реклама
super.kg logo

Өлкөдө жылына 15 миң аял бир жылда эки жолудан төрөйт

 

"Жылына өлкөдө 15 миң аял бир жылда эки жолудан төрөйт. Негизи төрөттүн аралыгы жок дегенде 2,5 жыл болушу керек". Мындай маалыматты бүгүн, 27-ноябрда SUPER.KG порталына “Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кыргыз альянсы” коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгорпоева билдирди.

"Аял киши эне болууда ал жоопкерчиликтүү милдет экенин түшүнүүсү абзел. Себеби кош бойлуу учурда аялдын ички органдары эки эсе иштейт. Анын үстүнө изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, жалпы сандан өлкөдөгү аялдардын 50 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт.

Мисалы, биринчи баласын январда төрөсө, экинчиси февралда боюна бүтөт. Ошентип жыл айланбай, кайра декабрь айында экинчи жолу эне болуп жатат. Мындай энелердин басымдуу бөлүгүнүн ден соолугу кийинчерээк начарлап кетет. Төрөт бул оңой нерсе эмес. Өз калыбына келүү үчүн убакыт, каражат керектелет жана көптөгөн дарыгерлердин эшигинин алдында кезек күтүүгө аргасыз болушат", - дейт Бозгорпоева.

Коомдук бирикменин жетекчисинин айтымында, өлкөдөгү көпчүлүк үй-бүлөдө аны пландаштыруу деген түшүнүк жок. Үй-бүлөнү пландаштыруу десе эле карапайым калк бул нерсени калктын санын азайтууну көздөө деген ойго келет.

"Канча баланы төрөсөң ошончону төрө, бирок ар бир баланын ортосу 2,5 жыл болуп, ар бир кош бойлуулук аялдын да күйөөсүнүн да каалоосу менен болуусу керек. Ошондо гана дени сак балдар төрөлөт. Андан сырткары эң негизгиси материалдык даярдык болуп, бала жакшы чөйрөдө өсөт", - дейт Бозгорпоева.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
27.11.2018. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
-6
15 мин аял жылына экиден торойт? Эгер 10 аял болсо бир жылына 20 бала торойбу? Теманар туура эмес.
27.11.2018. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эки жылда бир торойт болсо керек туурасы.
27.11.2018. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
11-02-2020 13:32
Жынысы:
Белгисиз
-3
жылына 1.ден торойт
27.11.2018. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
14-02-2014
Соӊку аракети:
15-11-2019 01:36
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргызча эле жазылып туратко январьда торосо февральда кайра боюна бутуп декабрьда торойт деп. Ошондо 1 жылда экоо болобу. Ойлонгулачы кичине.
27.11.2018. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
14-11-2017
Соӊку аракети:
29-03-2020 03:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Кыргыздарда эмес. Туштуктогу Озбек жарандары
27.11.2018. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
07-02-2020 22:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
кошулам
27.11.2018. 19:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
538
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
29-03-2020 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
40 кун откорбой эле кыла беришет экен да.
27.11.2018. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
736
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саны эмес сапаты керек да, төрөп эле жөн койбостон аларды кийиндирип, ичиндирип, окутуш керек, бактылуу балалык тартуулап
27.11.2018. 21:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
-4
Карандай калп окшоштуруп айтсанар боло торогонуно бир ай болгондо эле кайра кош бойлуу кантип болсун шумдугун кур.
28.11.2018. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
01-08-2016
Соӊку аракети:
27-12-2019 16:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
Nurkyz1977,болот кээ бир аялдар эмизип жатса деле этек кири келе берет. Ошолорго созсуз бутот боюна
27.11.2018. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
-1
Тууй биздин жарандардын тушунугу азыраакта.
28.11.2018. 08:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
29-03-2020 10:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош облусу
+3
Туура эле айтып атат,жакшы түшүнүп окугула кунт коюп. Мисалы мен тааныгандарда эле бирөөсү жакында төрөдү,1-син январдын аягында 2-син декабрдын башында.
28.11.2018. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
29-03-2020 09:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
-1
roklait, декабрь келе элек
28.11.2018. 08:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-07-2017
Соӊку аракети:
08-01-2019 04:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура эле тема бар ошондой аялдар туштуктогу озбектерде деп жазыптыр бироосу бул озбектерде гана эмес кыргыздарда бар
28.11.2018. 17:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
18-05-2019 09:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин классташымдын аялы биринчисин 5-январь
Экинчисин 22-декабрда торогон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140096;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: