тамак жасап бер" деген комментарий калтырган. Айымдар блогунун катталуучулары "Бакыт Байсариев бул жакта эмне кылып жүрөт?", "Сиз дагы ушул топто белеңиз?", "Элге, журтка төбөсү көрүнгөн, маданиятты жакшы билген инсансыз. Анан пааналаган жериңиз ушул", "Аман эле бол, айымдардын группаларына дайыма билдирүү калтырып кетесиң" деп нааразы болгон комментарийлерин калтырган. Бакыт Байсариев дагы өз дарегине айтылган комментарийлерди жоопсуз калтырбай, "Сен дагы аман бол" деп жазган.

Сынга кабылган шоумен айымдардын блогуна кокусунан эле кирип калганын жана колдонуучулардын билдирүүлөрүнө тамаша иретинде жооп жазганын айтып, буларга токтолду.

"Инстаграмдагы айымдардын баракчасына кокусунан эле кирип калдым. Тагыраагы, Инстаграм баракчамдан издөө кылып жатсам чачы жок кыздын сүрөтү көзүмө урунуп калды. Билдирүүсүн окусам бир жылдык эле өмүрү калганын, оорукчан экенин укканда жигити таштап кеткенин жазыптыр. 22 жаштагы кыздын окуясы аябай таасирлентип, ага көңүл жубатуучу сөздөрдү, дагы жакшылап текшерилип көрүүсүн жазгам. Ошентип айымдардын блогуна баш багып, кандай кызыктар болгонуна көз салып турчумун. Айрым учурда той тууралуу сөз болгондо "тамада кереги жок беле?" деп тамашалуу билдирүү калтырып кетчүмүн. Аталган блогдо ары кайгылуу, ары тамашалуу, кызыктуу билдирүүлөр болот. Мен оор тагдырга кабылгандарга же ооругандарга жакшы сөз айтып, жакшы маанай тартуулап, аз да болсо көңүлүн алгым келет. Анткени кайгырып жүргөн адамга жылуу мамиле кылсаң кубанып калат го.

Ал эми жогорудагы көрүнүш боюнча айтсам, кышкы каникулда үйдө отуруп, убактымдын көбүн социалдык тармакка бөлдүм. Ошондо айымдар блогундагы билдирүүгө тамаша иретинде жооп калтырып койгом. Сынга алынып, талкуу жаратат деп ойлогон эмесмин. Анткени буга чейин эле айрым билдирүүлөрдүн алдына жооп калтырып келгем", - деди Байсариев.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.01.2019. 14:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
18-12-2018
Соӊку аракети:
07-03-2019 12:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Такыр сыйлабай калдым ушуну. Эми менин сыйымдын буга кереги жок дегилечи, бирок, эркектин эркектей эле болгону жакшы да.
14.01.2019. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
02-04-2020 02:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+4
Айымдардын группасында буга балээ барбы дейм да. Лучше эркектердин группасын кыдырып, кенешинди бербейт Белен.
14.01.2019. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
284
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
02-04-2020 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы эркек кырка чыканда кутурат деген ушул беле деги жакшы жактары барбы бул дон жуандын
14.01.2019. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
487
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
01-04-2020 20:13
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эми жазса жазып коюптур тамаша иреетинде, анын эмнеси бар экен, жону жок эле талап жатып каласынарда, кылаарга иштери жоктор
14.01.2019. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
943
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт жаман сөз деле жазбаптыр го.
14.01.2019. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
02-04-2020 00:03
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен буга катталдынарбы кайра отписка кылгам жакпайт
14.01.2019. 17:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
03-03-2020 01:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Egypt...
+6
Бул эми артистта, кайда эмне деп жазса да жараша берет, бирок жаман нерсе деле жазбаптырго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: