super.kg logo

"Он жылдан бери сага окшогон кыздардын далайын иштеттим, бири да сотко бере алган эмес деп коркутушат" дейт Орусияга иштегени барып алданып калган кыз

 

Орусиянын Калининград шаарына 24 жаштагы Гуля (ред. Өзүнүн суранычы менен аты өзгөртүлдү) "Ош базарынан" жумуш издеп жүрүп таанышкан Гүлнар аттуу аял менен өткөн жылдын декабрь айында кеткен. Ал дүкөндө сатуучу болуп иштеп, айына 20 миң рубль айлык акы ала турганы боюнча кагаз түрүндө келишим да түзүлгөн. Бирок аталган шаарга келгенде алданып калганын билип, мекенине кетүүгө жол издеп баштаган. Бул окуясы тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Гулянын айтымында, ал Калининград шаарына 2017-жылдын 27-декабрында кеткен.

"Мен "Ош базарындагы" радио түйүндөрдүн биринен жумуш карап жүрүп Гүлнар аттуу эже менен таанышып калдым. Ал мага аталган шаарда көп жылдан бери дүкөн иштетип жүргөнүн, ал жакта күйөө баласы менен кызы жашаарын айтты. Эгер ошол дүкөндө сатуучу болуп иштесем жатаканам бекер, айлык акым 20 миң рубль болорун да айтып берди. Мен дароо макул болуп Гүлнар эже менен кеттим.

Мени жеткирип келген соң Гүлнар эже 2-3 күндөн кийин кайра Бишкекке кетип калды. Ал жакта менден башка 2 кыз, 2 жигит иштеп жүрүшкөндүктөн мен бешинчиси болуп аларга кошулдум. Документтеримди каттоого туруш керек деп эртеси күнү эле Гүлнардын кызы Асел алып койду. Ал жактагы кыздарды уруп-сабап, урушуп жатканын көрүп алданып келгенимди түшүндүм. Мени дароо эле дүкөнгө алып барышып, сатуучу кылып иштете башташты. Ал жактан Орус жарандарынан жардам сурап баштадым. Алар жок дегенде жашаган жериңди айтчы дешет. Бизди болсо унаага салып жумушка алып келип, кайра алып кеткендиктен жашаган дарегимди биле албай койдум. Акырында алар мен жумуштан кеткен учурда артымдан аңдып анан жашаган жеримди табышты. Андан кийин ал Орус жараны мени билдирбей сүрөткө тартып кетип жаткан. Ошолордун жардамы менен мекениме кайтып келдим", - деди ал.

Каарманым аларды иштеткен Асел аттуу кыз дайыма кыздарды ар кандай жолдор менен коркутуп жүргөнүн жана 2 ай аралыгында таптакыр акча бербегенин кошумчалады.

"Биз жумуштан келгенден кийин дагы жашаган үйдү жыйнап, бардык жумуштарды кылчубуз. Бала багуучу жаш кызды уруп-согуп, акчасын бербей коркутуп жатып аны кетиришти. Көбүнчө "биздин полковник таанышыбыз бар, силерди өлтүрүп, өзү өлгөн кылып коюу колубуздан келет. Же баштыктарыңарга алтын салып карматып койсокпу" деп коркутушчу. Мен эки ай толук иштегенден кийин, бир күнү кийимдериңди даярдап кой мекениңе кетип калышың мүмкүн деди. Жумушта иштеп жатсам саат 16:30дарда мени чакыртышып, кете турганымды айтышты. Аэропортко келип, каттоодон өткөнү жатсам телефонумду тартып алышты. Себеби ал жакта бизди урушкан, кыздарды сабаган учурларда тартып алган видеолор бар эле. Анан мага бир кагазды алдыма сунуп кол коюп берүүмдү суранды. Окусам мени 36 миң рубль акча алды деп жазылыптыр. Мен албаган акчама эмнеге кол коюшум керек десем анда телефонуң бизде калат дешкенинен мен силер менен сот аркылуу чечишем дедим. Ошондо Гүлнар эженин кызы мага карап "он жылдан бери сага окшогон кыздардын жүзүн иштеткем, сотко берем, арыз жазам деп кеткендердин далайынын колунан эч нерсе келген эмес" деди.

Гуля мекенине 23-февралда келип, эртеси Свердлов РИИБине арыз жазган. Азырынча иш козголо элек. "Бул окуянын ээлери жазасын алышы керек, себеби мен өлкөгө кайтып жатканда ал жакка 18 жаштагы жаш кыз келди. Эми анын көргөн күнү эмне болот? Мага окшоп билбей баргандарга сабак болор" дейт жабырлануучу.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(23)
19.03.2018. 15:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+22
Акмак ,бир Кудайдан коркпогон эл болдук,кандай ушул кыздардын убалынан коркушпай жашашат адамдар
19.03.2018. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
01-08-2020 15:38
Жынысы:
Белгисиз
+22
Биронун элинде кыргыз кыргызды кордоп Аллах коруп турат корккула
19.03.2018. 18:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
31-01-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахтан корккула!
19.03.2018. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
433
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
13-06-2020 13:45
Жынысы:
Белгисиз
-28
Адам торолгон жеринде эмес, курсагы тойгон жерине качат.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-03-19 16:43:15
19.03.2018. 16:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+19
Mirlan27011987,курсагым тойгон жерде жашайм депеле бащка адамдарды кул катары иштете бериш керекпи. Тема боюнча комментарий бериш керек да,ТОО десе бээ дей бербей
19.03.2018. 16:40 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+16
Адам сатуу беренеси менен иш козгосо болмок органдар.
19.03.2018. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
17-04-2020 18:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+13
Органдагылар башын ооруткусу келбейт да мындай иштерге,болгондо да Россияда.ушул жерден жазыш керек болчу арызды
19.03.2018. 17:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
08-05-2018 11:05
Жынысы:
Белгисиз
+17
АША айткан Кыргыздын душманы Кыргыз деп туптуура айткан
19.03.2018. 20:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
31-03-2015
Соӊку аракети:
25-09-2019 09:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-4
Begmat1992, Ал, "ӨЗҮН" мисал кылып жүргөн болбосун...)
19.03.2018. 17:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2019 02:50
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай урса экен бироону иштетип алдап акысын жегендерди!!! Козунон кан акканда козунон жаш аккан кыздарды эстеп койгулада!!!
19.03.2018. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
11-08-2015
Соӊку аракети:
26-04-2020 20:08
Жынысы:
Белгисиз
-1
Э олуп кетсин дейт азыр 1000$ берсен карамыш этет акча жок болсо олтуруп кетседа карабайт
19.03.2018. 17:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
05-12-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш жакшы ниетер менен келгенда иштейм деп бул ишти териштирсе коп нерсе чыгат
19.03.2018. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
622
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
12-07-2020 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
Россияда кыргыздарга караганда орустар тузугуроок
19.03.2018. 18:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
03-08-2020 20:18
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жоолуп эмне барасын озун куноолуу экенсин тааныш эмес адамдарды ээрчип кете бергидей торпоксунбу
19.03.2018. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
224
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
30-04-2020 14:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кылмыш иши козголбогонуна караганда чын эле чонураак таныштары бар окшойтта. Оздоруно ишенип суйлогондойго?
19.03.2018. 19:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
18-08-2015
Соӊку аракети:
17-02-2019 18:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г Ош..
+2
Кудайдан коркпогон адам экен.Бул ишке коз жумуп койбой акырына чейин карашса.Канчалаган адам кордук коруп жатышат.
19.03.2018. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
26-07-2020 20:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+1
башка кыздарда азыр кыйналып жатышкандыр жардам бергиле чоондор сураныч
19.03.2018. 21:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
426
Катталган:
11-09-2010
Соӊку аракети:
01-08-2019 18:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз Арал
-1
Кудай сактаа!! Уялбай айтканын, мактанып. Жуз кишинин кусуру ургур!!!
19.03.2018. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
03-08-2020 19:04
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге кантип чала тааныш адамга ишенип кетип калдын синдим. Сага айтарым кайрат сабыр. Эки ай сен учун сабак. Бирок кандай адамдар озу эне болуп туруп бироонун акысын жейт деймда. Кудай бар Кудайга сал. Суперге жазып жакшы кылыпсын. Супер суперский раследование жургузгуло сураныч
19.03.2018. 21:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
17-07-2020 00:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуя жакшы болбоптур,бул окуяны прездентибиз озу карап чыгуусу керек?анткени канчалаган боордошторубуз кордук коруп чет олкодо жургондору коп,ошолорго жардам болот,териштире берсе коп окуялар чыгатко ошол иштеткендерден,оз кылмышына жараша жазасын алышы керек?
20.03.2018. 01:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
18-05-2020 06:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн туура маселе Москва шаарында ,озубуздун эле кыргыз жигиттер ортомчу посредник болушуп канча балдардын айлык акыларын бербей качып журушот.Бироонун акысынан да коркпой калышты.Начальниктерине барса кол коюп силерге берем деп алып кеткен дешип жатат.Кыргызды кыргыз тоногон заман болуп калды.
20.03.2018. 11:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 15:17
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер ушуну жакшылап териштиргилечи
20.03.2018. 15:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1632
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
03-08-2020 21:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
Adiletia, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148348;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: