super.kg logo

Чет мамлекетте каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн жакындарына өкмөттөн 50 миң сомдон бөлүнөт

 

Чет өлкөдө жүрүп каза болуп калган Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн анын жакындарына 50 миң сомдон берилет. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты.

Берилген маалыматка ылайык, өкмөт "Башка мамлекеттерде каза болуп калган Кыргыз жарандарынын сөөгүн өз жерине алып келүүгө жардам берүү жөнүндөгү" токтомду кабыл алды. Мындан тышкары ал төлөмдү алуу үчүн даярдоочу документтердин саны да кыскартылган.

Маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн акча каражаты анын жакындарына бардык документтер тапшырылгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде төлөнөт. Жардам берүүдө маркумдун чет өлкөдө кандай максат менен жүргөнү эске алынбайт. Жардам алуу үчүн маркумдун жакындары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматына жаран каза болгондон 3 ай өткөнгө чейин кайрылуусу зарыл.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
22.05.2018. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
687
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
24-02-2020 00:49
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бар экенсинер го.заман онолуп баратабы?
22.05.2018. 14:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
20-07-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tolkun555, Азырынча онолуп баратат окшойт дегенге эрте ошол акчаны да жон беришпейт болуш керек.
22.05.2018. 15:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tolkun555, заман онолсо мигранттардын саны азайып, "груз-200" да азаймак...
22.05.2018. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
23-02-2020 18:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз бул сумма 200000сом беришинер керек
22.05.2018. 15:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчиден груз 200 дегенден озу Кудай сактасын.Экинчинен аз болсо дагын ошончолук жардамга дагын рахмат.Биздин экономикабыз жогору комментарийде жазгандай 200мин сом берууго казнабызда акча аз.Анысы аз келгенсип гитарист мультимилионерибиз Кыргызстандын тышкы карызын 4,5 млрд $ кобойттууп Кой-Ташта озуно хан сарай куруп алып мазза этип беш бармак жеп олтурат.Эми азыркы беш убак намаз окууган жана орозо кармаган президентибиз Сооронбай Шариповичке жумушуна ийгилик каалап кетейлик.
22.05.2018. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
23-02-2020 15:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Малатсы Октмоттогулор еми тура иштешти уйронтасынар Ушу Ишинерге 5 5 5 беш
22.05.2018. 15:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
01-10-2017
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:56
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх кудай сактасын ушул окмоттун акчасынан, оз бутунар мн басып эсен аман келгиле туугандар.
22.05.2018. 21:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
30-05-2017
Соӊку аракети:
15-06-2019 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер бир ай мурун каза болгон адамга да документ тапшырса болобу?толук маалымат берип койунуздарчы
23.05.2018. 11:42 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-02-2020 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Otuzadyr,
Саламатсызбы! Мамлекеттик миграция кызматына жаран каза болгондон 3 ай өткөнгө чейин кайрылуусу зарыл.
22.05.2018. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
23-02-2020 17:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул 50 минге куну тушпосун эчкимдин. Бардыгы эсен-аман, сак-саламат оз буттары менен мекенге кайтышсын.
23.05.2018. 02:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
21-08-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына бугун Калининградда Чуй облусунан бир кыз келгенине бир ай болбой больницада врачтардын шалаакылыгынан коз жумду. Груз 200 жалпысынан алганда 50мин рубдун тегерегинде болду. Жетпей жатып, элден топтоп эптеп алып кетишти. 50 мин сомду аз дегендер, тошокко карап бут сунгула. Ошону берсе да кыйла жолок, себеби жакындары башкасын айтпаганда да соогун жеткириш учун уже карыз болуп атат, алдыда жерге беруу, кыркылыгы, ж.б. дегени жатат. Маркумдун артында кичинекей кызы, карыган энеси калыптыр(((.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137872;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: