super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссия түздү (курамы)

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссия түздү. Мындай демилгени парламенттик "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштап депутаттар колдоду.

Эми депутаттык комиссия 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгат.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,

КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев,

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев,

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев,

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.01.2018. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
25-06-2012
Соӊку аракети:
01-06-2018 10:05
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жалан суйлобогон депутаттар комиссия болуптур да.
31.01.2018. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
388
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
10-10-2019 12:57
Жынысы:
Белгисиз
+6
Барат акча алат анан жакшы деп кетип калат.
31.01.2018. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
720
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-05-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жепжутарлар чогулган го накта тойбостор. Жанар Акаеевди кошуш керек болчу чындыкты айтып чыкмак.
31.01.2018. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
26-07-2017
Соӊку аракети:
31-05-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azat.97,Эн туура айттын тууганым эн туура
31.01.2018. 22:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
02-10-2019 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар.Чонтокторун кампайтып кайра келишет.андан башка толк жок
01.02.2018. 01:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
09-01-2017
Соӊку аракети:
14-04-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жылуулук берилди деп жатышат, бизге дагы эле келе элек. Телевизор дон0312 361719 номерин корсотуп жатты эле, 10 жолу звонок кылдым жооп бербейт. Же занято, же гудок кетет, жооп жок. Отопление бизге жетпейт окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133700;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: