реклама
super.kg logo

Орусияда "Ал бизге падыша эмес" акциясы жүздөй шаарда өтүп, 1600 катышуучу кармалды

 

Кечээ, 5-майда Орусиянын бир катар шаарларында оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары митингге чыгышты. "Ал бизге падыша эмес" деп аталган акция, 7-майда Владимир Путиндин кезектеги президенттик кызматка киришүү салтанатына каршы өткөн.

Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, Навальныйга Москванын борборунда митинг уюштурууга шаар бийлиги уруксат берген эмес. Мэрия акцияны шаардын сырт тарабына өткөрүүгө боло тургандыгын айткан. Бирок Навальный мындай шартка макул болбой, тарапташтарын шаардагы Тверь көчөсүнө чыгууга чакырып, акция өткөрүүнү айткан. Анда шаар бийлиги митинг өткөрүүгө такыр уруксат берилбей тургандыгын билдирген. Буга байланыштуу каршылык акциясы полициянын митингчилерди кармоосу менен коштолгон.

"Ал бизге падыша эмес" деген ураан менен чыккан митингчилер "Ууру, ууру, ууру!", "Биз мунун баарына каршыбыз!", "Көзүңдү ач, сен падышанын кулусуң!", "Биздин жашообузга тоскоол болбогула!" деген сөздөр жазылган плакаттар менен чыгып кыйкырышкан.

Айрым маалымат булактары митингчилер өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүргөндүгүнө байланыштуу, полиция дароо аларга эскертүү бергенин жазышкан. Ошондой эле полициянын акциянын катышуучуларына эскертүү берүүсүн мэрия митинг өткөрүүгө уруксат бербегени менен байланыштыргандар бар.

Акция башталып жарым саат өткөндөн кийин тарапташтары менен жолугууга Алексей Навальный келип, аларга ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле митингдин катышуучуларын ал жакырчылык жана теңсиздик менен күрөшүүгө чакырган. Андан кийин аны полиция кармап кеткен.

Орусиянын жүздөй шаарында өткөн акцияда 1 миң 600 адамды полиция кармап кеткен. Айрым жергиликтүү тургундар полициянын "сабатсыз" аракеттерин сындай башташты. "Алар кармаган ар бир жаранды кыйнап жатты", - дегендер да болгон.

Өзгөчө 14 жаштагы өспүрүмдүн укук коргоо органдары тарабынан кармалганы сүрөткө тартылып алынып, талкуу жарата баштаган. Өспүрүмдүн жакындары: "Балабыздын митингге катыша турган ою да жок болчу, ал досу менен Тверь көчөсү аркылуу бара жатыптыр. Досу топтолгон элдин арасынан качып кеткен, биздин балабыз үлгүрбөй калыптыр. Аны кармоо үчүн 4 полиция келип, колун толгоп алып кетишип, кечки саат 21:00дө гана коё беришти", - дешкен.

Анткени менен Москва шаардык бийлиги полициянын ишмердүүлүгүнө оң баа бергенин жергиликтүү басылмалар жазган. "Полиция жана Росгвардия акция мыйзамсыз өткөнүнө карабай тынч жана сабаттуу иштеди", - деген аймактык коопсуздук департаментинин башчысы Владимир Черников.

Жалпысынан кармалган жарандардын саны 1600 болсо, анын ичинен 700ү Москванын өзүнөн кармалган. Калгандары Екатеринбург, Самара, Пенза, Краснодар, Челябинск, Санкт-Петербург жана башка шаарларынан кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, митингге катышып кармалгандардын кээ бирлерине айып пул салынып, үйлөрүнө коё берилген.

Ал эми "Коррупцияга каршы" фондунун негиздөөчүсү, оппозиционер Навальныйга карата Орусиянын мыйзамына ылайык, 2 протокол түзүлгөн. Анын бири митинг уюштуруудагы тартипти бузуу үчүн толтурулса, экинчиси полицияга карата каршылык көрсөтүү боюнча түзүлгөн.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(19)
06.05.2018. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+16
Россиянын эли ушунчалыгына шүгүр деп эле жашай берсе болот,өз элинде өз жеринде иштеп жүрүшөт.Пенсия,пособиясы он эсе көп бизге караганда.Ишемби,жекшемби күнү майрамды азырак кылып,иштешсе эле баарына жетишсе болот.
06.05.2018. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
24-11-2016
Соӊку аракети:
14-03-2020 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+17
Nevestkaa,Москва шаарында эле коп ! Башка шаарларында коп эмес. Бирок, пенсияга жараша чыгашада коп, баар жок кымбат. Салыштырганда биз менен бирдей эле болуп калат. Биздин пенсионерлерге 6мин жетпей калса, бул жактагы пенсионероерге 13,15мин жетпей калат.. а бул митингбоюнча эч нерсе дей албайм. Путин дуйного белгилуу лидер. Анын саясаты жеке мага жагат .
06.05.2018. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
29-03-2020 19:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
-7
2-сүрөттөгү полицей кыргыз окшойтко!?
06.05.2018. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
21-06-2016
Соӊку аракети:
29-03-2020 21:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустар Европа мамлекеттерине жетууну каалашат
06.05.2018. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
14-08-2019 21:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кемероводо да болмок бирок ишке ашпай калды, ОМОН 5мин чогулган элди жайгарып койду.
06.05.2018. 13:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+10
Путиндин олко ичиндеги саясатын жакшы деп айтуудан алысмын. Путиндин саясатына нааразы орустар коп.

Бирок Навальныйдын артында баягы эле Батыш турат Америка баштаган...
06.05.2018. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
11-03-2020 19:10
Жынысы:
Белгисиз
+9
Россиянын чон шаарларынан башка айыл жактары жашоо аябай эле оор. Эл жакыр жашайт. Бирок Путиндин сырткы саясаты жакшы эмне болгондо да чон держава дуйнодо оз орду бар. Дуйнодогу эн чон мамлекетти башкаруу дагы оной эмес. Ар кайсыл жерле каршылаштар болот. Союз бузулгандан кийин эн слабый армияны тез арада дуйнодо 1 чи орунга которду. Крымды алып койду мындай иштер ар кимдин колунан келе бербейт. Ушундай темпте кетсе 10 15 жылда европа мамлекеттеринде эле жашоосу онолот.
06.05.2018. 13:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
26-05-2014
Соӊку аракети:
28-10-2018 14:50
Жынысы:
Белгисиз
+12
Adi.Avazbekov,жакыр жашабай иштесе жакшы эле жашамак баардык мумкунчулуктору бар,просто оздору жалкоо ХХХХХХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-07 09:49:01
06.05.2018. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
30-03-2020 03:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
almaz90,туура,орустар иштегилери келбейт,бирок наалый берген калк болот экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-07 09:49:19
07.05.2018. 11:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi.Avazbekov,ким айтты эн слабый армияны 1 кылып койду деп? )) тетирисинче Союз убагында кучтуу армия бар эле эми эскилиги жеткен армия орустардыкы. Интернеттегилерге ишенбей минфин статистиканы кара орустардыкын.
06.05.2018. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
21-01-2016
Соӊку аракети:
30-03-2020 02:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудайына кусур кылган немелерго
06.05.2018. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
25-03-2020 10:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
россия для рустных деп жазып алганбы?
06.05.2018. 15:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде ошол кезде РФти рааматы Ельцин дагын бир он жыл башкарганда.Анда РФтен Кавказ,Татарстан болунуп кетиши ыктымал эле.Путин келип РФтин аймактык бутундугун сактап калып. РФти дуйнодогу кучтуу державасына айлантырды.Москвадан башка шаарларда ж-а региондорунда дагын завод фабрикалары бар алар жумуш кылгысы келишпейт.Мен мисалы Воркута шаарында шахтыда иштейм Аллага мин эсе шугур айлыгым жетишерлуу иштесе болот.
KGstan1981 түзөттү 2018-05-06 15:42:12
06.05.2018. 17:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
07-07-2018 14:16
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХ шугур деп жашаса болот оздору иштебей Жашоо кыйын деп наалышат,биздикилер иштейт москвада 35 мин руб 100мин рубкача табат,
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-07 09:49:40
06.05.2018. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
28-03-2020 00:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+2
Менимче Путиндин саясаты мигрант гастарбайтерлерге эле жакпаса орустар конулу айныйт Путинден.Тышкы дуйнодон жакында толугу мн мамиле узулгону калды.
07.05.2018. 00:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
16-12-2018 15:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Los-Angeles
+2
ХХХХХХХХХ эле мактабаса Россия мн Путинди. Орус эли өздөрү түшүнүп турушат Европа Кытай Чыгыш өлкөлөрүнөн канчалык артта калып кеткенин. Орус аларга жетки чейин башка өлкөлөр жөн турмакпы, алар дагыда өнүгөт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-07 09:54:31
07.05.2018. 08:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
-1
Навальный куйгончолук барда, Путин Россияны 1998 жылдан бери башкарып атат, уялыш керекда, ортодо Медьведевди отургузуп бирок озу башкарып атты. Европа олколорундо бирда мындай тиран жок, бул бийликти бербеген жапайы олкодогу корунуш.
07.05.2018. 08:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия кен байлыктар жагынан астынкы орунда турат. Токой жыгач 1 орун. Буудай дан эгиндери 1 орун. Нефть Газ, Металл Алмаз, иши кылып баары бар, жер кенен. Бирок Россия алакандай Туштук Кореядан 20 эсе кедей экен 5 жыл мурдагы маалымат боюнча. Ушундай байлыгы коп мамлекетте орточо айлык 25 мин рубль, бул Москвада.Инфиляция ото жогору осуп атат.Сибир жакты айтбасакда билет. Ал жака Кытай отурукташып атат. Коррупция бизге караганда онуккон, куч органдары бизде сом менен суйлршсо аларда сразу милли
07.05.2018. 09:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларда сразу миллондоп суралат экен пара беруу, промышленность олгон, калп эле бирдемени ашыкча рекламалап коюшат. Путинди колдогондор ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-07 10:00:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140148;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: