реклама
super.kg logo

СУПЕР ТАНДОО-2018: Ишен Назаров, Асылхан Толепов, Сайкал Садыбакасова... "Жылдын супери" наамын дагы кимдер жеңип алды?

 

Урматтуу окурман, мына ошентип сиздин добушуңуздун эсеби чыгарылып, SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жылдын суперлери аныкталды.

Маданият, шоу-бизнесте жыл бою талыкпай эмгектенип, тер төгүп иштегендер күйөрмандарынын добушуна коюлуп, арасынан эң көп колдоого арзыганы жеңишке ээ болду. Добуш берүү 30-ноябрдан 22-декабрга чейин улантылды. Аземге маданият, шоу-бизнестин бир катар белгилүү өкүлдөрү катышып, салтанаттуу ыр-бийлер менен коштолот.

16:45. Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда жылдын суперлерин тандоо аземи башталуу алдында турат. Учурда "Супер тандоонун" жыл мыктылары жана аларга номинация тапшыра турган өкүлдөр соода борборуна келип жатышат.

16:50. Аземди көрүү үчүн келген Жибек Эрматова аттуу колдонуучу бүгүнкү салтанат тууралуу өз оюн билдирди: "Мен ар дайым SUPER.KG порталынан жаңылыктарды окуп турам. Жылдын мыктыларын тандоо үчүн добуш берүүгө катышкам. Бүгүн мен күйөрмандык кылган маданият өкүлдөрүн колдоо жана кызыктуу салтанатты көрүү үчүн келдим".

17:10. "Бишкек Парк" соода түйүнүндө жылдын мыктыларына сыйлык тапшыруу аземи башталды. Салтанат "Deka dance" бий тобунун бийи менен башталды. Андан кийин сахнага алып баруучулар чыгышты. Бул кечеде мындай милдет Чолпон Талипбекке, Санжар Мыкыевге жана Мыкыга жүктөлгөн.

17:22. "Жылдын супер дебюту" - "Апакем" ырынын аткаруучусу Ишен Назаровго буюрганы белгилүү болду. Эң көп добушка ээ болгон жеңүүчүгө ырчы Каныкей диплом жана статуэтка тапшырды.

17:26. "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталына ыраазычылык билдиргенден кийин Ишен Назаров Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен дуэт аткарууда.

17:30. "Кыргыз тилиндеги супер вайнер" номинациясынын жеңүүчүсүнө сыйлыкты Тынар Курбаналиев тапшырды. Аталган номинацияга талапкерлердин арасынан Эмил Токтошев эң көп добушка ээ болгондугу белгилүү болду.

17:39. Сахнага кайрадан Ишен Назаров чакырылды. Бул ирет ага "Жылдын супер ыры" номинациясы ыйгарылды.

17:45. Алып баруучулар аземдин көрүүчүлөрүн сахнага чакырып, кызыктуу оюндарды ойнотууда. Активдүү катышуучуларга атайын белектер тапшырылат.

17:50. Ишен Назаров "Жылдын супер ыры-2018" наамын жеңген "Апакем" аттуу ырын аткарды.

17:58. Сахнага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева чыгып, "Жылдын супер дуэти" наамынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. Колдонуучулардын эң көп добушуна Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун "Өмүр" чыгармасы ээ болгон. Сыйлыкка ээ болгон ырчылар көрүүчүлөргө аталган ырды аткарууда.

18:08. Бакыт Осмонканов режиссёрлук кылган "Ата" тасмасы "Жылдын супер тасмасы" деп табылганын Садык Шер-Нияз жарыялап, сыйлыкты тапшырды.

18:12. Сахнага режиссёр Актан Арым Кубат чыгып, "Жылдын супер актрисасы" ким болгонун жарыялады. Мындай жеңиш күйөрмандарынын добушунун негизинде актриса айым Альбина Имашовага буюрган. Жеңишине кубанганын жашырбаган актриса да редакцияга ыраазычылык билдирди.

18:20. Казак актёру Асылкан Толепов "Жылдын супер актёру" наамына ээ болгонун сахнада Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова жарыялады. Казакстандан чакырылган актёр Сейдакматованын чыгармачылыгына суктанарын айтып, ден соолук тиледи. Андан соң актёр бул анын гана эмес, тасманын жалпы жаратуучуларынын жеңиши экенин белгиледи.

18:30. "Жылдын супер ремейки". Мындай наам бул жылы ырчы Сайкал Садыбакасова аткарган "Жакшы сөз айтчы мага" чыгармасына буюрган. Сахнага чыккан ырчы айымды жеңиши менен ырчы Бактыяр Токторов куттуктап, сыйлык тапшырды. Андан соң Садыбакасова аталган чыгарманы келген конокторго аткарып берди.

18:37. Бул жылда жарык көргөн клиптердин супери Мирбек Атабековдун "Мурас" ырына тартылган клиби татыктуу болгону жарыяланды. Ырчы мырза бул чыгарма тууралуу кыскача маалымат берип, күйөрмандары үчүн "Мурас" ырын мыкты бийдин коштоосунда аткарды.

18:43. "Жылдын супер ырчы айымы" - Сайкал Садыбакасова. Күйөрмандарынын колдоосунун артында эң көп добуш топтогон Садыбакасова аталган наамга ээ болуп, кубанычын жашырган жок. Аны бул жеңиши менен SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Ырчы айым аны колдогон күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

18:48. Сахнада Нурлан Насип. Ал 4-ирет "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын жеңип алды. Сахнага чыккандан тартып ийгиликтердин коштоосунда жүргөн ырчы мырзага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова сыйлык тапшырып, ал буга чейин да бир нече жолу колдонуучулардын тандоосуна арзып келгенин белгиледи. Күйөрмандарынын кызуу колдоосунда Нурлан Насип ыр аткарып, келген конокторго шаңдуу маанай тартуулады.

19:00. "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын окурмандарынын добушунун негизинде тандалган маданият жана шоу-бизнестеги суперлерин сыйлоо аземи жыйынтыкталды.


кошулду


"Супер тандоо-2018": Алматыдан, Оштон келген жеңүүчүлөр. Статуэткаларга байыган Мирбек Атабеков менен Сайкал Садыбакасова

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
24.12.2018. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
туз эфир болобу
24.12.2018. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2352
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
01-06-2020 22:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туз эфир койсонуздар сураныч
24.12.2018. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
dastan_nookat,экообуз туз эфирден корсок жакшы болот эле ээ
24.12.2018. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2352
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
01-06-2020 22:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
marat_1910,оба да
24.12.2018. 17:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
19-04-2017
Соӊку аракети:
01-07-2019 20:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекен Чегинде
+6
Ема ХХХ не кылып жүрөт десең)))
Модератор admin_kinozal түзөттү 2018-12-25 08:34:25
24.12.2018. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
512
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 23:33
Жынысы:
Белгисиз
+6
Defend.,доопоросту тим эле коюшпаптыр да...
24.12.2018. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
30-05-2020 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+13
Болбогон тандоо кыскасы Мега-Той2 интернетке чыга элек,эл коро элек кантип эле 1чи орун алып алат,кана Гулжигит Сатыбеков?
Кыскасы болбогон эле бир нерсе да
24.12.2018. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+8
Muslim_KGstana.,тоолук кошулам сага , вайнер шумкар алышы керек эле
24.12.2018. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
30-05-2020 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+4
marat_1910,Шумкар 1чи орунда келе жатып эле 2ге тушуп калды,Эгер супер инфо жылдын мыкты крассавчиги деген номинацияга мени койсо Алайдын баардык элин Супер Инфого каттап мен деле номинация алып алышым колумдан 100% келмек
Бул жерде башка дагы добуш беруу жолун ойлоп таап,убакыт кобурок бериш керек болчу.
Muslim_KGstana. түзөттү 2018-12-24 17:45:37
24.12.2018. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
30-05-2020 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата''тасмасы бирок мага жакпады ((
24.12.2018. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
17-01-2020 13:38
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аай ушу добуш беруу бурмаланып баягы эле озун озу пияр кылып,интернеттин жылдызымын деп,элге уят болушкан самапал жылдыздарга берип койушаар бекен наамдарды дедим эле,адилеттуулук бар экен. Супер Инфонун жамаатына чоон ыраазычылык,жаманбы жакшыбы коомубуздун осушуно салым кошуп келесиздер. Аркандай жанылыктарды,масалелерди койгойлорду дунуйонун торт бурчунан болсо да сиздер аркылуу кабардар болуп жатабыз иштеринерге чоон чон ийгилик.
24.12.2018. 19:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
28-09-2017
Соӊку аракети:
29-05-2020 10:06
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер вайнер туура эмес тандалыптыр да. Дөөпарас эмес Шума алышы керек болчу.
24.12.2018. 19:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
06-04-2019 00:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тандоо эн башында туура эмес уюштурулган...

Татыктуу ырчы-аткаруучулар калып кетип эле, пиаршик ырчылар тизмеге киргизилген...

Жылдын мыкты ырчы мырзасы жана жылдын мыкты ыры номинацияларында Гулжигит Сатыбеков менен анын эл жакшы коргон ырлары жок. Бул эки номинация женуучусу тен Гулжигит болмок...

Нурлан Насип эмнени кыйратып жылдын ырчысы болуп жатканын озу да тушундуруп бере албайт!

Frunze2 түзөттү 2018-12-24 19:12:55
24.12.2018. 19:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
06-04-2019 00:50
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер вайнер деген номинацияга каяктагылар коюлган, эптемей бир нерсе тарткандар журот, же бир кулкулуу болсочу, айтор эптемей бир нерселерди интернетке жуктогондор журот...

Эл Нурбек Юлдашевдин тамашаларын кызыгып корот. Откондо супер "тиги" сайтта кумуш баскычка жеттик деп суйунчулоп жаткан, окурмандары 100минден ашып. Нурбек Юлдашев да кумуш баскычка жетиптир, катталган окурмандары 120 минден ашып...

Тандоо адилет болбогон сон, бул сыйлоо аземи кимге керек?
25.12.2018. 02:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Frunze2,чын эле Нурбек Юлдашев буларга караганда белгилүү, жакшы күлкүлүү видеолору бар. А эмнеге ал даже көрсөтүлгөн эмес?
24.12.2018. 19:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
28-09-2017
Соӊку аракети:
29-05-2020 10:06
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо өткөндө супер ырчыны Данияр Эрматов алды деп, ырчы айымды Асел Кадырбекова алды деп эле өпкөсүн чаап жүрүшпөдү беле? Алар кайсы тандоонун жеңүүчүлөрү болуп жүрүшөт?
Boha1 түзөттү 2018-12-24 19:21:43
24.12.2018. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
01-06-2020 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Boha1,ал Музыка телеканалы откоргон сынак болчу тилекке каршы )))
24.12.2018. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
28-09-2017
Соӊку аракети:
29-05-2020 10:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
pochtalyonin, аааа ошондой, башым айланып калды баары эле суперчилер
24.12.2018. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1227
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
01-06-2020 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сайкал татыктуу алыптыр кайсы бир жылы Сайкалга бербей Чолпонай алган эле ошондо кайсы кыйраткан ырына алды Чолпонай деп таң калган элем.
24.12.2018. 20:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз актерлору турса казака берип өз агасын агалай албай, киши агасын АТА деп алыпсыңарго суппер? Короче силерда ишеничтен чыктыңар...
24.12.2018. 21:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
348
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 14:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+2
Баарынан да Самарага аябай эле кыйын болгондур эчнерсеге илешпей,наам турмак элдин колдоосуна арзыбай калганына.
edu.kg. түзөттү 2018-12-24 21:19:24
24.12.2018. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
28-09-2017
Соӊку аракети:
29-05-2020 10:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
edu.kg., Эч нерсе эмес ал Самарага Асаны алып берет, же сатып берет
Boha1 түзөттү 2018-12-24 23:45:05
24.12.2018. 21:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
08-11-2017
Соӊку аракети:
30-03-2019 12:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ алдыгы эмил токошев деген кантип алды супер вайнерди.уят жмеспи эми супер инфо ушундай тандоолор.Жеке эле менин оюм боюнча эмес копчулук элдин оюу боюнча Шума алыш керек болчу
25.12.2018. 00:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
495
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
18-05-2019 09:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага башкасы не болсо ошо болсун Ишен иним жана Сайкал татыктуу болду.мына эл эмгегин эл баалайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144851;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: