super.kg logo

Орусияда өспүрүмдөргө социалдык түйүндөргө катталууга тыюу салуу сунушталды

 

Орусияда окуучуларга социалдык түйүндөргө катталууга тыюу салуу сунушталды. Мамлекеттик думада сунушталган долбоорго ылайык, 14 жашка чейинки өспүрүмдөр социалдык түйүндөргө катталышы үчүн балдардын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдук каты болушу керек. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарда өзгөчө эрежелер киргизилип, алардын туугандары аккаунттун түзүлүшү үчүн кат бериши керек. Бул эрежелерди тартипке келтирүү милдети социалдык желелердин ээлик кылуучуларына жүктөлөт. Мыйзам бузулган учурда ээлик кылган жеке жактарга 5 миң, кызмат адамдарына 50 миң, юридикалык жактарга миллион рублга чейин айып салынат.

Бул мыйзам өткөн жылы да сунушталып, Мамлекеттик думанын төмөнкү палатасы колдогон эмес. Буга социалдык түйүндөргө бардык катталуучулар жеке маалыматтарын бериши керек деген норма себеп болгону айтылат.

Интернеттин өспүрүмдөргө таасири туурасындагы талкуулар, Орусиянын аймактарындагы окуучуларга, мугалимдерге кол салган балдардын окуясынан кийин курчуган. Эске салсак, 15-январда Орусиянын Пермь шаарында бычак менен куралданган эки өспүрүмдүн урушунан улам 13 адам жаракат алган. 19-январда Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарында сабак өтүлүп жаткан класска кирип барган эки өспүрүм мугалимди жана окуучуларды балта менен чапкылап, бөлмөнү өрттөп жиберишкен.

Кийинчерээк Пермдеги окуяга катышкан балдардын бири ВКонтакте түйүнүндөгү 1999-жылы АКШнын Колумбайн мектебинде массалык өлтүрүлгөндөргө арналган топтун баракчасында катталганы белгилүү болгон. 1999-жылы Колумбайн мектебинде 2 чоң класстын окуучулары 13 адамды атып өлтүрүп, 20дан ашуун балдарды жарадар кылган. Бул окуядан кийин окуучулар өз өмүрүнө кол салышкан.




 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
22.01.2018. 22:49 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кылыптыр.Бирок деген силер жазьадынар беле 2018 жылы 1-Январьдан баштап Орусияда энергетикалык суусундуктар сатууга чыкпайт деп мен уктум эле сатып эле жатышат деп?! Кече оз козум менен кордум сатылып жатат именно жаш балдар тандап алып жатышканын! Орусияда 1-Январдан баштап ДПС ГАИ. болбойт деп орустарда жазышты эле ГАИнин ордуна башка ачылат сокращение болот ППСтин укугу болот баардык машинаны токтотуп текшергенге деп бирок андай болгон жок.Мурункудай эле же эми кучуно киреби деп койдум.
22.01.2018. 23:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
03-11-2012
Соӊку аракети:
27-10-2019 02:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azatbek83,ооба энергетикалык суусундуктар сатылбайт деген. Сатылып эле атат бут эле жерде
23.01.2018. 13:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
0
kilim,Анан мен эмнени айтып жатам?!Сатылып жатат ошон учун коментарини жаздым.
23.01.2018. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
401
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
23-01-2020 02:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш балдарга кантип каттапай кое алышат, физически мумкун эмеско дейм. Ар бирин текшере албаса керек.
23.01.2018. 06:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
233
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
22-01-2020 19:53
Жынысы:
Белгисиз
0
suban78,туура,жашын чонойтуп,катталса,жанында турбагандан кийин,Ким билет,анын жакшы канчада экенин
23.01.2018. 01:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
14-02-2019 06:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура болот,мен кошулам,керексиз сайттарга кирип кетип алданып калып,оз омурлоруно тугул башкаларына да зыян келтирип жатышат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136448;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: