super.kg logo

Интернеттен "батир сатылат" деген жарнакты көрүп, аны сатып алууну чечкен аял 20 миң долларга алданды

 

Бишкекте аял үй сатып алам деп 20 миң долларга алданып калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка караганда, К.Т. аттуу жабырлануучу аял финполицияга анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алып койгон бейтааныш адамга карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. Анда аял интернеттен "батир сатылат" деген жарнакты көрүп, билдирүүдө калтырылган номерге байланышка чыкканын билдирген.

"Батир сатмакчы" болгон адам өзүнүн Орусияда экенин айтып, "кардарына" банк аркылуу 20 миң доллар которуусу керектигин айткан. Экөөнүн макулдашуусунда, сатуучу акчаны алгандан кийин Бишкек шаарындагы батирди сатып алуучуга өткөрүп берүү үчүн келмей болгон.

"Бирок аял акчаны которгондон кийин үй сатам деген адам ал менен байланышты үзүп койгон. Бир нече убакыт күтүп аял кайра банктан акчасын кайтарып алганы барганда банк кызматкерлери ал жөнөткөн 20 миң долларды алуучу адам алып кеткенин айтышкан. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле аталган мекеме өлкөнүн жарандарын социалдык тармак аркылуу тараган жарнамаларды көрүп, чечим чыгарууда кылдат болууга чакырат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
21.06.2018. 17:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кимге алданып калыптыр 20 мин доллар а азыр адамдарга ишениш кыйын болуп калды батир алып жатканда акчаны биринчи которбош керек барып коруп документтерин текшерип алгандан кийин бериш керек акчаны шашкан шайтандын иши
21.06.2018. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
10-03-2018
Соӊку аракети:
09-09-2019 20:48
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх шашыптырсыңда алуучу бизде андай акмактар көпко
21.06.2018. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
25-01-2020 21:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+5
Тообо алдангандар да кызык.док дегенде уйун коруп анан бребейби акчасын
21.06.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+8
Алданган адамга аябай Тан калдым биринчи уйду коротко кандай экен деп
21.06.2018. 17:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
17-06-2011
Соӊку аракети:
02-05-2019 18:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskow
+4
Кудай бир сактаган мени да
21.06.2018. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
382
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
25-01-2020 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Корбогон билбеген адамга не которот анан
21.06.2018. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
943
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай ишенчээк да болосузбу К.Т.Азыр доллар эмес сом бергенден коркосун,тем более бейтааныш адам экен.
21.06.2018. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
25-01-2020 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+7
Банктан кимдин атына которгон болсонуз оной эле табасыз.
21.06.2018. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
23-01-2020 20:19
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ии кудай мага да ушундай уй чыккан болчу 2500дол деген акча сал анан барам деп этият болуш керек экен
21.06.2018. 20:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
30-08-2018 10:03
Жынысы:
Белгисиз
0
20мин долларды кантип тааныбаган адамга котордун акмак экенсин азыр бироого ишенетурган заман болуп атабы мисалы мен уй алгам озумдун эле таанышымдан биринчи документти откоруп анан акчаны бергем себеби ишениш кыйын ал адамдын характерин билет элем
21.06.2018. 21:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 12:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал тааныбаган адамга котортбойт, озундун тууганына котор, анан акчаны сен которгонун чын экенин билгенден кийин Бишкеке барам дейт , аты жону орустуку, телеф номерге жооп бере албайм только электрон почта менее суйлошом дейт ишендирип жазат и машинам да бар дейт, эжем да окуп алсамбы легенде мен аферист экенин корунуп турат го деп болбой койгом ушул киши почталарга кирет
22.06.2018. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
25-01-2020 16:44
Жынысы:
Белгисиз
0
RuslanaG1,туура мындай окуя бизде баштан да отту. Жолдошум экообуз уй издеп жатканда лалафодон сиз айткандай билдируу келген. Электрондук дарегине "мощенник" деп кат жонотконубуздо биздин байланышыбызды "кара тизмеге" киргизип жок болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: