реклама
super.kg logo

"Бизди баш көтөрбөгөн, жалтак, шорлуу парламент депсиз". Рыскелди Момбеков Улукбек Кочкоровдун министр болууга эмне үчүн макул болгонуна кызыкты

 

“Өкмөт башчы чалдардын аракетинен чарчап, балдардын аракетин байкаган окшойт". Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги каралып жатканда айтты.

Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри кызматына 31 жаштагы Азамат Жаманкуловдун талапкерлиги да каралууда.

Момбеков: “Улукбек Тойчубаевич, бийликти сындаган жагынан эч кимди алдыга салган жоксуз да. Бүгүн эми иштейм деп келдиңиз. Бийлик өзгөрдүбү же сиздин позицияңызбы?"

Кочкоров: "Ар бирибиз сындарды туура кабыл алышыбыз керек. Мен да өз дарегиме айтылган сындарды туура кабыл алам. Буга чейинки сындар иштин кызыкчылыгында айтылган сөздөр болчу. Баарыбыз сыртта туруп алып, сын айтып отурбай, жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Мен эч кимди ортого салган жокмун. Мага да сунуш күтүүсүз болду. Премьер-министр кокустан эле чакырып, сунуштады. Айтып жүргөн сындарды ишке ашыруунун үстүндө иштейбиз".

Момбеков: "Жалгыз дарак бак болбойт. Жалгыз сиз менен өкмөттүн оңолуп кетишине ишенбейм. Буга чейин сиз маектериңизде "Жээнбеков чыныгы президент болсо, парламент тарашы керек" деген экенсиз. Бизди "баш көтөрбөгөн, жалтак, шорлуу парламент" депсиз. Эми ошол парламенттен колдоо сурап келдиңиз".

Кочкоров: "Былтыр да президенттик шайлоо алдында ар тараптан сунуштар түшкөн. "Бир кызматты сурап алып, бирөөгө эле жардам бербейсиңби" деп сунуштаган. Буга чейинки иштерге каршы болгом. Эки премьерибиз эмне болгонун көрдүңүздөр".

Момбеков: "ЖЭБ боюнча 5 эмес, 15 комиссия түзүлсө да пайда жок" деген элеңиз. Жыйынтык чыгып, баары камалып жатпайбы. Эми эмне дейсиз?"

Кочкоров: "Бали, дейм".



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
25.10.2018. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
03-11-2013
Соӊку аракети:
19-12-2019 14:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Туз эфир эмнеге жакшы корсотпой жатат загрузка болуп уну да чыкпай жатат
25.10.2018. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
31-03-2020 12:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+5
Бийликти сындаган жагынан Момбеков озу деле эч кимден кем калышпайт. Бирок мыйдайлар да керек
25.10.2018. 16:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
29-11-2018 10:19
Жынысы:
Белгисиз
+4
Момбековду сындатып эле койсо жакшы өзүн сындаса чычалап калат экен
25.10.2018. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
02-04-2020 08:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
Момбеков: Ахааа! Кармалдыңбы?!
Кочкоров: Ахаа.. Кармалдыым))
25.10.2018. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
579
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
02-04-2020 09:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Момбеков дагы бир болбогон депутатда.Башында каттуу суйлосо иштеп атыптыр деп ойлогом.Макалдатып суйлоп эле тим болот кылганынын дайыны жок
25.10.2018. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
26-03-2020 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Момбековду сайратып эле койсо колунан эч нерсе келбейт мындайлардын.
25.10.2018. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
08-10-2017
Соӊку аракети:
01-04-2020 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу Момбековду сүйлөтүп эле койсо. Жакпайт ушунун чымчылап сүйлөгөнү
26.10.2018. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
17-01-2020 22:33
Жынысы:
Белгисиз
0
У Кочкоров жаш мекенчил грамотный. Алга
26.10.2018. 00:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
27-08-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Момбековду сармерденге алып барыш керек макал айтышып отура берет ошол жерде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: