реклама
super.kg logo

Акын, көзү азиз активист Темирлан Ормуков тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө өзүнүн ичин кесип жиберди

 

Акын, көзү азиз активист Темирлан Ормуков тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберди. Бул тууралуу 29-мартта SUPER.KG порталына активист Адил Турдукулов кабарлады.

"Тез жардам" кызматы келип, аны алып кетти", - деди Турдукулов.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Темирлан Ормуков Улуттук кардиология борборуна "Тез жардам" менен алынып кетти. Соттун токтомуна ылайык, Ормуков тергөө иштери бүткөнчө тергөө абагына камакка алынышы керек, ооруканадан абалы текшерилген соң камакка алынат.

Эске салсак, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң текшерүүдөн кийин акындын айтканы жалган экени аныкталып, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга №1-тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
29.03.2018. 14:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
530
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
09-09-2020 18:41
Жынысы:
Белгисиз
+44
Бекешов пайдасыз депутат бурмалап озун куноолу кылып салса керек да.Ар законду оюна келгенди айта берген депутат.
29.03.2018. 14:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
20-03-2017
Соӊку аракети:
22-04-2018 20:40
Жынысы:
Белгисиз
+20
Орусча да суйлойт такай андай депутаттын кереги жок
29.03.2018. 14:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
863
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
22-09-2020 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+36
Бекешов кыргыз элинин жашоосунан кабары жок башка реальносто жашаган мырза.ойуна эмне келсе суйлой берет.сунуштаган мыйзам долбоорлору элдин шартына вообще туура келбейт.жалан тантыган сунуштар.пайдасы жок элге жок дегенде зыйанын тийгизбей журсо жакшы болот эле.
29.03.2018. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
05-05-2021 03:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
Патриот экен козу азиз экени окунучтуу козун коргону эле канча бакыт.Бул эмес текебаевди баш кылып жалаа жаап камап атышат жон эле журсо болмок менимче
29.03.2018. 19:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
08-03-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзү кестиби точно? Ошол жери кызык болуп жатат мага
30.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
530
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
13-07-2020 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanybek121195, өзү лезвия менен кесип жибериптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176959;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: