super.kg logo
«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


  Спорт  

Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн Мадина Надирова килем үстүнө чыгып, жеңилүү ызасын тартты

 

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 4-мелдеш күнү старт алды. Анда кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 1 спортчу чыккан.

53 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Мадина Надирова алгачкы беттешинде казакстандык Жылдыз Эшимовага кез келди. 2 мүнөт 30 секунддун ичинде Казакстандын балбаны өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, 10:0 эсеби менен Кыргыз балбанды жеңип алды. Муну менен Мадина Надирова медалдар үчүн күрөштү токтотту.

Айта кетсек, кечээ, 1-мартта Кыргыздын атынан 4 балбан катышкан. Мелдештин жыйынтыгында, Мээрим Жуманазарова коло байгенин ээси болгон, Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартса, Нураида Анаркулова жана Саяна Баизова тандап алуу этабында эле жеңилип калган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.03.2018. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
29-09-2018 12:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
+1
Жылдыз Эшимова Таластан улуту кыргыз.Кыргзыстанды чанып Казактардын атынан чыгып жатат азыр!!!!
02.03.2018. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 02:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Чанбай эле, чөнтөгүн ойлоп жатыр .
03.03.2018. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
15-05-2013
Соӊку аракети:
30-11-2019 23:29
Жынысы:
Белгисиз
0
эч нерсе эмес женилуу болбой женишке жетпейт. Женилсе чыйралат кайра катуу аракеттенет. Алга кыргыздын кыз Сайкалдары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134718;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: