super.kg logo

ИИМ: "Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иш жаңыланды"

 

Спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев 24-июлда өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шектүү учурда Орусиянын аймагынан изделип жатат.

"Абасовдун өлүмү боюнча иш жаңыланды. Жаңы версия боюнча жаңы план түзүлүп, ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Учурда шектүү адам Орусиянын аймагында качып жүрөт. Ал Кыргыз жараны", - деди ал.

Абдиев ошондой эле маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөөгө алынган Калыбек Элтуйбасов учурда АКШда жүргөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, эл аралык аренада Кыргыз туусун желбиреткен, кикбокс боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасов мындан 4 жыл мурун өз унаасында болгон жардыруудан каза болгон. 2014-жылы 27-мартта саат 18:00 чамаларында Токмок шаарынын 3-кичи районунда Тойота Ленд Крузер 100 үлгүсүндөгү жол тандабас жарылган. Унаада Руслан Абасов жана анын аялы болгон, жардыруудан улам спортчу оор жаракат алып, ооруканага жетпей жолдо көз жумган.

Ал эми 2014-жылы 10-мартта дайынсыз жоголгон Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси 16-мартта Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылган.

Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1 миң 500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "маркум Дүйшөбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн" делип, айрым белгилүү адамдардын ысымдары айтылган. ИИМ тараткан маалыматтарда, алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана Аида Салянованын аталаш тууганы Калыбек Элтуйбасовдордун да аттары бар.

Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.



кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
24.07.2018. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
25-01-2020 05:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+1
Апппачык эле корунуп турат Салянов Элтуйбас куноолуу экени
24.07.2018. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
21-01-2020 15:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
ady-88,куноолуу экенин сот чечет бирок саунага алып барып акча берип жургону аныктылаптыр. Оорун жашырсан олум ашкере кылат дегендей картайганда абийири ачылып калжактап качып журот
24.07.2018. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
27-02-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 22:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Торт жылда табылбаган кылмышкер мындан ары да табылбайт анткени ал акчанын артына жашынып алган да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: