реклама
super.kg logo

"Коопсуз шаар" боюнча аукциондо систем эмне себептен жабылып калганы айтылды

 

Бүгүн, 30-августта “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тегерек стол өтүп жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемировдун билдиришинче, өткөн сынактын үзгүлтүккө учурашына катышуучулардын биринин туура эмес маалымат киргизгени себеп болгон.

“Маалыматтар туура эмес киргизилгени үчүн систем жабылып калган. Анда сынактын баасы белгиленген босогодон өтүп кеткен. Мунун себебинен тендердик комиссия сынакты жараксыз деп тапкан. Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу кайрадан жарыяланды. Тендердик комиссиянын курамы мурдагы боюнча өзгөртүүсүз калтырылды. Мындан сырткары техникалык тапшырмалар жана сынактын шарттары жана көрсөтүлгөн документтери мурдагы боюнча калды. Коопсуз шаар алкагында видеокөзөмөл системдерин орнотуу боюнча тендердин баштапкы баасы 2 миллиард 500 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоордун шарты боюнча жеңүүчү Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишине, эл аралык маанидеги жолдорго видеобайкоолорду орнотушу керек. Сынакка катышуу үчүн арыздар 4-сентябрь күнү саат 15:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми сынак ошол эле күнү өткөрүлөт”, - деди Шатемиров.

Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлүп жаткан сынактын системи 23-августта бузулуп калган. Анда система 50,5 миллиард сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп таап, калган катышуучулардын сунуштаган суммасы көрсөтүлгөн эмес.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.08.2018. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
806
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
04-09-2020 16:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Коопсуз шаар долбоору Кыргызстанга өтө керек. Бул долбоордун артын менен көп иштерди бүтүрүп алсак эмнеге болбосун. Азыр дүйнө технолошуу доорунда биз дагы бет алышыбыз керек. Болбосо артта калабыз.
30.08.2018. 13:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
17-03-2019 12:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Техника деген техникада эч ким толлук кепилдик бере албайт ошондуктан мындай нерселерди тушунуу менен кабыл алуу керек деп ойлойм.
30.08.2018. 14:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
19-12-2010
Соӊку аракети:
07-03-2019 18:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Бул жагынан да акча иштеш керек болгон тура!!! Катышуучудардын маалыматты туура эмес киргизсе тендер эч качан жараксыз болуп токтоп калбайт. Ошол маалыматты туура эмес киргизген компаниянын документи жараксыз болуп табылат да, калган катышуучулардын документтери жарай берет. Эмне учун бир компаниянын катасы учун бут тендер отмена болуш керек? Ай кыргыздар онолбой калдык го!!
30.08.2018. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
25-10-2020 00:12
Жынысы:
Белгисиз
0
50,5 миллиард 1 миллиард долларга жакын болуп кетип атат. Башталганда 12 миллион долларга турктор жасап беребиз деп жатканда,ар ким озунун долясын кошуп жатып 60 миллионго чыгарды эле. Силердин журналистинер 50 миллиард сомго чыгардыбы же чын эле ошол суммага баалап жатышабы?
30.08.2018. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
24-10-2020 19:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаандаштарды сүрүп чыгуу деген оюн бул
30.08.2018. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
806
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
04-09-2020 16:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эми мындай техникалык мүчүлүштүктөрдү кайталабасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153706;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: