super.kg logo
«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


ЖЫЛНААМА, 28-СЕНТЯБРЬ: "Бул куракта өзүңдү эле эмес, бүтүндөй элди ойлойт экенсиң" дейт 62 жашка толгон Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова бүгүн, 28-сентябрда 62 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.

"Туулган күндү белгилегенди көп жактырбаган адаммын. Анткени өзүбүз күндө майрамда эле жүрөбүз. Биздин жумуш менен жашоонун шаңына шаң кошуп, элдин жакшылыгында жүргөндөн уламбы, айтор, жантыгынан жата калып туулган күн өткөрүүнү жактырбайм. Башынан эле кандай болсо, ошондой тосом. Ушул жашка чыкканга чейин кээде чет мамлекетте өткөрсөм, кээде жолдо, белде өтүп калат. Ал эми бүгүн болсо балдарыма дагы куттуктап келбегиле деп эскертип, Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата Кочкор районуна кетем деп койгом. Бирок бүгүн кесиптештерим туулган күнүм экенин билишет экен, ошондуктан бүгүн бул жакта болуп, маараке башталганда, тагыраагы, эртең келиңиз деп уруксат беришти. Ал эми бүгүн балдарым, неберелерим, курбу-курдаштарым менен туулган күнүмдү белгилейм го (күлүп)".

Ал эми ырчы балалык күндөрүн эстеп, ата-энесине, туулган айылына болгон кусалыгын айтып, буларга токтолду.

"Туулган күн дегенде азыркы жашымда саресеп салып көрсөм эң биринчи жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазы болом. Эл сыяктуу ата-энемди көрүп эсимде кала тургандай окуя болгон эмес. Себеп дегенде, атамдан 2 жарым жашымда айрылгам. Ошондой болсо да бирөөлөрдөн ата-энең жөнүндө 2 ооз сөз уксаң, абдан ыраазы болот экенсиң. Ал эми энемди көрүп калдым, ал 9 жашымда бул дүйнөдөн өтүп кетти. Энем абдан шайыр, сулуу, аябай тиричилик кылып, жаны тынбаган жан эле, анын элеси көз алдымда кала берди. Чачы узун ушундай бир аял эле да. Ошолордун баарын түндө эстеп отуруп, кеч болгонуна карабай социалдык тармактардын бириндеги баракчама жазып койдум. Балалык күндөрдү эстейт экенсиң, айылыңды, элиңди сагынат экенсиң. Кыскасы элде, журтта болгон жакшылыкты, тынчтыкты тилеп калат экенсиң. Азыркы жашымда өзүмдү ойлобойм, мекенибизде болуп жаткан жакшылыктарды, жакшы кишинин жакшылыгы болуп жатса ошого сүйүнөм, жакшы адамдар менен жолугушуп калсам ага сүйүнөм. Жакшы кебибизди аябашыбыз керек экен, көзүбүз тирүү турганда өзүбүздү дагы, жан-жакабызды, дегеле жалпы элиме жакшылык каалап турган учурум".
Ырчы 1956-жылы 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарга катышып, тар чөйрөгө тааныла баштаган.

Турмушка чыккандан кийин 1974-жылдан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан баштап Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан.

1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болушкан. Так ушул фестивалда Саламат Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнага алгачкы кадамын таштаган.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Эки кызым жолумду улап жаркырап сахнада жүрө турган кыздар болчу. Экөө тең өнөрлүү, бири кыл кыякта, бири комузда кол ойнотушчу. Бирок эмнегедир менин жолум абдан татаал болду, атактуулугумду көрө албагандар көп ызалантты. Көтөрүмдүү экенмин, ошолор менин ордумда болушса көрөт элем. Көшөгөнүн артындагы мына ушундай катаал турмушумду көрүп калган кыздарым өздөрү сахнадан кетенчиктешти. Мен дагы каршы болдум. "Сахна үчүн мен турмушумду курмандыкка чалдым, силер жакшылап билим алгыла" дедим. Туура кылыптырмын, улуу кызым Кундуз журналист, окутуучу, кичүү кызым бир нече тилде эркин сүйлөйт. Экөө тең турмушта өз ордуларын таап, үй-бүлө курушту".
  • "Ушул жашка келип бир нерсени түшүндүм. Көрө албастар өмүрүнүн акырына чейин сени менен тымызын күрөшүп, "кайсы жерден көлөкөмдү түшүрүп жиберсем?" деп турушат. Душман алыстан келбейт, өзүңдүн чөйрөңдө болот. Ханышага мен жөнүндө ар кандай аңгемелерди айтып, мага түркүн түстүү боёкторду сүртүп, анын көңүлүн алган адамдар болгон. Мына ошол кишилер мени жайлады. Азыр ал эжеке кимдин ким экенин билип турган учуру. Жогору жактагы адамдарга менин таарынычым жок. Бактылуу адамдар бирөөнүн жашоосу менен иши жок болот. Ыр түнөгөн жүрөктө кир түнөбөйт. Муну менин репертуарымдагы жагымдуу ырларым даңазалап турат".

  • "Биздин курагыбызда үй-бүлөлүү адамдар жолугат экен да. Мен азыр ыйык дасторкон четинде отурам. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузайын, тартып алайын деген ой менде болгон эмес. Ушул мүнөзүм менен куру жалак калдым. Болбосо эжекеңе далай мыкты жигиттер көз салышкан. Башы бош эр-азаматтар, чынын айтыш керек, жолуккан жок".

Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Бир да жолу ырчы экенин пайдаланып иш бүтүрүп көргөн эмес;
  • Турмуш куруу сунушун жалаң гана үй-бүлөлүү мырзалар киргизишкен, бирок ырчы аларга терс жообун берген;
  • Кыздарын чыгармачылыкка аралаштырганды каалабайт, анткени сахна артындагы турмуш кандай татаал экенин өз жон териси менен сезип көргөн.

28-сентябрга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.09.2018. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
18-10-2018 17:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз менен эжекеси. 62 жаштай корунбойсуз. Ар дайыма ушундай жапжаш болуп журо беришинизди каалайбыз. Ден соолукта болунуз.
28.09.2018. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
07-08-2019 01:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болунуз эжеке.мен сизди жакшы кором сыйлайм.деп.Малика
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134718;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: