реклама
super.kg logo

"Эйр Астана": "Жүргүнчү учактан түшүрүлгөн маалда мас абалында болгон". Ал эми Зууракан Каденова окуяны башкача түшүндүрдү

 

Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова SUPER.KG'ге Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто орун алган окуясын айтып берди. Зууракан Каденова ошол учурда мас абалда болгону боюнча таратылган маалыматтар калп экенин айтты.

"Мен учууга жакын жүрөгүм ооруп жаткан. Жөнөкөй учурда корвалол дарысын 30 тамчыдан ичип келсем, Сеулдан Алматыга жетүү үчүн 6 сааттан ашык убакыт кете тургандыктан көп ичип алган болчумун. Артынан муз кошулган эки бөтөлкө кола ичип алгам. Мүмкүн ошонун курамында эле бир нерсе болбосо. Анан чуркап келип эле учакка отурганымда өзүмдү жаман сезип баштадым. Кускум келип кеткенинен учактын дааратканасына барайын десем ачыла элек болуп калды. Кыздар баштык алып келип берип, ага кусуп жибердим.

Учактын кызматкерлери келип "сиздин абалыңыз начарлап кетти, уча албайсыз" деп мени учактан түшүү керектигин айтышты. Мен уча берейин деп бир нече ирет суранганыма карабай түшүрүп коюшту. Анан элден мурун каттоодон өтүп алгандыктан биздин жүктөрдү чыгаруу үчүн жүргүнчүлөрдүн баарын түшүрүштү. Кайра учуп кетүүсүнө эки саатка жакын убакыт кетип калды. Менин учактан чыгарууда тоскоолдук жаратканымды айтып жатышат. Чынында андай болгон жок. Компания өкүлдөрү мага "кабатырланбаңыз, баары сиздин сырткы көрүнүшүңүз спирт ичимдигин ичип алган адамдай көрүнгөнүн айтканы менен, чынында сиздин ден соолугуңузда маселе болуп жатат" деп билетимди бир күн артка жылдырып беришти. "Кара тизмеге" кирген жокмун.

Ошондон кийин эле Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинин кызматкерлери келип мени жатаканага жайгаштырып, 23-сентябрда ошол компаниянын учагы менен учуп келдим. Чынын айтканда, спирт ичимдигин таптакыр ичип көргөн эмесмин", - деди Каденова.

Каденова Түштүк Кореяга эмнеге барганын жана жогорудагы окуядан кийин аны кызматтан алынып калганы боюнча түшүндүрүп берди.

"Түштүк Кореядагы эл аралык инвестиция боюнча уюмдардын бири былтыр биздин бир кызматкерибизди окуткан. Быйыл да чакырышканынан биздин министрликтин эки кызматкери жана мен болуп барып окуп келдик. Жалпы 20 күн жүрдүк. Ал эми менин кызматтан бошотулушумду туура эле кабыл алдым. Өзүм катачылык кетирбегеним менен, өзүмдөн жогорку кызматтагы жетекчилердин чечимин сыйлайм", - деди Каденова.

Зууракан Каденова отурган учакта ошол күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова да болгон. Ал окуяга күбө болгонун билдирди. "Бизди, Сеул-Алматы каттамындагы бардык жүргүнчүлөрдү чыгарышты. Бир жарым саат бою биздин министрликтердин биринде иштеген мас аялды алып чыга албай убара болушту. Жазбайын дедим эле, бирок аябай жиним келди. Эмне деген шумдук, уят", - деди Исмаилова.

Аталган жагдай боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да маалымат тараткан.

Ал эми каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясы менен байланышканыбызда жүргүнчү учактан түшүрүлгөн маалда мас абалында болгонун тастыктады.

"Жүргүнчү чынында учактан түшүрүлгөн учурда мас абалында болгон. Эгерде жүргүнчүнүн жүрүм-туруму учууга кооптуу деп эсептелинсе, учактын экипажы аталган жүргүнчүнү каттамдан түшүрүү чечимин кабыл алат", - деп билдиришти компаниядан.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
24.09.2018. 14:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
301
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
04-04-2020 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эми түштөн кийин актанбачы
25.09.2018. 12:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
29-11-2018 10:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүтүндөй мамлекеттин абройуна шек келтирип коюп эми актанып жатат. Уят деген болуш керекда. Мындайлады камаш керек кызматтан кетип эле кутулуп кетпеши керек.
24.09.2018. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
694
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
03-04-2020 22:55
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туштон кийин актангандын кереги эмнн...
24.09.2018. 14:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
636
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
05-09-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+17
Откондо бир форумчу жазгандай"тамагыма эле бирнерсе кошуп койду"деп актанып кетет дедиле, ошондой эле болдуго!Балиии биздикилерге соз жок,суудан кургак чыгып кеткиси келет
24.09.2018. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
25-08-2013
Соӊку аракети:
05-02-2020 13:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сүлүктү
+9
Эми не дейбиз сөзүңүзгө ишендик аябай
24.09.2018. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
19-03-2020 02:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+13
Койчу ай! Ошончо элди тиктетип туруп жалган суйлоп жатаканын,баары тастыктап жатпайбы.Бир эмес бир нече адам. Мас менен оорукчандын айырмасын ошончо адамдын ичинен бироосу айырмалайт эледа.Эсил кеткен убакыт ссенин орлуна бир татыктуу адамды жонотсо жакыш болмок.
24.09.2018. 14:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
16-05-2018
Соӊку аракети:
12-10-2018 02:49
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне деп актанат экен деп кутуп аттым эле, балдарынын, жолдошунун, ата энесинин, кайн журтунун алдында эмне деген адам болду ээ. Балдары кочого чыгуудан намыстанып калса керек. Эркек адам болсо тушунууго аракет кылмаксын.
24.09.2018. 14:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
30-04-2015
Соӊку аракети:
30-07-2019 07:13
Жынысы:
Белгисиз
+11
Башка эле себеп ойлоп тапса болмок эжекем же болбосо такыр унчукпай эле коюш керек болчу. Анда эмне валерьянка кыргызга башкача действие берип калганбы. Илгери валерьянка ичкендер тынчып эс алып кылаар эле,бир нече сааттап урушпай.
24.09.2018. 14:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
29-10-2018 15:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал бул чиновник айымдын өтө мас абалында болгонун өз көзү менен көргөндөй айтып, сүрөттөп берген маалымат булактарына. Бирок, дал ошол убакта Кылыч Султан Сеулдагы аэропортто эмес, Кыргызстанда жүргөн. Ал эми ал жактагы элчиликтин кызматкерлери аэропортко 1,5-2 саатта араң келишкен. Бирок, Кылыч Султан өзүнүн кызматкерлери али аэропортко жетелекте эле жогорудагыдай комментарий берип жиберген. Ошондо мыйзам ченемдүү суроо жаралат: К. Султан З. Каденованын мас экенин кайдан билди?
24.09.2018. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
585
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
04-04-2020 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичпесе ошончо аэропортун кызматкерлери алдап атышыптырда ичкен деп.Омуру ичпептирго.Тополон кылса дагы коро албайсынар Кыргызстанды таанытып атпайбы дуйного
24.09.2018. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
26-03-2020 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Бул айым мамлекеттик кызматта иштеп ушундай наадандык ишке барганын көрүп уялбагандан өзүн уял эле иш болуптур. Башкаларга үлгү болуштун ордуна уят жоругун башка жакта көрсөтсө болмок.
24.09.2018. 15:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
10-03-2018
Соӊку аракети:
09-09-2019 20:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун акчасы эмес эшектей ичкен эми өлгүчөң актана бер
24.09.2018. 15:58 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
max-bek,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
БАНга!
24.09.2018. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
17-05-2018
Соӊку аракети:
04-04-2020 14:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы бир кино бар го Эмил Эсеналиев самолётко олтураарда 5литрлик кымызын ичип алат, ошондой болуптур да
24.09.2018. 16:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
26-03-2020 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Мындай мамлекеттик кызматта иштегендерди катуу чара көрүп, экинчи мындай жорук жасаганга жол бербеш керек.
24.09.2018. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
381
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
04-04-2020 17:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул бети жок чондордун бир нерсе болсо эле журогу ооруп калат
25.09.2018. 02:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
29-10-2011
Соӊку аракети:
21-03-2020 01:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бухайтетип алдым майрамдап кечирип койгула эми кимде болбойт мындай деп койсо эл тушунмок...минтип калпты суйлобой.
25.09.2018. 02:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
04-04-2020 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп ичип алып куссан керек, аял башын менен.
25.09.2018. 08:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-06-2015
Соӊку аракети:
04-12-2018 17:42
Жынысы:
Белгисиз
0
далил фактыларсыз эле каралай берген болбойт. мумкун чындап эле корвалолдон кийин конулу айланып кускусу келгендир. оз жанын ооруп турганда эчнерсе жакпай турганда коруп алышып эле мас дей беришеби. анын устуно чатак салбаптыр. элчи Кылыч деле айтпадыбы, чатак салган жок агрессивдуу алып журду деп. конулун айланып турганда агрессивдуу биякта турсун эчнерсе жакпай калат го. комментарий калтырганда этият болгула.
25.09.2018. 08:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-06-2015
Соӊку аракети:
04-12-2018 17:42
Жынысы:
Белгисиз
0
мас болгонун далилдеген фото видеолор барбы, сразу жайнап кетчу элего мындайда. ЖОК ДА!!!!
25.09.2018. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
26-03-2020 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Каденова кызматынан кол жууду. Эгер анын бийликте таянган адамы болсо эбак эле ордунда кала бермек.Эми бул аялдын иши дыкат иликтенип чыгышы керек. Күнөө бир эле аялда эмес башкаларда дагы болушу мүмкүн.
25.09.2018. 15:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
29-10-2018 15:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун бул окуя президент Жээнбековдун Кеминде суйлогон созунон кийин чыгып олтурат. Бул дал келуучулук эмес, атайын уюштурулган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140601;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: