super.kg logo

Башкы прокуратура: "Беларусь өлкөсү Данияр Үсөновго чара көрүү боюнча өтүнүчтөн баш тартууда"

 

Беларусь өлкөсү мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго чара көрүү боюнча өтүнүчтөн баш тартууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 30-июлда кабарлашты. Маалым болгондой, башкы көзөмөл органы 2017-жылдын 14-декабрында Беларусь өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына кат менен кайрылып, аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издеп, кармап чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок Беларусь өлкөсү КМШ өлкөлөрүнүн укуктук жардам жана жарандык мамилелер боюнча конвенциясынын 21-беренесине таянып, өтүнүчтү аткаруудан 2018-жылдын 6-мартында баш тарткан.

"Беларусь тараптын мындай жообуна карабай 2018-жылдын март айында Башкы прокуратура Данияр Үсөновду соттук чечимдерге байланыштуу Кыргыз мамлекетине өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Учурда Беларусь тарап Данияр Үсөновду өткөрүп берүүдөн баш тартканына карабай өткөрүп алуу аракети улантылат", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланууда.






кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
30.07.2018. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-10-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакиев экоо Кыргызстанда уурдаган акчаларына Беларусияда завод ачып журушат. Кыргызстанга завод курмак тугул тоок кана салганга жарашкан жок.
30.07.2018. 20:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
07-02-2013
Соӊку аракети:
27-12-2019 13:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эч качан алып келе албайт, 500%
30.07.2018. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
26-01-2020 00:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айтты койду да алып келебиз деп.колунардан келбейт.
30.07.2018. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
25-01-2020 16:07
Жынысы:
Белгисиз
-2
Буларды апкелгенде эмне эми?
Андан коро Кыргызстанда жургон Атамбаев, Албек Ибрагимов, ТЕЦти жегендерди кустуруп бюджетти толтургула!
30.07.2018. 22:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
07-02-2018
Соӊку аракети:
16-08-2018 11:58
Жынысы:
Белгисиз
-3
оа Кыргызстанды конгшу өлкөлөр тоготпойту Беларусь карапда койбойт
30.07.2018. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
190
Катталган:
27-02-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 22:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Силерди башка мамлекет качан укчу эле
30.07.2018. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
02-07-2018
Соӊку аракети:
09-11-2019 04:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан эч качан онолбойт, бир бутун боло албайт. Себеби кошуна кошунага жардам бербейт азыркы учурда. Ынтымак жок,элдердин арасы ыдырап буткон. Баары озун акылдуу сезет. Кыргызстанды башка мамлекет тоготпойт деп келечектеги жаштар суйлоп отурса эч кандай умут жок. Акча, бийлик, мансаптуулар Данияр Усонов сыяктуу башка жактан тунок таап орун алып кетишет. Баякы эле келип колунан эчнерсе келбеген, бироо которулуп кетсе коро албаган ынтымагы жок же эчкимге зыяны тийбеген момун байкуш элдеркалат
30.07.2018. 23:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
25-01-2020 22:26
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздогу жегичтердин жегенин толото албайт анан башка малекеттегиге кайдан алы жетсин,калпеле мактана беришет экен да
31.07.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
362
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
26-12-2019 09:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урицкий!
Ууру ИТский жакшы фамилия коюп алыптыр.Билетда ким экенин.
31.07.2018. 10:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7596
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
24-01-2020 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-1
bekmaral,Atas, этика нормаларын сактаап, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: