super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Аялымды мурун боёксуз көргөн эмес элем, эми жакпай калды... Ажырашкым келип жатат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялым жакпай калды, ажырашкым келип жатат" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Аялым экөөбүз 4 ай сүйлөшүп жүрүп анан баш кошконбуз. Аны мурун боёксуз бир дагы жолу көргөн эмес элем. Боёкторун жууса мен жактырып үйлөнгөн Айнура такыр жок, көрсө мен алданып калган экенмин. Ажырашкым келип жүрөт, эми эмне кылсам деп башым катты..." - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Аялыңыз жакпай эле, анын боёкторуна короткон акчаларга ичиңиз тарып жаткан жокпу, автор?"

- "Кызык эле адамдар бар, ал сага кийим же буюмбу, жакпай калса базарга барып жаңысын алгыдай. Менин деле кебетем анча эмес, элдин айтуусуна караганда, күйөөм келбетүү. Менин да жакшы сапаттарым бар үчүн өлбөй эле жашап жатат. Ошол сыңары сен да издеп көр жакшы жактарын..."

- "Жакшы көрүүгө аракет кылыңыз. Ажырашуу - жаман нерсе. Орозодо тынч эле жүргүлөчү туугандар".

- "Сен аялыңа сырткы келбети үчүн гана үйлөндүң беле? Үйлөнүп алып, анан жакпай калса ажыраша бергидей, сага турмуш оюнчукпу?"

- "Аялыңды боёнтуп, жасантып алып жактырып жүрө бер, ушул да көйгөйбү?"

- "Бетин жууп көрүп, анан үйлөнсөңүз болмок экен. Тагдыр экен, эми баш ийиңиз, кандай болсо ошондой сүйгөнгө аракет кылыңыз".

- "Ажырашкан соң мындан да жаман абалда болуп калышыңыз толук мүмкүн, чоң ката кетиргендигиңизди кеч түшүнүп..."

- "Кой, автор, болбойт мындай. Канча ойлосом да ой түбүнө жетпей койдум. Сөздүн кыскасы ажырашпа! Сенсиз да ажырашкандар аябай көп. Эч эле болбой баратса келинчегиңе айт, ар дайым "боёнуп" жүрсүн".

- "Эң негизгиси сени, ата-энеңди сыйлап, айтканыңдан чыкпай турса болду да. Болору болуптур, эми кымбат баалуу косметикалык каражаттардан алып бер, сенин жаныңда андан да сулуу болуп боёнуп жүрсүн. Башка балдарга айтаарым, үйлөнөрдөн мурун кызыңардын бетин жууп, анан үйлөнгүлө, ай чырактай кыздарыбызды бактысыз кылбай".

- "Сулуулугун чайга чылап ичмек белең, ички дүйнөсү сулуу болсо болду!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
05.06.2018. 22:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
421
Катталган:
24-09-2015
Соӊку аракети:
25-01-2020 22:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ бир болбогон алам экенсин анда лох болуптурсун
05.06.2018. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-10-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук провакация.
05.06.2018. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
25-01-2020 20:35
Жынысы:
Белгисиз
+7
Даа тема экен суу чачышып ойноп корсон болмок экен жок дегенде....
05.06.2018. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
26-01-2015
Соӊку аракети:
03-01-2020 15:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
-1
Краскага көбүрөөк акча бер
05.06.2018. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
23-08-2017
Соӊку аракети:
25-01-2020 18:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-1
Ошол кантип болсун
05.06.2018. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 17:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Аял сага оюнчук беле сен даанасынго автор
05.06.2018. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
23-01-2020 15:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanzada97,
Аялдарды кемсинтуу максатында реклама болбош керек
05.06.2018. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
25-01-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
0
Ошол учун козунор тумандабай,алаардан мурун жетелешип чон арыктан бирге аттап коруп анан алуу керек.
05.06.2018. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
25-01-2020 20:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кошуна байкем олтурушка барып аябай мас болуп каапкара кызды мас абалында суйуп калып ошол эле куну ала качып келип алат. Никеси кыйылып ошол тун отуп эртеси соолукканда албайм деп чатак салганда улуу байкеси башына бир коюп эле жашайсын кыз бала сага оюнчукпу же буюмбу деп жаташып койгон экен. Раматылык козу отуп кетти ошол байкенин. Тагдыр бул оюн эмес.
05.06.2018. 23:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
15-12-2019 19:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош облусу
+2
Мас болсо нике кыйганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: