super.kg logo
  Спорт  

Тарыхта биринчи жолу! Кыргыз футболчулары Мьянма курамасын жеңип, Азия кубогунун финалдык баскычына өттү

 
Кыргыз курамасынын күйөрмандары, алардын арасында Кореядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султан.
Кыргыз курамасынын күйөрмандары
Мьянма курама командасынын күйөрмандары

Бүгүн, 22-мартта футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасы менен кездешет.

11:33 Азыркы тапта Кыргыз улуттук кураманын негизги курамында чыга турган футболчулар белгилүү болду. Алгачкы мүнөттөрдөн төмөнкү футболчулар чыгышат:

Валерий Кашуба;

Азамат Байматов - капитан;

Курсан Шератов;

Азиз Сыдыков;

Эдгар Бернхардт;

Бахтияр Дүйшөбеков;

Аваз Откеев;

Мирлан Мурзаев;

Ислам Шамшиев;

Антон Землянухин;

Кайрат Жыргалбек уулу.

11:55 Командалар оюн талаасына чыгып, учурда Кыргыз Республикасынын гимни жаңырууда.

11:56 Бүгүнкү беттеште Кыргыз курамасы ак түстөгү футболка менен ойносо, Мьянма кызыл түстөгү форма менен ойнойт.

11:57 Өлкөлөрдүн гимни жаңырып, командалар беттешке даяр болушту.

12:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

12:02 Кыргыз курамасынын футболчулары чабуулга чыгып, эсеп санын ачканга үлгүрдү. Ислам Шамшиев алыскы аралыктан таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды.

12:05 Оюндун башталганына 5 мүнөт болсо дагы, Кыргыз футболчулар кайрадан чабуулга чыгып эсепти көбөйткөнгө жетишти. Антон Землянухин атаандаштарынын дарбазачысы менен бетме-бет чыкканга үлгүрүп, ага топту тосуп алууга мүмкүнчүлүк бербей эсепти 2:0 кылды.

12:11 Оюндун темпи бир аз төмөндөп, футболчулар тактикалык кадамдар менен атаандашынын дарбазасына жакындаганга аракет жасап жатышат.

12:13 Александр Крестинин бул беттешке шакирттерин мыкты даярдаганы көрүнүп турат. Буга чейинки беттештерде футболчулар чабуулду оң канат менен баштаса, бул ирет чабуул ортоңку бөлүктөн башталууда.

12:15 Кыргыз футболчулары ката кетирип, мьянмалыктар топту бурчтан көтөрүштү.

12:16 Бурчтан көтөрүлгөн топко алгач Кыргыз футболчулары жетишип, айып аянтчадан алыс чыгарып салышты. Бирок биринчилерден болуп топко кайрадан Мьянманын оюнчусу жетти.

12:18 Мьянма чабуулда. Кыргыздын айып аянтчасына көтөрүлгөн топко алгач Мьянманын оюнчусу жетип, башы менен сокку узатканга үлгүрдү, ал таамай болбогондуктан топ оюн талаасынан чыгып кетти.

12:21 Кыргыз футболчулары оюнду атаандашынын аймагында жүргүзүүдө. Буга Мьянма жакшы коргонуу менен жооп берип жатышат.

12:23 Эдгар Бернхардт атаандашына карата эреже бузду. Мьянма айып сокку узатууга мүмкүнчүлүк алды.

12:26 Мьянманын оюнчусунун соккусу таамай болгон жок. Валерий Кашуба топту кыйынчылыксыз тосуп алды.

12:28 Крестининдин шакирттери ылдамдык менен атаандашынын айып аянтчасына шашылууда. Мындан улам футболчулар оффсайд абалына туш болуп калууда.

12:32 Ислам Шамшиев ката кетирүүгө жол берди. Атаандашынын артынан келип жыгылтып, сары айып кагазын алды.

12:33 Мьянманын футболчулары оң канаттан чабуулду баштап, айып аянтчага чейин кирип келсе, Эдгар Бернхардт алдынан чыгып топту кыйынчылыксыз тосуп алды.

12:35 Мьянма курамасы топко ээлик кылууда. Кыргыз курамасына карата прессинг кылууга жасаган аракеттерин, Бернхардт же Байматов четке кагууда.

12:38 Азамат Байматов баштаган чабуул аягына чыкпай калды. Атаандашынын аянтында бири-бирин түшүнбөй Кыргыз футболчулар топту алдырып жиберди.

12:39 Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Кайрат Жыргалбек уулу топту айып аянтчага көтөрсө, топко алгач дарбазачы жетип, кооптуу абалды жокко чыгарууга үлгүрдү, бирок Ислам Шамшиев топко жетип, сокку узатты. Таамай болбой калган сокку дарбазага жакындаган да жок.

12:41 Антон Землянухин жаракат алгандай, ал бутун кармап дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.

12:44 Кыргыз футболчулар эсеп аралыгын кеңейткенге мүмкүнчүлүгүн колдоно албай койду. Сол канаттан дарбазаны көздөй чуркап барган Бахтияр Дүйшөбеков топту таамай пас менен Кайрат Жыргалбек уулуна узатты. Кайраттын 5 метр аралыктан дарбазага узаткан соккусу таамай болгон жок.

12:45 Калыстын ышкырыгы жаңырып беттештин 1-таймы бүттү. Учурда эсеп 2:0 Кыргыз футболчулар алдыда.

13:00 2-тайм башталды. Бул ирет таймды Мьянма курамасы баштады.

13:04 Азиз Сыдыков гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал дарбазачы менен бетме-бет чыгып дарбазанын оң бурчуна карай сокку узатып, ага дарбазачы жолтоо болууга үлгүрдү. Топ дарбазанын оң бурчунан саналуу сантиметр алыстыкта өтүп кетти.

13:10 Кыргыз курама командасы кайсы өлкөдө ойнобосун, күйөрмандар ар дайым колдоо көрсөтүп стадионго Кыргыз желегин көтөрүп келишет. Бул ирет бир топ күйөрмандар кыйкырыктар менен колдоодо. Күйөрмандардын арасында Кореядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Кылычбек Султан дагы бар. Бирок, тилекке каршы, стадиондо Мьянманын күйөрмандары көбүрөөк экен.

13:15 Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Азиз Сыдыковдун ордуна талаа үстүнө Фархат Мусабеков чыкты.

13:21 Гол! Антон Землянухин 2-голун киргизип, эсепти 3:0 кылды.

13:24 Азамат Байматов атаандашына карата эреже бузуп сары айып кагазын алды. Мьянма айып сокку узатат.

13:25 Мьянманын оюнчусу узаткан айып соккуга алгач Кашуба жетип, топту талаадан сырткары чыгарып салды.

13:27 Кыргыз курамасында алмашуу. Мирлан Мурзаевдин ордуна оюн талаасына Виталий Люкс чыкты.

13:32 Гол! Алмашууга чыккан Виталий Люкс Антон Землянухиндин атаандаштарынын айып аянтчасында узаткан пасына биринчи жетип, таамай сокку менен эсепти 4:0 кылды.

13:34 Кыргыз курамасында акыркы алмашуу орун алды. Оюн талаасына Бекжан Сагынбаев чыкты.

13:36 Кайрат Жыргалбек уулу өзүнүн 2-мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай койду. Кайрат дарбазачы менен бетме-бет чыгып, сокку узатканга үлгүрбөй калды.

13:40 Мьянма курамасы эсеп санын өзгөртүүгө аракеттерди жасоодо. Оң канаттан башталган чабуулдан кийин Мьянманын оюнчусунун соккусун Кашуба тосуп алды.

13:42 Гол! Мьянманын футболчулары, бир топ аракеттерди жасагандан кийин эсепти 4:1 кылды.

13:44 Кыргыз футболчулары чарчап калгандай көрүнөт. Кайра-кайра кеткен катадан улам Мьянманын футболчулары кооптуу абалдарды жаратууда.

13:45 Гол! Кыргыз курамасы эсепти 5:1 кылды. Оюндун негизги убактысына 3 мүнөт калганда Бекжан Сагынбаев 2 коргоочуну аралап өтүп, таамай сокку менен эсеп санын өзгөрттү.

13:47 Оюндун аякташына аз убакыт калды, бирок Кыргыз футболчулары чабуулдарды уюштурууда.

13:48 Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн Кыргыз курамасынын 5:1 эсебиндеги жеңиши менен жыйынтыкталды.

13:50 Муну менен Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. Ал эми 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.

Бул жеңиш менен Кыргыз курама командасы кийинки этапка алдын ала жолдомо камсыздай алды.

Эми Кыргыз курама командасы тандап алуу этабынын акыркы беттешинде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 27-март күнү Индия курамасын кабыл алат. Беттеш саат 20:00дө башталат.


кошулду


Тарыхта биринчи жолу! Кыргыз футболчулары Азия кубогунун финалдык баскычына өттү

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(44)
22.03.2018. 13:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Антоштун голу жакшы болду.мирланды чыгарып эле салыш керек
22.03.2018. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
25-07-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
+2
Rasul94,оа 5 явный моментти кетирди. Люкс чыкса дакшы болмок эле 1 таймдан кийин
22.03.2018. 13:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
31-05-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+5
3:0 уже
22.03.2018. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
21-01-2020 10:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
+2
3 -0 болду
22.03.2018. 13:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
22-02-2017
Соӊку аракети:
18-08-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
2-0деп турат го
22.03.2018. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
22-01-2020 13:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишенимдүү түрдө жеңишти камсыз кылып атабыз буйруса, алга АК ШУМКАРЛАР!!!
төртүнчү голду күтүп калабыз.
22.03.2018. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
22-01-2020 13:19
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ураааааа төртүнчү гол жаралды азаматсыңар
22.03.2018. 13:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
31-05-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
4:0
22.03.2018. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
21-01-2020 10:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
0
4 - 1
22.03.2018. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-10-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бугун мындай жениш учун бир жума тынбай пиво ичем.
22.03.2018. 13:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
06-01-2018
Соӊку аракети:
20-01-2020 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
nuri1,
koy ichpey tur emki oyunduga utaiyk ekobun choguu mayramdaisyn
22.03.2018. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
21-01-2020 10:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
+2
5 - 1
22.03.2018. 13:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
03-04-2018 17:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
5-1
22.03.2018. 13:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-02-2017
Соӊку аракети:
10-12-2018 00:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
5:1
22.03.2018. 13:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
5-гол жакты
22.03.2018. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
21-01-2020 10:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
+1
Ура
22.03.2018. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
28-10-2019 12:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргызстан
22.03.2018. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
28-10-2019 12:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ойношту бирок акырында кичине чарчап калышты Бирок жениш Алга Кыргызстан
22.03.2018. 13:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
245
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
22-01-2020 01:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар эми кийинки оюнда да ушундай ойносонор
22.03.2018. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
22-01-2020 13:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
27- мартта Кыргызстан-Индия беттешинин убактысын айтып койгулачы
22.03.2018. 14:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
24-07-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
interpol,20-00
22.03.2018. 14:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
15-12-2018 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
TalaCSKA сен уверен айттың эле утту чындап Кыргызстан. Куттуктайм!
22.03.2018. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
442
Катталган:
12-06-2010
Соӊку аракети:
21-01-2020 17:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Уреее деп коёт экен да
22.03.2018. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
233
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
20-01-2020 18:29
Жынысы:
Белгисиз
-5
биринчи жетим эсепти 4-0 кылды дейт го
22.03.2018. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
11-02-2018
Соӊку аракети:
20-11-2019 13:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урааааааа..алгаа
22.03.2018. 14:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
25-10-2011
Соӊку аракети:
25-06-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
куpaмa тeмиp куpч болот aлгa КЫPГЫЗСТAН!!!
22.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
09-05-2019 03:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гоооооооол! Ушинтип жазастарбы болбосо таппай калат экенсин качан урду деп.
22.03.2018. 15:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз командасы Молодцы! Жеңишиңер менен куттуктаймын Алга Кыргыз! Кылычбек.Султанов. Молодец!
Azatbek83 түзөттү 2018-03-22 15:34:14
22.03.2018. 16:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
02-01-2018
Соӊку аракети:
04-01-2019 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыңар! Буйруса Индияны утуп алсак
Super TV
22.03.2018. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
22-01-2020 12:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо молодцы ребята, вы Крутые. Крестинин тоже молодец. Спасибо что Достойно учите наших ребят!
22.03.2018. 18:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайм женишинер менен.Озу мен дагын Канат укама окшоп мактанып коейун)))).Спорт менен намысты Кыргызстандыктардан эч ким талашпай эле койсун!
KGstan1981 түзөттү 2018-03-22 18:52:48
23.03.2018. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
27-01-2018
Соӊку аракети:
21-07-2019 08:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстаным алга!
23.03.2018. 15:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-03-2018
Соӊку аракети:
26-03-2018 10:36
Жынысы:
Белгисиз
0
27 март күнү баарыбыз стадионго барып колдоп койолу кыргыз элим ким барат колдоп келейли ак шумкарларыбызды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136389;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: