super.kg logo

Пара алууга шектелген кафедра башчысы: "Мен бүтүрүүчүдөн эч кандай акча талап кылган эмесмин, анын баары атайын уюштурулган"

 

"Бүтүрүүчү кыз жетекчисинин ордуна өзү кол коюп диплом жактоого киргендиги тууралуу жазган түшүнүк катын кайра кайтарып алуу үчүн мени атайын "подстава" кылды" деп бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына пара алууга шектелип жаткан КУУнун Социология жана коомдук иштер кафедрасынын башчысы билдирди.

Анын пикиринде, интернетте тарап жаткан маалыматтар бир тараптуу.

"25-июнь күнү мага бүтүрүүчү кыз келип жетекчиси менен байланыша албай жатканын айтып, диплом жактоого кирүүнү суранган. Мен ага "жетекчиң менен байланыш уруксат берсе кол коюп берем" дедим. Бирок ал жетекчиси менен байланыша албай калган. Жетекчинин пикири үчүн бүтүрүүчү өзү кол коюп жактоого кирип кеткен. Ал убакта жетекчиси дагы жумушка келбей дайынсыз жоголуп кеткен эле. Кийин бүтүрүүчүнүн жетекчиси мага чалып, өзүнүн студентинин дипломдук ишин жактаганын сурап, ишинин пикирине кол коё электигин айтты. Андан кийин мен экөөнү чакырып, түшүнүк кат жазгыла дедим. Бүтүрүүчү кыз "ооба, мен жетекчинин пикирине өзүм коюп алгам" деп түшүнүк кат жазып берген. Ал эми мугалим жумушка келбей калганы үчүн ар кайсы шылтоону айтып түшүнүк кат жазуудан баш тарткан. Кайра бүтүрүүчү кыз өзүнүн жазган түшүнүк катын менден алуу үчүн атайын уюштуруп ушунун баарын жасап жатат. Аудио сүйлөшүү дагы монтаж, мен андан эч кандай акча сураган эмесмин", - деди кафедра башчысы.

Ал эми КУУнун Социология жана коомдук иштер кафедрасынын мурунку башчысы, кармалган жаңы жетекчи дипломдук ишти бешке жактаган бүтүрүүчүнүн ишинде жетекчинин колу жок экенин айтып, анын баасын жокко чыгаруу үчүн акча талап кылган деген пикирин билдирген.

Айта кетсек, 18-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы бүтүрүүчүдөн 27 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы тууралуу маалымат тараткан.



ЖОЖдо диплом жактоо 400 доллар турабы?

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
19.07.2018. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
14-04-2012
Соӊку аракети:
26-01-2020 23:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эптеп кутулуштун жолун издеп аткан учуруго Эми финпол бошотуп койот алган эмес деп
19.07.2018. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
30-12-2019 16:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен пара бербей эле окуумду бутургом Улуттук Университетинде, окусан эле койуп берет бааны мугалимдер студенттер озу окугулары келбей оной жолу менен бутургулору келип акча беришет.
19.07.2018. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
25-10-2019 09:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazgul20,Бул жерде башка себеп болуп жатат, жакшылап окусаныз тушуносуз...
19.07.2018. 11:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
27-01-2020 00:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ойлогом подстава Деп себеби мугалим эч качан Акча Бер дебейт. Аны ортомчулары аткарат.
20.07.2018. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
14-01-2020 21:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм 15 жыл мурун окуганымда ЖОЖдо биздин декан жок жерден акча алган менден дале.Менин сабакка жетишпей калганым учун эмес...Кийин саал нервден айнып калыптыр дешти эле азыр не иш кылат билбейм.ОШ ТУнун 2000-жылдары экономика факультетинин деканы эле.500 сом алган, бирок ошондогу 500 сом акча мен учун азыркы учурдагы 50 000 сомго тете эле.Кыйналып зорго окугандардын акчасын жеп тез эле тешип чыккан тоба...
Super TV
22.07.2018. 10:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-05-2017
Соӊку аракети:
21-10-2018 01:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кумалак бир карын майды сасытат дегендей, айрымдары мугалимдердин атын ушинтип булгайт. Жакшы окуган студентти бополоп жогору которуу мугалим учун жеткен сыймык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136602;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: