super.kg logo
«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бала бакчадан ооруканага жеткирилип чарчап калган баланын апасы: "Баламдын ден соолугу чың болчу, ооруп жүргөн деп калп маалымат берип жатышат"

 

"Тарбиячылар баламды кароосуз таштап коюп ал бир жерге жыгылган же түртүп жиберишкен", - дейт Каракол шаарында бала бакчадан ооруканага жеткирилип чарчап калган 2 жашар баланын апасы Наргиза Абдыкадырова. Мындай пикирин ал бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул окуяга чейин баласынын ден соолугу чың болгон.

"Балам мурда ооруган эмес, ден соолугу чың, жакшынакай эле бала болчу, муну баламды мурда көзөмөлдөп жүргөн дарыгерлер да тастыктап бере алышат. Буга чейин милиция кызматкерлеринин "баланы “Тез жардам" унаасы менен алып барышкан, мурда ооруп жүргөн ошондон улам чарчап калган" дегендери калп. Баламдын абалы оорлоп кеткенде бала бакчанын кызматкерлери "Тез жардам" кызматын күтпөстөн ооруканага такси менен алып барышкан.

Кийин бизге эки-үч жолу гана шашылыш көргөнгө уруксат беришкен. Биз жакшылап деле карай алган эмеспиз. Бир киргенимде башы аябай чоң болуп шишип турган, шишип калган го десек дарыгерлер "жок, шишиген эмес, сага ошондой көрүнүп жатат" деп коюшкан. Кийин балам чарчап калды дегенде эле жандандыруу бөлүмүнө чуркап кирип карасам, баламдын башынын сол тарабы көк-ала болуп шишип калыптыр", - дейт Наргиза Абдыкадырова.

Андан сырткары ал баласынын бетинин сол тарабындагы көк ала тактардан башка дагы башынын каракуш бөлүгүндө чоң шишик бар экенин, көк ала тактар экинчи күнү да пайда болгонун айтат.

"Эгер балам мурда жаракат алган болсо ага чейин көгөрмөк да, биринчи күнү көк тактар жок болчу. Кароосуз калтырып бир жерге жыгылып калганбы же түртүп жиберип катуу жыгылтып алышканбы деп ойлоп жатам. Медициналык эксперт да айтып жатат, баламдын мээси катуу шишип кетиптир. Тун балам, жалгыз балам эле, эми ал табылбайт, биз болгону балам эмне болуп чарчап калганын гана, чындыкты гана билсек", - дейт апасы.

Буга чейин Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калганы маалымдалган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
12.02.2018. 22:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ужас
12.02.2018. 22:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-02-2017
Соӊку аракети:
23-12-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалко наристе.
12.02.2018. 22:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
06-11-2019 12:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+11
Журок ооручу болду го((. Наристелер олбосунчу...
12.02.2018. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
06-12-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+14
Ото жаман чапкан окшойт ким билет дыкат текшерилет деп ишенем
12.02.2018. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
872
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
09-12-2019 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+4
Эмне дээриңди да билбей каласын карап туруп.
12.02.2018. 22:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
26-03-2016
Соӊку аракети:
13-03-2018 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой кудаймы ай
12.02.2018. 22:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
31-10-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ай кудайым ай наристелерди сактай кор детский садтын воспитательдери кунолууго точно жазалаш керек
12.02.2018. 23:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
09-03-2018 03:01
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чынында тарбиячылар балдарды карабайт качан барсан телефон чукулап эки экиден отура беришет частный Садике берейин десең акчасы кымбат! Бир барсан телевизорго акча бир барсан буга акча мынага акча дей беришет айлыкты эмнеге алышат билбейсин ата энесине сабыр тилейм!!Кудайым бешенеге эмнени жазса ошону коробуз буюрса дагы наристелуу болунуздар айла жоок
12.02.2018. 23:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 19:05
Жынысы:
Белгисиз
+6
Наристе балапаным окунучтуу ата энесине сабыр берсин!
12.02.2018. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
20-09-2019 08:06
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аттиң ай, абдан өкүнүчтүү.. Бүгүнкү наристелер тууралуу суук кабарларды окуп алып жүрөгүм ооруп, сыздап жатат..
12.02.2018. 23:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
581
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-08-2019 10:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул иште бир мандем бар экени бештен белгилуу!
Байкуш балапан...Жараткан оз рахымына алсын,абдан окунучтуу(((
12.02.2018. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
952
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
ото окунучтуу иш болуптур чынында следактар жакшы караш керек бирок суроттогу трупные пятна эле болуп туратко эгер гематома болсо ошол жердеги судмедэксперт жаап жашырса чогу баарын камаш керек
12.02.2018. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
07-12-2019 12:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карапайым эл чындыка эч качан жетпейт. Бала бакчанын заведующийи ишти жапканга аракет кылат
12.02.2018. 23:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
16-12-2018 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшылык корбосун ушул ишке еуноолу адам кантип уйтап жатты экен колунан бир наристе эч кандай куноосу жок аппак наристе коз жумуп турса,эми бул ишти пара алып жаап салчуу болгондор оз баласын ойлоп да чындыкка туртсун деп ойлойм баланыкын бербесин кудайым ай,жанында болсом бетке чармакмын воспитательницаларын жумуштан кетирип эле тим болбостон жазага тартыш кк.Байкушум ай кичинекей бала таяк жеп каза бп калат деген эмне шумдук.
12.02.2018. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
03-11-2012
Соӊку аракети:
27-10-2019 02:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Балада эмне куноо эми. Адам баласы жырткыз болуп баратат
13.02.2018. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
05-04-2016
Соӊку аракети:
03-10-2019 12:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сабыр берсин.
13.02.2018. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
09-12-2019 16:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жумушка келгенде телефондорун алып коюш керек.Кароосуз калтырган да чукчалар....
13.02.2018. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+11
Садик саат 8:30-9:00до ишин баштайт.
Бала 11:00до эсине келбей калса,значит урган.
Мурда суук отсо энеси эчкачан садикке алып келбейт болчуда.Суротундо даана эле корунуп туратгоо,когоруп.Аллах жазанарды берсин силердин!!!
Бугун наристелер учун ыйлап,кейип жатам.Аябай ичтм туш куйгандай ачышып.
Негедир отто баласаакмын.
Наристе периште болуп учуп кеттиии аттин!!!((((((((((
Эгер Кыргызстанда акыйкат болсо,жакшылап текшерип,куноолуулор жазасыз калбаш керек!!!
13.02.2018. 02:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
23-11-2012
Соӊку аракети:
24-01-2019 17:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Садике бериш да опасный болуп калыптыр да ,эч кандай кепилдик жок баландын ден соолугуна. 2 жаштагы балан да Ата энесине арыздана алышпайт,садикте токмокко алынып атканын. Ошон учун тили чыгып ,садикте эмне болуп атканын 4-5 соз менен тушундуро ала турган маалда беришсе Дейм да.Ата энесине сабыр тилейм. Байкуш энеси сыздап атат го,баландын колуна тикенек кирип,мурдунан суу куюлуп калса кандай жанын чыгып кетет .Эххх окунучтуу
SaLtY түзөттү 2018-02-13 03:03:28
13.02.2018. 04:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
09-12-2019 19:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
0
Окунучтуу чындыкты далилдеш керек
Жаткан жери жайлуу болсун энэсине сабыр
13.02.2018. 08:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааай кудайым ай кичинекей балапаным эч нерсени көрбөй жашоо эмне экенин билбей эле кете бердиңби?Жаным десе периште боюнча кетипсин да.Жыгылса сыйрылат болчу байкушуму кулака өтө катуу удар мн эле чапкан экен жакшылык көрбөй кал баланын ыйы баланын каны сени тынч уктатпасын кудай жазаңды берсин.Мурда ооруса апасы дарылатат эле сен эшектин колуңа тапшырбай.Апасына кудайым сабыр сабыр сабыр берсин ,жогору жактагылар текшерип жазасын бергиле айдай баласын өлтүрүп колуна бериптир.Балдарыбызга өмүр б
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134745;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: