super.kg logo

Той өткөрүп "Оскардан" унаа утуп ал

 

Бишкектеги "Оскар" ресторанында той өткөрүп, унаа утуп алууга шашыл. Аталган тойкана 25-августта баштаган мындай уникалдуу акциясын 1-декабрга чейин гана улантат. Андан сырткары баш кошкон жаш жубайларга өздөрүнүн аты жазылган “Оскар” статуэткасын белекке бермекчи.

“Оскар” рестораны Бишкектин 6-кичи районунда жайгашып, жеткиликтүү шартта 300дөй конокту тосууга ылайыкташкан. Ошондой эле той залы заманбап жасалгаланган жана ар бир коноктун унаасын батырууга унаа токтотуучу жай салынган. Өз тоюңузга чакырылган коноктордун жагымдуу маанайын кааласаңыздар анда “Оскар” рестораны сиздин кызматта болот.

Аталган жайдын ээси Аскар Дүйшөнбеков мырзанын айтымында, акция 1-декабрь күнү жыйынтыкталып, анын алкагында той өткөргөн түйгөйлөр ресторанга чогултулуп унаа ээси аныкталмакчы.

“Ар бир той ресторан ээси үчүн кадимки жумуш болсо, той ээлери үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан алардын биздин жайда өткөрүп жаткан жакшылыгында мүмкүн болушунча мыкты кызмат көрсөтөбүз. Аны менен гана чектелбей Хонда Инспайр унаасын берүү акциясын уюштурдук. Анда той ээсине купон берилет. Акция жыйынтыкталгандан кийин баарын ушул ресторанга чогултуп купондун негизинде унаа ээсин аныктайбыз. Оюн калыс уюштурулуп, унаанын чыныгы ээсин табабыз. Андан сырткары ондогон белектер ойнотулуп, эстрада жылдыздарын чакырабыз”, - деди Дүйшөнбеков.

Эмне үчүн “Оскар”? Анткени 300дөй конок чакырсаңыз ар бир орундукка болгону 800 сомдон 1200 сомго чейин гана төлөйсүздөр. Ал үчүн тойкана улуттук, чыгыш жана европанын тамактарын дасторконго коюп тосуп алат. Тойкана ээси Аскар Дүйшөнбеков мырза конокторду алдына коюлган даамдар менен тартуу үчүн өз тажрыйбасына таянып мыкты ашпозчуларды чогулткан.

“Ар бир конок үчүн той ээси төлөгөн баадан дагы мыкты тосуп алып, жагымдуу маанай тартуулайбыз. Ал үчүн ашканабызда улуттук, чыгыш жана европанын тамактарын мыкты жасаган ашпозчуларыбыз бар. Алар көптөгөн сыноолордон өткөн жана алар менен мактана алабыз. Ашкананын тазалыгы да талапка жооп берет”, - деди Дүйшөнбеков.

Ресторан ээси той ээлери үчүн мындай акцияларды дагы далай уюштурарын, алдыга коюлган максаттары менен рестораны келечекте премиум-класска жете турганын кошумчалады.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
04.10.2018. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
30-08-2019 18:32
Жынысы:
Белгисиз
+8
той той! качан кыргыз ысырапкерчиликтен арылат экенбиз? ысырапкерчиликти азайталы деген сайын булар тескери агитация кылышат.Бул ресторанга той откоруу онбогондой акчаны талап кылса керек.
04.10.2018. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
20-01-2020 00:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кишиге 1200 сом деп атышат го
04.10.2018. 22:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
05-09-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+1
Чынында мындай угуттоолор менен бири бири-бирибизге атаандашуу мындан да кучойт!
04.10.2018. 22:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
06-04-2019 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу тойлордо тыя турган бир мыйзам чыгарбасак болбой калды окшойтго
04.10.2018. 23:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
14-05-2019 11:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+9
Той өткөргөнчо бир машине сатып ал
05.10.2018. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elaman_Arypov, мындай машинадан төртөөн сатып алса болот.
04.10.2018. 23:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
21-01-2019 13:37
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тойго 50 дөн ашык адам чакырылса ашканына айып пул төлөтүү керек закска чыккан машине 3 төн ашса айып пул төлөтүү керек. Ондон ашык жиптерди тизип алышып шаарды пропка кылышат. Машинени достору көтөрөт дейт 20, 24 жаштагы балдарда кайдагы акча ата энесин кыйнашат досторунан кем калбайын деп.
05.10.2018. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2337
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-01-2020 19:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже бироо «утуп» койгондур.
05.10.2018. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1014
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
05-01-2020 21:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызды ушу тойлор жейт жеп ичип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136295;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: