super.kg logo

Ылай, чыла, көлчүк. Бишкектин конуштарындагы жолдордун абалынан фоторепортаж

 

Жаз, жамгыр, жаандан кийинки жыт жана Бишкектин четиндеги конуштардын өкүнүчтүү абалы. SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан конуштардагы жолдордун абалын назарыңызга салат. Бул конуштардын тургундары жумушка, окууга жана башка жактарга баруу үчүн бир топ кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын бири жолдордун жамандыгы. Тургундар көлчүктөрдү аралап, ылайды жана чыланы басып өтүүгө аргасыз. Анткени жөө киши жүрө турган жолдор жок.

Дордой-2 конушу

Орто Азияда ири базарлардын катарын толуктаган Дордой базарынын жанында жайгашкан конушта жолдордун абалы орточо. Негизги көчөлөрдө асфальт салынып, бирок кайчылаш көчөлөрдү суу каптап, жолдор ылай болууда.

Жергиликтүү тургундардын бири жаан жааганда суу көчөнү каптамак турсун, үйүн жана короосун да каптап кетерин айтты.

"Дордой-2де 3 жылдан бери жашайм, чынында маселе оор. Кыш бүткөндө жолдор ылай, баткак болуп калат. Кар эрип же жаан жааганда суу үстүңкү көчөлөрдөн биздин көчөгө агып келип көчөнү жана айрым үйлөрдү да каптап кетет. Жыл сайын ушул абал, өзүбүз колубуздан келгенче оңдогонго аракет жасайбыз. Айыл өкмөткө кайрылсак, "ооба" деп айтканы менен маселе эч эле чечилбейт", - дейт Дордой-2 конушунун тургуну.

Ак-Жар конушу

Ак-Жар конушундагы абал жогоруда айтылган конуштукунан да начар. Бул конушта көлчүктөр кайчылаш көчөдө эмес, негизги көчөдөн орун алган. Тургундардын айтымында жолду жылына 2-3 жолу түздөтүп турушканы менен жаан жааган сайын жолдор мурунку калыбына келип калат.

"Чындыгында айыл өкмөт иштебейт, жолдорду тегиздетишет, бирок ал маселени чечпейт. Анткени жаан жааганда кайрадан эле көлчүктөр жана чуңкурлар пайда болуп калат. Мен жашагандан бери жолду 23 жолу трактор менен түздөштү. Негизги көчөбүздүн узундугу 2 чакырымдан ашат, анын башынан аягына чейин тегиздөө үчүн эле көп каражат сарпталат. Андан көрө асфальт салып койсо, бир нече жыл турмак да", - дейт тургун.

Ошондой эле Ак-Жар конушунун жолдору айдоочуларга да бир топ тоскоолдуктарды жаратып келет. Анткени жолдордун начардыгынан улам, алар унаасын тез-тез оңдоотууга мажбур болушат.

"Эми биз жөнөкөй адамдарбыз да. Айла жоктон эле унаабызды оңдотууга аргасызбыз, өкмөткө айтсак, бизди укпайт. Жылына машинамдын тетиктерин алмаштырып турам. Абдан көп каражатты керектейт. Жолдор аябай эле начар. Жаан жааган сайын көчөнүн айрым жерлери көлчүккө айланса, кээ бир жерлери чыла болуп калат", - дейт айдоочу

Ак-Бата конушу

Ак-Бата конушунда 2 жыл мурун асфальт салынып, жолдор жаңырып, тургундардын көңүлү көтөрүлгөн. Бирок бул конуштун бардык көчөлөрүнө асфальт салынган эмес. Негизги көчөлөрдө асфальт болсо, бул конушта дагы кайчылаш көчөлөр көлчүккө айланып турат.

Жергиликтүү тургундун айтымында, 2016-жылы конушта 2 чакырым жолго асфальт салынып, калган жолдор оңдолгон эмес.

"2 жыл мурун асфальт салып баштаган, башында кичинекей эле жер оңдолгон. Кийин дагы 2 чакырым жол асфальтталган. Унаа жүрчү жолду жакшы салышты, аларды эч кандай сындай албайм. Бирок тротуарларды салгандарга карата нааразымын. Анткени алар кээ бир жерлерге бетон куйбай эле асфальттап салышты. Азыр эми ошондой жерлерде жарыктар пайда болуп жатат", - дейт тургун.

Бул азырынча 3 конуштун гана абалы, Бишкек шаарынын айланасында мындай абалдагы конуштар дагы көп. Бул маселе канча убакытта чечиле турганы азырынча белгисиз.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
23.03.2018. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
25-01-2020 15:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
+10
Дордой 1 тартып койбопсунарда согуштан кийи ондолбой ошол бойдон калып кетткен бомба тушкондой болуп
23.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-11-2016
Соӊку аракети:
21-01-2020 03:20
Жынысы:
Белгисиз
+16
Өзүңөр деле акча топтоп камазда шагыл төгүп аны жайып койсонор деле болот. Салган үйлөргө караганда колунардан келет ошол нерсе, озүнөргө шарт түзүп кечкеле өкмөттүн оозун карабай.
23.03.2018. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
673
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
22-01-2020 03:03
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кайран Кыргызстаным алыста жүрүп ушул чалчыкты көргөнгө да зар болдук го башка элдин кузгудой болгон жолун кысынып басканча өз жеринде чалчыкты кеңири матыра басканга эмне жетсин сагындым мекеним туулган жерим
23.03.2018. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
359
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
21-01-2020 11:14
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир киши салган арыктан, мин киши суу ичет дегендей, жол онолбосо турмуш онолбойт.
23.03.2018. 21:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
09-12-2018 21:16
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тоголок-Молдо кочосун качан жасайт экээен.
23.03.2018. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
25-01-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+9
Биздин уялчаак депутаттар ушул жолдордо кантип уялбай журот болду экен
24.03.2018. 00:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
06-12-2017
Соӊку аракети:
30-05-2018 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийликтеги уурулар жоголмоюнча кыргызстан оңолбойт.
24.03.2018. 04:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
341
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
26-01-2020 04:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Ого бул жолго караганда менин тоо койнундагы чарбак айылымдын жолдору 1000 есе жакшыго
24.03.2018. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
25-01-2020 20:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
+3
Биздин Калыс ордодо деле ушул корунуш туз жолдор асфальт кайчы жолдон отуш учун оо кандай азап менен уйдон бут кийиминди тазалап чыгып маршруткага жеткенде кайра бир сыйра тазалаш керек
24.03.2018. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
838
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
25-01-2020 19:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто лөлү маала мындан он эсе жакшыраак
24.03.2018. 10:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкек деген аты эле бар экен.Биздин 70 мин калкы бар Кызыл-Кыя шаарыбызда абал кыйла дурус экен.
24.03.2018. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
26-01-2020 08:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,Кызыл кыя мусор чачилип жататго, Чубак ажы айтыго
24.03.2018. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
20-01-2020 11:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+3
Суротту коруп кантип отушот бул жолдордон деп тан калдым.
24.03.2018. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
25-01-2020 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооффф журогум, ушул депутат,мебуттатын, Сокесин, буга чейин жеген Ашасын кошуп мойнун жулатурган адам барбы!
24.03.2018. 16:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
13-04-2018 17:17
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушуну элдер оздоруле ондоп коюшса деле болотда окмоттуле куноолоп отура бербей ар Ким оз уйунун тушун ондоп алса жол онолот оздору эле басышат окмот эмес биздин айылда ошентип эле оздору эле ондошот 5 6жылда бир окмотту кутуп алма быш озума туш дегенге окшобой
24.03.2018. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
25-01-2020 10:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч билип бергилечи "Дордой 2 -ден там алганбыз,кызыл китеп берилет бекен,билгендер юолсо да жазып койгулачы сураныч?!.рахмат
25.03.2018. 11:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
01-12-2016
Соӊку аракети:
09-05-2019 01:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мурас ордону да кошпопсунар. Бул жолдордон да жаман.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: