super.kg logo

Чычкан суусуна түшүп кеткен унаа кырсыгында аман калган 1 жаштагы баланын туугандары изделүүдө. Баланын апасы кырсыкта көз жумган

 
Маркумдун 1 жаштан өтүп калган баласы
Бала жабыркаган эмес

Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадан каза болгон келиндин баласы Токтогул райондук ооруканасында багылууда. Милиция туугандарын табууга жардам сурайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жол кырсыгынын кесепетинен 1 жаштан өтүп калган баланын апасы каза болуп калган. Учурда маркум келиндин аты-жөнү такталбай жатат. Ал эми уулу Токтогул райондук ооруканасында багылууда. Баланын абалы жакшы, жаракат алган эмес. Мындан улам каза болгон аялды же баланы таанып-билгендер болсо Токтогул РИИБине байланышууну өтүнөбүз", - деди маалымат катчы.

Байланыш телефондор: 03738 5 02 02

Эске салсак, 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-июнь күнү саат 06:35те ӨКМнын Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Ал эми экинчи адам изделип жаткан. Ал эми унаа Бишкектен Ошко бара жатканы маалым болгон.


кошулду


Чычкан суусуна түшүп кеткен унаада тирүү калган наристенин туугандары изделүүдө

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
27.06.2018. 13:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
19-07-2014
Соӊку аракети:
26-02-2019 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+35
ии жаным десе.Апан жок кантесин эми козум менин.
27.06.2018. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
26-01-2020 01:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Такси кайда бара жаткан ошону жазып койсо болмок
27.06.2018. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+7
take1984, унаа бишкектен ошко деп жазыптырго
27.06.2018. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
22-01-2020 21:43
Жынысы:
Белгисиз
+23
Чырактай бала энесиз калды(((
27.06.2018. 13:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
29-08-2017
Соӊку аракети:
02-08-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+14
Степ машина бул куйдурлуго туну жолго чыкпай эле койгулачы айланайындар....
27.06.2018. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+24
Ото ширин бала экен байкуш. Журогум ооруп кетти. Эми кандай болот тагдыры. Энесинин олгонун билбей журот да ми ананайын. Кудайым колосун эми. Туугандары табылып. Мээрим тогуп багып алышсын. Кудайдын кудурети тооба, Апасы каза болуп баласы эчнерсе болбогонун. Алланын ишида. Тооба калдым. Кудай айтылбай келген кырсыктан,бей ажал олумдон, курулай дооматтан сактасын тооба кылдым.
27.06.2018. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
27-08-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+16
Туугандары өздөрү издебей жатабы келинди 2 күндөн бери жок болсо
27.06.2018. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
930
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
12-11-2019 10:17
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ииий ананайын.Коздорун...Эх али биле элексин да апан кайда экенин.О Аллах,наристелерди апасынан айрый корбочу суранам!(((
27.06.2018. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
413
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
26-01-2020 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ии ширинтай десе апасы жок кантет эми эне мээримине эчтеке жетпейтда
27.06.2018. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
27-09-2011
Соӊку аракети:
24-01-2020 14:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Биш))
+8
Кудайым мындай бөөдө кырсыктан алыс кылсын. Сүрөтүн карап туруп, журөк чыдабайт го чиркин,өз эркиме баш ийбей ыйлап алдым...Өтө жаман болуптур....
27.06.2018. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
23-01-2020 22:54
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сумкасында документи да жок бекен. Келиндин суротун да чыгарбаптыр да
28.06.2018. 00:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
08-10-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Бишкек
0
guli-1980,
Сумка кийимдери сууга агып кетиптир. Ошол учун ким экенин аныктай албай жатышыптыр. Жана жанылыктапдан ошондой деп берди.
27.06.2018. 20:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
02-08-2017
Соӊку аракети:
05-03-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул менин боломдун баласыго
28.06.2018. 00:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
24-08-2019 20:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
alina051506,болонду издебей эле турасынарбы тууган уругу баркы каякта деп кызыккан
27.06.2018. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
21-01-2020 13:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий жаным мынча ширин
Апасын издеп ыйлап жаткан го. Атасы кайда экен?
28.06.2018. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
26-01-2020 17:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Эмнеге ушул кезге чейин туугандары озу издебейт!
28.06.2018. 01:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 11:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Тусунуу ширин десе эми апандын калган омурун сага берсин (( бечара апасы, баласы эх ыйладымгоооо...
28.06.2018. 01:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
02-01-2018
Соӊку аракети:
12-12-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнанып кетейин козу
Апанын бейишин берсин сенин омуруну берсин кудайым.
Жогоруда болом дептир туугандары тапкандыр
28.06.2018. 09:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
25-01-2020 13:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Чырактай бала энесиз калды байкушум((( Эми кандай кунду корот, азыртан издебей атышат бул баланы?
Super TV
29.06.2018. 00:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
13-01-2019 00:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жаман апасынан ажыраган да.Кичинекей сени Аллахым мееримдуу,куйумдуу адамга туш кылсын амиин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: