super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бир адамды сагынып, ага ашыгып келсем...Ошондуктан маанай жаман"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бүгүнкү маанай кандай?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Урматтуу форумчулар, бул жерге бүгүнкү маанайыңызды жазсаңыз болот. Көңүлүңүздөгүнү айтып, жеңилдеп алыңыз... Жамгыр жаап, күн бүркөлгөнүнө карабастан маанай "+5"" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Азырынча сонун, бирок сезип турам... Азыр бирөөлөр келгенде маанай өзгөрүп кетерин".

- "Маанай жакшы эле, колу-бутум тоңуп калганына карабастан".

- "Ойдогудай. Көңүлүм каалагандай иштерди жасаганга аракет кыла баштадым. Аба ырайы да керемет! Адамга башка эмне керек?!"

- "Баш ооруп, кыйналып жатам. Маанай кандай экенин деле билбейм, кечээ бирөөгө таарынгандай сезим болуп жатат..."

- "Билбейм маанайым кандай экенин. Менин оюмча, өтө эле жакшы го... Себеби ойгонорум менен бирөөнүн сюрпризине туш болдум".

-"Маанай жакшы, буюрса... Айгырдай азынып турат жулкунуп, көз тийбесин. Жумуштамын, кошунанын баласы келип эле жиниме тийип жатат. Маанайымды буза элек азырынча... Бузалбайт го..."

- "Маанай өтө жаман, ашыгып, бирөөнү сагынып келсем күткөн адамым келбей жатат".

- "Азыр эле бир сонун кабар уктум, маанайым "+100" болуп кетти... Асманга көкөлөп учкум эле келип кетти чиркин... "Кыялдар орундалат!" деп кыйкыргым келип жатат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.11.2018. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
18-07-2019 02:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
+1
Маанай өтө жаман, акыркы 3 күндөн бери. Жакын арада жакшы болушуна көзүм жетпейт. Дагы канчага уланат болду экен.
01.11.2018. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
930
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
12-11-2019 10:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанай ортодон бир аз ылдый.Суйгон адамым калп айтты.Чындыгын билсем дагы каратып туруп калп айтты го(((
01.11.2018. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
17-05-2018
Соӊку аракети:
18-01-2020 13:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанайым кунумдугун алганда жакшы эле, общий алганда анча эмес, коптон бери жакшы болбой журот, Аллахым буюруп кун тийеер деп умут мн аран кулуп жашап келем
01.11.2018. 18:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
27-03-2019 21:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанайым жакшы эмес. Куткон адамым келди кубанып кутуп жатсам кайра кайгыга батырды. Жакынкы кундордо маанайым которуло турган жанылык деле куто албайм. Качан маанайым которулот аны да айта албайм. Чоккон маанайым копко чейин созулушун ойлоп капа болуп журом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136295;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: