super.kg logo

Адвокат: "Икрамжан Илмияновду кармоо иши таң калычтуу тездик менен жүрдү"

 

"Икрамжан Илмияновду кармоо иши таң калычтуу тездик менен жүрдү". Мындай пикирин журналисттерге Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

"Биринчи Май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ага "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып жатат.

Эмне мынча кеч чыкканыбыздын себеби сот кандайдыр бир себептер менен тергөө иши көрсөткөн документтердин көчүрмөсүн берүүдөн баш тартып жатты.

Мени таң калтырганы - эмнегедир сот ачык болбой жатат. Көпчүлүктү киргизген жок.

Кыскача айтканда, Илмияновду кармоо мыйзамсыз болду. Анын кармалышы боюнча менде суроолор толтура. Айып тагуу да, кармоо да, баш коргоо чарасын кароо да аябай тез болгондугу көптөгөн суроолорду жана шектенүүлөрдү пайда кылат.

Эч кандай сотко чакыруу кагазы келген жок. 18-октябрда сырттан камакка алынып, ошол эле күнү издөө жарыяланды. А бүгүн, тактап айтканда, кечээ, 19-октябрда кармалып УКМКга жеткирилди. Мындай тездикке мен абдан таң калдым. Бул жол-жоболорго туура келбейт. Өзүмө-өзүм мындай тездикке эмне себеп болду экен деп суроо берип, жооп таппай турам", - деди Слесарев.

Айта кетсек, 20-октябрга караган түнү Икрамжан Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.



Адвокат: "Илмияновду кармоо иши таң калычтуу тездик менен жүрдү"

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
20.10.2018. 18:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
01-07-2014
Соӊку аракети:
15-03-2019 18:17
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тан калыштуу бул ашанын шопуру аппарат башчы болгону
21.10.2018. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
603
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
aitenir,экинчи таң калыштуу ашанын форумдагы таразачысы Албек мэр болгонунда. Үчүнчү тан калыштуусу ашанын жан сакчысы министр МВД болгонунда ж б у с
20.10.2018. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
23-01-2020 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+8
Илмияндын адвокаты эмне докурунат өтө тездик менен кармалды деп.Анан бир жерге кирип житип кеткиче карап турсунбу.Бул Илмиянып өзүнүн тоодой күнөөсүн сезген,вдруг издеп калса таппай калсын деп сакал мурут коюп.Ак болсо жүрмөк өзгөрүлбөй эле.Эми жегендерин сугунганын чыгарсын,жана да Атамбайып жөнөүндө көп былык ишти ашкере кылсын жаап жашырбай.
20.10.2018. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
713
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
21-01-2020 15:33
Жынысы:
Белгисиз
+8
Вчера ты был шах. Сегодня ты ххх! Доолот келет да кетет.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-10-20 20:29:54
20.10.2018. 19:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
21-01-2019 13:37
Жынысы:
Белгисиз
+10
Убагыңда ушулардын доору жүрүп канча деген журналисттерди, саясатчыларды тездик менен камап тездик менен кармашкан. Телевидениелерди басмаканаларды күч менен алып күч менен жаптырышкан.
20.10.2018. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-11-2017
Соӊку аракети:
26-01-2020 00:09
Жынысы:
Белгисиз
+14
Атамбаевди кошуп камаш керек
20.10.2018. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 10:22
Жынысы:
Белгисиз
+9
Качып кетпесин деп тездик менен кылышты да.Адвокат келесоо болуп калат.Шоопур бир эки жылдын ичинде аппарат башчы кантип болуп калмак эле.
20.10.2018. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
27-12-2019 22:30
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан эмне кутуп туруш керек беле качып ал жакшырак таппаган жерге деп
20.10.2018. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
692
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
26-01-2020 00:19
Жынысы:
Белгисиз
+4
С.Жапаровду.Текебаевди ошол убакта кармоо иши тан калыштуу тездик менен журду дешсе жарашмак. эле!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-10-20 20:31:55
20.10.2018. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
25-01-2020 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тездик менен болбогондо озу келет беле анан.
20.10.2018. 21:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
23-01-2020 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адвокатын да камаш керек
20.10.2018. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
384
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 11:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+4
Бироого кылганын кайтып келет дечу беле. Аттин дуйно. Арман дуйно. Кайтар дуйно
20.10.2018. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
26-07-2012
Соӊку аракети:
14-01-2020 19:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресинер бул двайник эмеспи окшошпойтко икрамга
21.10.2018. 00:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
24-12-2019 01:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип бири бирин соттоп элди алаксытып журуп Сокенин да доору бутуп калбаса болду.
21.10.2018. 02:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
13-03-2014
Соӊку аракети:
15-01-2020 00:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ноокен р
+2
атамбаевтин куноосун ушуга тагып кутулайын деген ою жок бекен?
21.10.2018. 03:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
28-04-2014
Соӊку аракети:
20-11-2019 19:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман тездик менен таапьырго адвокатты. Ошого тан калбайле турасынарбы башка адамдар айлап жылдап адвокаты жок журот. Суйлоп атканда ошону ойлонду бекен
odin-takoy түзөттү 2018-10-21 03:36:32
21.10.2018. 03:40 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
10-12-2019 15:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аяш ава сакал мурутту остуруп озунчоле Рыспек болуп алганго
21.10.2018. 07:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага акчаны ким берсе ошонун созун суйлойсун да
21.10.2018. 07:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык нерсенин чеги болот элдин ырыскысын жегендер
21.10.2018. 07:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 23:40
Жынысы:
Белгисиз
0
С.Жапаровду чек арага киргизбей.Ото коркунучтуу кылмышкерди кармагандай камаганда каякта элен
21.10.2018. 10:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-02-2017
Соӊку аракети:
05-06-2019 11:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында айылдаштарын камаймын, жоём, жок кылам деп опурулчу эле
21.10.2018. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
467
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
25-01-2020 17:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
АША эч качан камалбайт
Мыйзам жол бербейт
21.10.2018. 16:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
27-12-2019 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сураган сумманы бербеген учун, тездик менен болду, эмне учун кутподу деп тан калып жатат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: