super.kg logo
«Жылдын супер актрисасы» (Добуш берүү токтотулган)


Альбина Имашова, «Такебай»
52,8% (596)
Мадина Талипбек, «Делбирим»
17,5% (198)
Назбийке Айдарова, «Жамгырдан кийин»
10% (113)
Аделя Кадиева, «Апамды издеп-2»
6,8% (77)
Асема Токтобекова, «Такебай»
6,8% (77)
Шахзода Матчанова, «Мурас»
3,9% (44)
Тынара Абдразаева, «Мурас»
2,1% (24)

Жалпы добуш (1129)


ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Жыл өткөн сайын жашарган корей актрисасы Соң Хйе Кйо 37 жашка чыкты. Анын сыры жигиттердеби?

 

Корей дорама сүйүүчүлөрү биринчи көргөн сериалы катары көбүнесе 3 сериалды айтышат. Алар: "Кышкы соната", "Ва банк" жана "Мыкты жигиттер". Булардын ичинен "Ва банк" 2003-жылы чыккан. Анда баш каармандардын биринин ролун жараткан актриса атагы алыска тарап, атактуулугу баш айланткан ошол жылы Соң Хйе Кйо 22 жашта эле. Арадан 15 жыл өттү. Соң Хйе Кйо ошондой эле фотошопсуз сулуу.

Актрисанын окуучулук курагы.
Жолдошу өзүнөн 4 жашка кичүү экендиги эми эле талкууланып бүткөндө буга кошумча 12 жаш кичүү актёр Пак Бо Гом менен чогуу тартылган жаңы сериалы стартта турат. "Бойфренд" деп аталган дорамада Соң Хйе Кйо менен Пак Бо Гом бардык каршылыктарга карабай, бири-бирине ашык болуп калган кыз-жигиттин образын жаратышат. Сериалдын көрсөтүлүшүнүн алдында кечээ, 21-ноябрда Түштүк Кореяда маалымат жыйын өткөрүлдү.

1981-жылы төрөлгөн актриса карьерасын кино талаасынан эмес, моделдиктен баштаган. “Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, сынактан көзгө илинген өспүрүм кызды 1996-жылы “Бактылуу таң” деген сериалга тартылууга чакырышкан. Бирок ал корей сериал сүйүүчүлөрүнө 2000-жылы жарыкка чыккан “Күз жомогу” ("Жүрөгүмдөгү күз") аркылуу гана таанылат.

Ал эми 2003-жылы көрсөтүлгөн кумар оюндары жөнүндөгү “Ва-Банк” сериалынан кийин Соң Хе Кйонун сүймөнчүк катары статусу биротоло бекемделип, атагы ого бетер артат.
2004-жылы анын катышуусундагы “Жылуу уя” сериалы эл алдына тартууланган. Ушул сериалдан кийин 2013-жылга чейин дагы бир дорамага жана бир нече тасмаларга тартылган. Анын айрымдары мактоого арзыса, айрым ролдору көз жаздымда калган. Бирок 2013-жылы чыккан "Ушул кышта шамал согот" сериалы актрисаны кайрадан атактуулукка бөлөгөн. Анда актриса көзү азиз кыздын образын жаратып, белгилүү актёр Чо Ин Сон менен башкы каармандардын бирин эсте каларлык ойногон.
2016-жылы кезектеги хит сериалга "Күндүн мураскерлерине" тартылган. Аталган дорама атактуулугун гана арттырбай, актрисага аялдык бакытын да таап берген. Ага чейин "Ва банктагы" И Бёң Хон, "Алар жашаган дүйнө" аттуу сериалда чогуу тартылган актёр Хён Бин менен кыз-жигиттик мамиле курган. Бирок актрисанын жүрөгүн багындырган, нике шакегин колуна салган мырза - актёр Соң Жуң Ки болду.

22-ноябрдын жылнаамасы.



"Бойфренд" сериалынын тизери

Жыл өткөн сайын жашарган корей актрисасы Соң Хйе Кйо 37 жашка чыкты

Автор: Бактыгүл Момбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
22.11.2018. 04:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
20-12-2018 04:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiabai suluu kyz eken, suluuluktu beriptirda jaratylysh
23.11.2018. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
07-10-2019 23:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Matahara1980, Корейлердин көпчүлүк эркектери, кыздары жаратылыштын сулуулугу эмес, пластикалык операция менен беттерин сулуулашат. Ата-энелери балдарынын сулуулугуна мектепке барганга чейин эле кам көрүшөт. Себеби алардын карьерасында сулуулук башкы рольду ойнойт. Ошондуктан азыркы учурда корей эркектери келечектеги балдарына пластик операция үчүн ашыкча чыгым болбоо максатта кыргыздын кыздарына үйлөнүп жатканы болуп жатбайбыыы... Кыргыз кыздарынын табигый сулуулугуна башка эч бири тең келбейт!
Snikers18 түзөттү 2018-11-23 11:10:16
22.11.2018. 04:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
21-06-2016
Соӊку аракети:
12-12-2019 16:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жубайымдай экен сулуулугу
22.11.2018. 05:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
16-10-2019 05:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер инфо
+2
Сүйөм го
22.11.2018. 07:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
190
Катталган:
10-08-2018
Соӊку аракети:
01-11-2019 01:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыщдын канында кыргыздын каны барбы дейда.
22.11.2018. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
11-12-2019 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыш санатасы деген кинодо бул рол жараткан Эмеско?
22.11.2018. 22:00 
Тайпасы:
Администраторы
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
08-11-2010
Соӊку аракети:
12-12-2019 19:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Eli.91, ооба, туура айтасыз, сиз жазган сериалда ойногон эмес. Ал маалымат кайдан чыкты?
22.11.2018. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
11-12-2019 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимина
Жунсанк
Чонсин Хау
Ушулар оло жакчу,туну менен уктабай тан атканча карейс кино лорун коруп чыккан кундор болдуго,ыйласа кошо ыйлап кулсо кошо кулуп,азыр эстесем кулкум келет,азыр анча корбойм.
23.11.2019. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
12-12-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмдагы баракчасынын дареги кандай?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134910;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: