реклама
super.kg logo

"Бишкекте опузалап акча талап кылган окуучулар баламды эсин жоготконго чейин ур-токмокко алышты" дейт жаракат алган баланын апасы

 

"Бишкек шаарындагы №47-мектебинде окуган 9-класстын окуучулары, 8-класстын окуучусунан опузалап акча талап кылып, аны ур-токмокко алышты", - деп бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына жаракат алган окуучунун апасы Асель Мырзабекова айтып берди.

Анын айтымында, кечээ, 12-октябрь күнү 9-класстын 2 окуучусу уулунан опузалап акча талап кылган.

"Балам аларга акчаны бербей коюп, 9-класстын окуучулары аны эсин жоготконго чейин ур-токмокко алышты. Натыйжада уулумдун баш мээси чайкалып, үстүңкү эрини айрылып, алдыңкы 2 тишинен жаракат алды. Азыркы тапта уулум ооруканада даарыланып жатат. Азырынча ээриндерин тигип, стоматолог тишин даарылап жатат.

Биз Ленин РИИБине арыз менен кайрылдык. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бүгүн мектептин директору жана анын орун басары келип, баламдын абалын көрүп кетишти. Алар тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгы боюнча убада беришти.

Ошондой эле ур-токмокко алган баланын апасы дагы кечирим сурап келди. Ал баланын атасы Ички иштер министрилигинде иштейт экен", - деп айтты Асель Мырзабекова.

SUPER.KG порталы бул боюнча экинчи тараптын да билдирүүсүн угуп, жарыялоого даяр.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.10.2018. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
14-09-2013
Соӊку аракети:
26-03-2020 19:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оздору бала болуп ушунча сабашабы? Чоноюп келе жаткан акмактар. Жазалагыла баарын, соз жок иши кылса!!!
13.10.2018. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
02-11-2016
Соӊку аракети:
29-03-2020 00:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бешиктен башы чыкпай туруп ушундай кылмыш кылса, чонойгондо ким болуп чыгышат зоокурлор
sainazarov0555 түзөттү 2018-10-13 18:40:21
13.10.2018. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
603
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атасы ИИМ де иштесе анда түшүнүктүү иш кантип бүтөөрү. Карга карганын.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140096;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: