реклама
super.kg logo
  Спорт  

Бельгиялык дарбазачы издеген Кыргыз жигити: "Кыялдар орундаларына дагы бир ирет ынандым"

 

2-июлдан 3-июлга караган түнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында орун алган Бельгия-Япония беттешинен кийин социалдык тармактарда бельгиялык дарбазачы Симон Миньоле Кыргыз күйөрманын издеп жаткандыгы белгилүү болгон.

Дарбазачы издеген күйөрман 21 жаштагы Арсен Алтыбаевди таап сүйлөшкөнүбүздө, ал төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Бул окуядан кийин кыялдар орундаларына дагы бир ирет ынандым. Анткени мындан 8 жыл мурун Орусияда өтө турган Дүйнө биринчилигине барсам деп тилек кылган болчумун. Апамдын жардамы менен азыркы тапта миллиондогон адамдардын башын бириктирип турган Дүйнө чемпиондугуна барып оюн көрүү кыялым орундалды", - дейт Алтыбаев.

Футбол күйөрманы Бельгия-Япония беттешине жөн гана күбө болбостон, ага жаккан дарбазачы Симон Миньоленин футболкасын сурап көрүүнү чечкен.

"Оюн башталардан бир нече саат мурун келгем. Миньоле мени байкап кол чапкан, бирок жаныма келген эмес. Бирок мен үмүтүмдү үзбөстөн оюн бүткөнгө чейин колумдагы плакатты түшүргөн жокмун. Оюн бүткөндөн кийин көптөгөн тааныштарым Миньоле мени издеп жаткандыгын айтышты. Алгач ишенген жокмун, бирок Твиттердеги билдирүүсүн көрүп аны менен байланышканга аракет кылдым, азырынча жооп бере элек", - деди футбол сүйүүчүсү.

Арсен Алтыбаев учурда Кипр мамлекетинде билим алат.

"Эс тарткандан бери эле "Ливерпуль" футболдук клубуна күйөрмандык кылам. Футболду абдан жакшы көрөм. Анткени футбол адамдарды бириктирет", - дейт Алтыбаев.


кошулду


Бельгиялык дарбазачы Симон Миньоле кыргыз күйөрманын издеди

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
03.07.2018. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
15-12-2017
Соӊку аракети:
26-05-2020 01:52
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы,жакшы.Тилектерин орун алсын.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-03 14:25:30
03.07.2018. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
26-05-2020 01:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-2
Дарбазада Куртуа турду го, ошодон сурабайсыңбы
03.07.2018. 13:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-05-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+7
ilgizk,Ливерпульга болейтетсе Куртуаныкын сурамак беле
03.07.2018. 13:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыялдар орундалат ийгилик
03.07.2018. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
389
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 19:15
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жакшы болуптур тилегин орундалып ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-03 14:26:10
03.07.2018. 14:26 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-05-2020 15:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Abdizhapar, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат! 3 күн БАНга!
03.07.2018. 13:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
03-01-2018
Соӊку аракети:
07-09-2019 23:06
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызбызда ушул жерден да кемчилигин издеп турабыз.
03.07.2018. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
224
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
18-05-2020 17:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
+2
Орустар айткандай мечтать не вредно
03.07.2018. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
04-03-2020 11:47
Жынысы:
Белгисиз
-8
oscar,Орустар айтканбы мечтать не вредно дешип?Андай болсо биз айтабыз Безполезно деп.Мечтать не вредно но без полезно!
03.07.2018. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
17-01-2011
Соӊку аракети:
23-04-2020 19:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Садагам Оштой жеримди..
+2
Ар жерден эле кемчилик издей берет экенсинер да.Канча деген фанаттар журот, баары белине байлап алып эле журушот го Москвада.Англия, Франция, Бельгия, Уругвай, Мексика кобун кордум.
03.07.2018. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
02-06-2011
Соӊку аракети:
10-04-2020 02:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жайлоо!
-5
Анын фудболкасын не кыласың,кызык
03.07.2018. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
28-03-2020 09:30
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кипрдемин деп айттырып кой. Чуйго келип издеп журо бербесин.
04.07.2018. 08:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
21-04-2018
Соӊку аракети:
24-07-2018 19:53
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол баланын деңгээлине жетип алгылачы биринчи, колуңардан к келбей эле дөөдүрөй бербей, молодец ошол чемпионатка барганы ошол жерде отуруп көргөнү озү жетишкендик.
04.07.2018. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
21-05-2020 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү жерде.
0
bayhan,ошону айтсаң
04.07.2018. 18:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
21-10-2018 23:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тилек жарым ырыс.
Super TV
10.07.2018. 16:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-06-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 17:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы э футболкасын эмне кылмак эле анын сүйүктүү оюнчусудур футболго кызыкпагандар ар нерсе сурай бересиңерда силер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: