super.kg logo

Орусияда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзам күчөп, полиция Кыргыз жарандарын кармоодо

 

Орусиянын Таганск районунда полиция кызматы Кыргыз мигранттарын кармап райондук полиция бөлүмүнө жеткирүүдө. Мындай маалыматты Орусияда иштеген айрым Кыргыз жарандары социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчалары аркылуу таратууда.

Андагы маалыматтарга токтолсок, 70ке жакын Кыргыз жараны кармалып, айрымдары 5 миң, 10 миң рубль берип чыгып жатышат. Учурда 30 жаран эч кандай шарты жок бөлмөдө кармалып турганы жазылууда. Ал эми бул тууралуу мигранттардын юристи Валентина Чупик буларды билдирди.

"Полиция бөлүмүндө 30га жакын адам кармалып турат. Эмне себептен кармалганын полиция түшүндүрүп берген жок. Кыргыздарды кармоо түн жарымында башталган. Мага кайрылгандардын айтуусунда, алар таңкы саат 6:00дөн бери полиция бөлүмүндө жүрүшөт. Аларды кыргыз болгону үчүн камашкан. Негизи кыргыздарды кармап, камап коюу көнүмүш адатка айланган. Мен жарандардан кимдин документи туура, так болсо, алып келүүсүн айткам. Болгону 7 гана адам алып келди. Бул кармалган жарандардын да документтеринде маселе бар экенинен кабар берет", - деди юрист Чупик.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчисинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуя боюнча жооп кайтарды. "Биз Кыргыз мигранттары менен байланыштабыз, учурда документ текшерүү жүрүп жатат", - деп билдирди элчиликтен.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзамга кол коюп, мыйзам 8-июлда күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар иштеген жерине эмес, жашаган жери аркылуу гана каттоого туруусу зарыл.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(29)
10.07.2018. 16:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+35
Элчиликтин жообу дайыма бирдей,жаттап алышкансып бир созду эле айта беришет,козомолдоп жатавыз,байланыштавыз деп эле
10.07.2018. 23:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
15-10-2017
Соӊку аракети:
17-05-2019 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+10
Элчиликтин барынан жогу жакшы айткылачы кимге жардам берди ?
10.07.2018. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
04-01-2020 07:09
Жынысы:
Белгисиз
+14
Элчилик иштебеген иштебейт дагы аларга ордынкада отурган еле кызык элдерди каратып койуп кылыч султановду койуш керек еле
10.07.2018. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
28-03-2018
Соӊку аракети:
28-07-2019 13:35
Жынысы:
Белгисиз
+23
эмне орустар футболдон женилип калганын кыргыз мигранттардан чыгарып жатабы.Суйлошуулорду жургузуу зарыл эмне кылып журот миграция комитети жана орусияда элчилик.
10.07.2018. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
17-01-2020 23:05
Жынысы:
Белгисиз
+16
Биздин дипломаттар жакшы иштебей жатышат эч убакта жашаган жерине койбойт каттооого озу аран снимать этесин квартираны элчилик чечип койсо болот болчу ушул койгойду
10.07.2018. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-01-2020 11:47
Жынысы:
Белгисиз
+13
Футбол бутту, биздин команда женилди эми башка нерсе менен алаксыйлы дешкен го орустар. Россия Россия деп болейтетип кыйкырып жаттынар эле биздин кыргыздардан да ошонунарды эске алышат бекен эми.
11.07.2018. 01:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
15-01-2020 17:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
+4
bond02,Россияга болеть этпегениме суйуном
10.07.2018. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
18-01-2020 11:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москва шаарында кимде кандай маалымат болсо жазгылачы
10.07.2018. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
817
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
18-01-2020 12:03
Жынысы:
Белгисиз
+10
Квартира берген адам эч качан пропискага койбойт.Ошондуктан квартиранын ээсине миллетүү түрдө регистрация кыла турган мыйзам киргизиш керек болчу.
10.07.2018. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
09-01-2020 10:44
Жынысы:
Белгисиз
+16
Елчилик иштемек турсун барсан кыргыздарга орусча суйлоп еч нерсени тушундургусу келбейт го Тим еле бир жолу еле айтам башка кайталабайм деп алардвн еч нерсе кутуштун деле кереги жок
Asekkg түзөттү 2018-07-10 18:52:32
10.07.2018. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
523
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
11-01-2020 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аэропорттон дагы катуу текшерип атышат.
10.07.2018. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
18-01-2020 12:21
Жынысы:
Белгисиз
+8
Футболдо Орустарга болельщик болуп жатат эле көпчүлүгү Орус акемдер жакшы деп
10.07.2018. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
17-01-2020 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+12
Орустарды фудболдо колдоп, тим эле ХХХХХХХХХХХХХХ иий коруп жатам орусунарды. Булар эч качан жыргатышбайт. Орустардын тилин уйронгончо, Англис тилин уйронуп Европага кеткиле, орустардан жакшылык кутбогуло
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-11 11:03:39
11.07.2018. 03:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
07-07-2015
Соӊку аракети:
15-12-2019 18:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Djumahmatov,мен да ошону айтамда алга россия деп кыйкыргандачы кыргызстан финалга чыккандай суйунуп .
10.07.2018. 20:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-11-2017
Соӊку аракети:
07-06-2019 15:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Москвада текшерүү катуу жүрүп жатат бирок көбүнчө документтер базадан чыкпаганы үчүн камалып олтурушат
Биздин элчилик эмне кылып жүрөт бул жакта андайды карай албаса билбейм.
10.07.2018. 20:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
27-07-2018 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
АША менен Сокенин оздоруно окшогон жепжутар элчилиги, элчилик элге жардам беруучу орган эмес, кайра тоноочу орган!!!
10.07.2018. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1014
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
05-01-2020 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+7
Депортация кылса сыраз келе бергиле бишкекте эчким ачкалыктан олуп жаткан жок
10.07.2018. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
18-01-2020 10:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+5
Гулзат Мамытбек каякта журот? Укмуш Россия деп кыйкырып чыкпады беле!? Орустар бир нерсе жасап бере тургансып!
11.07.2018. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
17-01-2020 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kanzada97,Эси дарты Том Круз болуп журот ал "Планетаны мен сактап калам" деп оолугуп Томду издеп. Мигранттарга балээге жардам береби ал, сектасына башы жокторду топтоп журот ээн баштанып, корунгон эркектин менин атам бул, мен Курманжан Даткамын деп маарап-жоорап,кечээ эле Москвага келдииим деп жалжактап инстада журот эле видеосу. Ошону Посольствого киргизип жибериш керек, элчинин мээсине "чай кайнатып" чыксын,балким анан элчи ойлоноор
10.07.2018. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
26-06-2012
Соӊку аракети:
19-08-2019 14:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
махабат
+2
Улуу урматтуу жогорку бийликтегилер мигранттардын көйгөйүн оң тараптуу чечилүүсүнө көзөмөл кылыңыздар, бюджетке канчалаган мекендештерибиз салым кошуп казынаны толуктап жатышат. Биз Евразия экономикалык биримдиктин мүчөсүбүз. Биздин мигранттарга жеңилдиктер каралышы шарт. Элчилик эч качан иштешпейт качан карабайын бир сөздү жаттап алышкан " көзөмөлдөп иштеп жатабыз" булар айлык жеп жатат. Патриот күндүр түндүр жанын берип иштеген жарандарыбыз бар. Ошолор иштеп берсин, болбосо элчиликти жоюш кере
10.07.2018. 22:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
14-08-2013
Соӊку аракети:
08-03-2019 16:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайнимди да кармап алган экен. Документи базадан чыкпаптыр 7мин берип кутулуптур. Куздо кармап алганда базадан чыккан экен. Бул жерде мафия болуп жатат
10.07.2018. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
168
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
18-01-2020 11:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул элчиликтен 2балама вкладышты 1500рублдан жасатканбыз. Жакында досум элчиликке звонок кылып вкладыш канча десе бекер деди. Куйоом да башка документин аркасынын чуркап жургон элчиликте анан кызматчылардан сураса бекер дейт ой былтыры эле жасатканбыз деп айтты. Мойнуна албай коюшту не может быть дешип. Кимдер ушул жерден акчага жасаткан жаза кетсенер. Жеенбеков коррупция менен күрөшүп булар да кичине таза иштей баштаган окшойт вкладыщ бекер деп
11.07.2018. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1014
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
05-01-2020 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
jalguzum, Жеенбеков ал бир жалгыз эле адам касы бирине жетишсин эми жалпы эл онолуп жардам берели ага журогундо ыйман болсо онолоор элчиликте иштеген пенделер нарагында жок блсо Бекер онолбойт андайлар
11.07.2018. 00:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
291
Катталган:
19-01-2013
Соӊку аракети:
16-01-2019 23:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
тообоо бизин элчилик барбы?бийлик барбы?Москва эмне десе кысып ошону аткаргандан башка эмнеге жарайт биздин бийлик?жэ тажиктин бийлигине окшоп тишинин кырын корсото албаса,жэ озбектикине окшоп тоопбой койо албайт.Москва менен Астана эмне десе лаббай дейтко биздин типа бийлик!
11.07.2018. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
17-01-2020 15:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekish-kg, "карызынды толоп анан суйло" деп жатса анан эмне кылмак эле Кыргызстан? Карызыбыз 4 миллиарддан ашып кетти,эртен Кытай да келет "кын дебе",болбосо карызды тогуп кой деп.Биздин бийлик бала-чака,небере-чеберелерибизге карыздан башка,эшектин тезегин да калтарган жок.Мамлекетибиз кредит ала берип, уй-жайынан чекеден кол жууп, банктар толо деп коркутуп жаткан жаткан бир байкушка окшоп калды. Мунун баарына 120 депутат,министрлер менен Президенттер куноолуу.Кайран жери
11.07.2018. 00:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
07-02-2019 03:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖАЛАЛ-АБАД
0
Одинцоводо күндө менттер келип тажатты
11.07.2018. 01:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1009
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
17-01-2020 20:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+1
оххх(((( журогууумм,бул жакта журок оорутчу темагооо(((
11.07.2018. 01:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-03-2018
Соӊку аракети:
07-03-2019 02:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулзат Мамытбек Россияга жагалданып ыр чыгарып ийген ээ
11.07.2018. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
17-01-2020 13:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болот закон кучуно кириптир,баарыбыз эле иштеген жерге оформление болгонбуз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136269;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: