super.kg logo

Элчилик: "Москвада мекендешин көзгө аткан Кыргыз жаранынын жана жабырлануучунун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө"

 

Буга чейин Москвага Кыргыз жеринен барган 2 адамдын ортосунда жаңжал чыгып, бири экинчисинин көзүнө пневматикалык
тапанча менен атып салганы жазылган. Кыргыздын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыктап, окуя 19-сентябрда эртең менен саат 7:00дө болгонун кабарлады.

Элчиликтин билдирүүсүнө ылайык, мындай окуя жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин Кыргыздын Москвадагы өкүлчүлүгү Соколиная гора райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.

"Полиция бөлүмү 2 Кыргыз жаранынын ортосундагы чыр "Ысык-Көл" кафесинин жанында болгонун тастыктады. Чырдашкан адамдардын бири экинчисин пневматикалык тапанча менен көзгө атып жибергенде кылмыш катталган жерге полиция келген. Алар курал колдонгон Кыргыз жаранын кармап кетишкен. Жабырлануучу №36-ооруканага жеткирилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны ооруканага жаткыруу муктаждыгы болгон эмес", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.

Ошондой эле жаңжалдын катышуучуларынын аты-жөнүн тактоо жана аларга карата кабыл алынган чечимдер тууралуу билүү үчүн тиешелүү тараптарга кайрылуу жолдонгону кошумчаланат билдирүүдө.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.09.2018. 15:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
20-12-2018 04:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жон журбой калдынар го, бирин этин бирин жеп, тапанча которуп журсо бандит значит, айбандар
22.09.2018. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
05-01-2020 16:35
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээээ эшектер десе. Ушул москвадагы кыргыздардын кафе клубтарын баарын жаап салса экен. Жапкылачы ал жакта шайтандардан башка эч нерсе жок. Дагы Ангел деген да клубу бар атына куйосунда шайтан деп эле койгула атын. Ылайым ошол кафе клубунар куйуп кетсекен.
22.09.2018. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
28-01-2020 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+4
Копчулук жердештер кичине акча кармап алып катый баштады,мындай кок мээлер кочодон коп кездешет Москвада.Кафе ресторандарды жабыш керек тез арада,жанжалдын баары ошо тунку клубдарда болуп жатат.Ошол кок мээлердин айынан бут кыргыз мигранттар жаман корунуп жатышат...
22.09.2018. 17:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
28-01-2020 11:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто дейт го. Бизде пожар болгону калды. Жакында бир дагы олкого кире албай калышат го кыргыздар
22.09.2018. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
28-01-2020 12:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
-2
Ушуга окшогон копкондордун айынан, мен тааныган 50дон ашкан эже 2кундон бери отделениеде отурат. Эми понедельникте билинет, депорт болобу же болбойбу,болсо качан белгисиз , регистрация жасаган кыргыздарга да
24.09.2018. 00:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
16-03-2017
Соӊку аракети:
19-01-2020 18:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун жеринде жургондон кийин жон эле журушпойбу башкаларды жаман корсотпой кыргыздар не болуп баратабыз жаман жанылыктар только биз жонундо болуп калды го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136651;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: