super.kg logo

Кара-Сууда жеңил унаа 81 жаштагы карыяны сүзүп, ал каза болду

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны жеңил унаа сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-июнь күнү саат 21:30 чамасында катталган.

"Кырсык Кара-Суу районунун Садырбай айылында болгон. Анда 57 жаштагы Сузак районунун тургуну Б.К. Ниссан үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып жолдон өтүп бараткан 81 жаштагы Садырбай айылынын тургуну М.А.ны сүзүп кетип, аксакал окуя болгон жерде каза болгон. Учурда маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, унаа техникалык-экспертизага жиберилди. Ал эми айдоочунун иши боюнча тиешелүү тергөө иштерин Кара-Суу РИИБи жүргүзүп, айдоочунун баш коргоо чарасы бүгүн каралат", - деди маалымат катчы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.06.2018. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
01-01-2015
Соӊку аракети:
08-01-2020 23:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
көрүп алып аябай кейидим ыйлагым келди биз Бизкектен Ошту көздөй бараткан болчук ошол айылга жеткенде жол тосулуп калыптыр карасак карыяны сүзүп кетиптир бир топ убакыт турдук, унаа башкаруучулар эмнеге шашып айдайсыңар билбейм.
26.06.2018. 13:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1070
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш аксакал угуп эле боорум ооруду. Жайы жаннаттан болсун. башка не дейт элек
27.06.2018. 08:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
24-01-2020 22:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
+1
Атаке жаткан жериниз жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136572;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: