реклама
super.kg logo

Жабырлануучу: "Чала тааныш жигит мени 6 ай сабап, зордуктап жүрдү. Апта бою үйдөн чыгарбай кордочу"

 

Лейлек районунан Бишкек шаарына иштөө үчүн келген 24 жаштагы Айжамал (аты өзгөртүлдү) аны Жыргал (аты өзгөртүлдү) аттуу бала 6 ай бою зордуктап, кыйнап келгенин айтып берди. Айжамал 19-июнь күнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда келген.

Аталган оорукананын дарыгери Илимбек Манапов кыз эс-учун жоготкон абалда ооруканага келгенин ырастап, учурда анын абалы жакшырып баратканын айтты.

Кыз бизге "Тез жардам" унаасы аркылуу эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Ал келери менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Түнү менен тамчылатма дары алган соң нейротравматология бөлүмүнө которулду. Учурда абалы жакшырып баратат, бирок түнкүсүн кыйналат. 25-июнда ал Республикалык психикалык ден соолук борборуна которулат”, - деди дарыгер.

Айжамалдын айтымында, ал тааныш эжеси аркылуу Сары-Өзөн базарындагы кафелердин бирине официант болуп ишке орношот.

"Мен кафеде иштеп жүрүп Жыргал аттуу бала менен таанышып калдым. Ал биздин кафеге келип, тамак ичип турчу. Жыргал мага Баткенден болорун айтты, экөөбүздүн мамилебиз бат эле жакшы болуп кетти. Мен ага утурумдук кафеде жашагандыктан, батир издеп жүргөнүмдү билдирдим. Ал дароо кошунасы квартирант издеп жүргөнүн айтып, ошону бирге барып көрүүнү сунуштады", - дейт Айжамал.

Ал белгилегендей, Жыргал Айжамалды кошунасыныкына эмес, түз эле үйүнө алып барып, эшикти бекитип алып, аны сыртка чыгарбай 1 апта бою зордуктаган.

“Ал менин колумду кайрып, уруп, ар кандай зомбулуктарды көрсөттү. Бир жума үйүндө камап алып, күнүгө зордуктап жатты”, - деген жабырлануучу кыз иштеген жеринен бир апта бою ишке чыккан жок деп жумушка кабыл албай коюшканын кошумчалады. Андан кийин ал барар жери жок, суукта көчөдө калган.

Кар жаап жаткан убакта, суукта көчөдө жүрдүм, телефонум да жок эле. Ошондо да Жыргал мени көрүп “көрдүңбү, сен селсаяк болуп калдың" деп үйүнө алып барып дагы зордуктап жүрдү. Көп өтпөй мен Мээрим деген кыз менен таанышып калып, ага абалымды ыйлап айттым, ал мени батиринде жашатмай болду. Ал жерге да Жыргал барып алып, зордоп кыйнап жүрдү. Жыргалдан кутулуу үчүн жашаган жеримдин дарегин өзгөрттүм. Бирок Жыргал ал жерди да таап алып, дагы кордук көрсөткөнүн токтоткон жок. Кийин башка жакка көчүп кеттим. Ал жактан да мени таап алып, жумуштан чыкканымда тосуп алып каналдын боюна алып барып, зордуктап, сабап жүрдү. Тааныш эже милицияга кайрыл деди. Мен аларга кайрылсам, 3 күн өтүп кетиптир, биз ал баланы эмне кылмак элек деп коюшту.

Ошондон кийин Жыргал чалып "сен милицияга арыз жазган турбайсыңбы, экөөбүз сүйлөшөлү, үйгө кел" деп алдап чакырды. Мен ишенип бардым. Барарым менен ал мени 3 күн үйүнө камап алып зомбулук көрсөтүп кыйнады. Мен ал жактан качып чыгып жөө Калыс-Ордодогу жашаган жериме бардым", - деди Айжамал.

Ошондой эле ал Жыргал акча берем деп алдап чакырганын, андан кийин Калыс-Ордо конушуна жакын жердеги көлгө алып барып, сабап, кордук көрсөткөнүн, ошол күндөн бери оор абалда ооруканада дарыланып келгенин белгиледи.

"Жыргал мага байланышып 10 миң сом берем, жолугалычы деп чакырды. Мен дагы ишенип акча берет экен деп ага жолуктум. Ал мени Калыс-Ордо конушундагы көлгө алып барды. Анан мурдагы эле жоругу боюнча сабап, зордуктап баштады. Анын колунда бычак бар болчу, мен ошону эстей алам. Андан башка эч нерсени билбейм”, - деди Айжамал.

Учурда Айжамалды бир тууган сиңдиси карап жатат. Сиңдисинин айтымында, ал Калыс-Ордо конушунан кийимдери тытылган, чачтары уйпаланып, акыл-эсин жоготкон абалда табылган.

Мага эжем менен чогуу жашаган кыздар "эжең жок" деп саат 18:00дөрдө чалды. Биз Сокулуктан келип эжемди Калыс-Ордо тараптан айылдаш агам аркылуу талаада жүргөн жеринен таптык. Ал табылганда эч кимди тааныбаган, кийимдери тытылган, чачы коё берилген абалда болчу. Ага жин кирген го деп биз мечитке алып бардык. Мечиттегилер эжеме 7 миң сомдон 10 миң сомго чейин окуйбуз деп коюшту. Биз ал жерден Сокулукка ооруканага алып бардык, бирок ооруканадан кабыл алышкан жок. Кайра Бишкекке алып келип "Тез жардам" чакырттык. Тилекке каршы, эжемди бир да оорукана кабыл алган жок. Биз айла жок молдого окуттук. Андан соң тууганымдын таанышы аркылуу ушул ооруканага алып келдик. Азыр эжемдин абалы күндүзү жакшы, кечкисин оорусу кармап, өзүн жоготуп баштайт”, - деди жабырлануучунун сиңдиси.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, жабырлануучу тараптан арыз түшсө, ыкчам-иликтөө жүргүзүлөрүн айтып, укуктук баа андан кийин берилерин кошумчалашты.


кошулду


6 ай бою чала таанышынан зордук көргөн кыз

Автор: Сталбек Абдижалил уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(34)
26.06.2018. 03:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
27-09-2020 12:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+26
6 ай бою эчкимге арызданбаганы кызык экен.Сиңдиси кайдан пайда боло калды.Бул кыз кафеде жашап жүргөндө сиңдиси кайда экен эле???
Кантип эле алдап чакырса бара бергенсиң?!
Сага ХХХХХХХ ,анан токмоктоп салганда алты ай зордоду деп чыга калдың.Азыр кыздардын ХХХХХХХХХ,иштейм деп келгенден кийин балээ барбы жигит менен таанышып, эми жакшы болуп айыгып кетда экинчи алданба!!!
Жакшы дагы олтуруп койбоптур.Кудай сактаптыр.Эркек сөөрөйдү ХХХХХХХХХХХ.Эки бу
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-26 09:41:57
26.06.2018. 03:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1010
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-09-2020 20:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+25
Жабырлануучуну коргой албаган милициянын,Жанын ооруп кайрылганда кабыл албаган оорукананын не кереши бар? Кандай айырмасы бар? Кайсыл областта? Кайсыл ройондо? Кайсыл округда учетто туурары? Эн башкысы ал тез жардам аркылуу ооруп барып жатпайбы? Кыргыздын эле жараныго... Ооруп барсак орустар деле карап жататго...Неге кабыл албайт ушул оору каналар?
Алсыз аялды кордогон мыкаачынында башына ушул кун тушсун,эгерде кудайдын бар экени чын болсо. Оо кыз деле сепелек эмес,чоон эле келин турбайб
26.06.2018. 03:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1010
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-09-2020 20:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+16
Бир алданды болду да,кайра эле сепсендеп акча берет экен деп бара бербей же кемчонтой бекен.Ошончо кундон бери не кылып журду,арызданчуу жерге барып арызданбай? Биздин укук коргоочулар укук коргобой эле,кордойт.Эгерде мени зордоду деп арыздансан, ХХХХХХХХХ деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-26 09:44:41
26.06.2018. 04:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эшегине жараша тушагы деген ушул да. Озу ошонун тени. Болбосо зордогон сайын,кыйнаган сайын,сабаган сайын бара береби бул кыз. Эми белгилуу болгондон кийин,алты айдан бери деп кобуртуп-жабыртып,арманын айтпай башында эле кой дебейби. Акыркы кундору ушундай урду,сабады,кордоду деп гезитке,интернетке чыгаруу мода болуп кетти.
26.06.2018. 04:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
528
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
28-09-2020 07:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
+4
Акча берем десе эле бара бересинби
26.06.2018. 04:43 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
25-08-2020 11:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдагы ХХХХХХХХХХ Анан тиги ХХХХ уруп журду да...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-26 09:44:04
26.06.2018. 07:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
28-03-2020 11:29
Жынысы:
Белгисиз
+5
милиция м.н больницага күнүн тушпосун, эмнеге убагында барса жардам беришпейт.
26.06.2018. 07:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
14-12-2019 13:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыз чакырса бара берип,озундо экенда иштин баары
26.06.2018. 09:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
27-09-2020 22:58
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озундо да куноо бар, эркектерге ишенбеш керек, ошондой болгон кундо да, эмнеге боль.ца кабыл албайт, эмнеге милиция укугун коргобойт
26.06.2018. 09:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
27-09-2020 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+2
Эмне дешти да билбейсин. Эгер бала ошентип зордуктаган болсо аны түрмөдө чиритиш керек. Өлүм жазасы болгондо ушундайларды өлүм жазасына тартыш керек эле. Экинчиден кызда да анын ата-энесинде да күнөө бар. Кантип кароосу жок кызды шаарга иштегени жөнөтөт? Кыз кайра-кайра алдана береби? Акылга сыйбаган иш. Оорукана менен милицияны айтпаса да белгилүү акчаң болбосо эчким эмессин аларга.
26.06.2018. 09:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
27-09-2020 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+5
Ооруканаларга реформа киргизүү керек. Б.а. бирдиктүү информациялык база киргизип, жарандарды өлкөнүн кайсы жеринде болбосун ооруканага көрүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек. Антпесе кээ бир ооруканалар өлүм алдында келгендерди да кабыл албай койгон учурлар болот бизде катоодо жок деген шылтоо менен.
SUPER.KG видео
26.06.2018. 09:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
27-12-2018 17:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук айтпай атат
26.06.2018. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
349
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
28-09-2020 09:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
0
Милиция жардам бербей койду дегенине тан калбайм деле бирок жанагындай акыбалы менен больницалар албай койгонуна, мечиттеги молдолор акча сураганына анча ишенген жокмун.
26.06.2018. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
27-09-2020 20:57
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менда ишенчу эмесмин,жакында кайн атам ооруп калганда Карабалтадан молдого барсак 20мин ьергиле айыктырам оз кучумо ишенем деди ошондо танкалдык,ыраазы кылып озубуз берчулек азыр кадимкидейле тариф болуп калыптыр
SUPER.KG видео
26.06.2018. 09:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-10-2015
Соӊку аракети:
06-07-2019 21:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсин кызына да,баласынада аллах
26.06.2018. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
26-09-2020 10:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Молдолоруң 7миңден 10миңге окуса,ооруканалар кабыл албаса,милиция кайдыгер караса биз кандай заманда жашап жатабыз?
26.06.2018. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2036
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыздын ишенчээктигинен пайдаланып жигит каалаганын кылыптыр да.Кыздын мээси болсо биринчи кордогон кундон кийин эле арыз жазып или жок болуп кетиш керек эле.Кайда барса да анысы келип зордуктап жургон болсо,озу адресин айтып чакырып жургон.Акырында катуурак сабаганда эсине келип арыз жазыптыр да!
26.06.2018. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
814
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
16-04-2020 22:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
0
Ким акча берем десе эле бара бербеш керек тем более аны уже билесин))) кызда куноолуу экен. Каерге барса эле зордой бериптир))) Жигиттен да интервью алсанар
26.06.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
14-04-2020 22:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
милицияга кунун тушпосун ииийййй.Форма кийип алып каадаланышып басышат.Врачтар дагы тоготушпайт эч кимди...Молдолорду го билбедим ушундай дагы болот экендааа.Кыргызстанда ушул милиция врач анан кээ бир мамлеткет кызматкерлерине ишин тушпосундааа.Кудай сактаа каяка ле баратабыз озуу..Бирок озун сыйлаш керек эле бир жолу кыйнадыбы аны алдап айылына качып кетип болсо дагы кийин экинчи аны менен жолукпай турган кылбаптыр...бир жолу кыйнаса дагы эмнеге кайра кайра жолугууга бара берет дааа
26.06.2018. 11:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
11-03-2020 10:41
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз өзү мурда эле оорукчанбы деп ойлоп кетет экенсиң. Болбосо бир кордогон адамга кайра-кайра жолуга береби?
SUPER.KG видео
26.06.2018. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
27-09-2020 23:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озундун башына озун ээ боло албаган адам экенсин го
SUPER.KG видео
26.06.2018. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
29-06-2011
Соӊку аракети:
13-09-2020 23:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарий жазгандар жакшылап уксанар озу кайра кайра бара бербей эле тиги кайсы жакка кочуп барса адресин таап барып зордоп, ур-соккуга алып жатат деп айтып жатпайбы. Эмне озум барып жаттым акча берем деди эле дедиби же? Ушундай адам сымал айбандарды ошол жеринен дарга асып салыш керек. Бироого кандай кордук корсотсо ага да кудай бар. Жазасын алат бир кун болбосо бир куну!
SUPER.KG видео
26.06.2018. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
29-06-2011
Соӊку аракети:
13-09-2020 23:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги кыз деле ХХХ экен. Жур десе омуру тааныбаган адамды ишенип ээрчип кете берген. Ал сенин бир тууганынбы эмне жур деген жагына бара бергидей. Ата-энеси да эч тууган-уругу жок жерге жалгыз жибериптир тообо. Азыр кандай окуялар болуп жатат билип туруп кантип жонотот кызын жалгыз шаарга?
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-26 13:59:05
26.06.2018. 14:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаптыр эми. Бирок билдин бир коруп акча деселе барып бала барбы. Чын эле синдиси 1жума уйдон чыгарбай жургондо кайда эле. Эми неси болсо да 100пайыз жакшы болуп кет
26.06.2018. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
05-06-2020 03:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кыргыз аялдары ушул даражада карангы,сабаты жокбу? Же эркектерибиз аша кеткен зоокурбу? Кундо зордуктады деген кабар,же бизде закон жок,акча деп эле ар ким оз билгенин кылып атабы.
26.06.2018. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
03-04-2020 10:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечитке неге апарат. Больницага апарбайбы. Зордуктап журсо неге барат акча учун? Неге кезигет?Бул жон гана баланы подстава кылып жатат го. Айтканын баары жоо жомок. Жон эле айтса болот да эрди катынбыз анан мени сабайт деп эле колго анан чолго апарып зордойт дебей.
SUPER.KG видео
26.06.2018. 15:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
21-06-2018
Соӊку аракети:
04-12-2018 12:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар озубуз алданбасак жакшы болот эле акча деп жанды бере бербей . туз жургон бала болсо демек дагы кооп создор бар го
SUPER.KG видео
26.06.2018. 16:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
30-11-2019 01:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап кыз неге чыйрагырак болбойсун.Эми тынырак бол же ата энене кет болбосо.
26.06.2018. 18:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дайыма кыз келиндердин таламын тадашып келем. Бирок бул кыз ОЗУ соо эмеско,кайта кайта сабап зордуктай берсе бара берген
SUPER.KG видео
27.06.2018. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
28-09-2020 08:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Кор болуп жургондо, синдиси кайда журду. Ушул убакка чейин бир тууганы билбесе, жолугушпай, бирин бири издешпей кантип чыдап журду экен. Бир тууганым менен уч кун суйлошпой калсам чыдабай кетем.
SUPER.KG видео
19.12.2018. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
366
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
13-08-2020 15:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
0
куноо озундо болуп калса керек.....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151537;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: