super.kg logo
«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Кайсы облустун балатысы көз жоосун алгандай кооз? Жаңы жылга карата дубандардын даярдыгы

 

Эски жылды узатып, Жаңы жылды тосуп алар алдында майрамга болгон даярдык өлкөнүн бардык аймактарында кызуу жүрүп жаткан кези. Бул майрамдын башкы белгиси катары каралган балатылар өлкөнүн кайсы дубанында кандай жасалгаланды? SUPER.KG порталы ар бир облустун борборлоруна орнотулган балатылардын сүрөтүн топтоду.

Бишкек

Борбор калаабыз Бишкекте Жаңы жылды тосуп алууга даярдык кызуу жүрдү. "Ала-Тоо" аянтында бир жума бою орнотулуп жана кооздолгон эң негизги балатынын бийиктиги быйыл 25 метрге жеткен. Расмий түрдө балатынын чырактарын жандыруу аземи 15-декабрда өттү. Улуттук колориттеги оймо-чиймелер менен кооздолгон токой сулуусунун айланасында көптөгөн жаңы жылдык композициялар орнотулган. Жалпысынан шаарды майрамга карата жасалгалоого 15 миллион 500 миң сом сарпталган. Анын ичинен балатыны кооздоого 1 миллион 200 миң сом жумшалган. Ошондой эле ар бир мекемеге өзүнүн аймагын майрамга кооздоого тапшырма берилип, мэрия тарабынан сынак жарыяланган. Мындан сырткары соода борборлорунда жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын алдына балатылар орнотулган. 31-декабрь күнү борбордук аянтта күндүзү жана кечинде майрамдык оюн-зоок концерттер өтөт. Кечинде уюштурулган концерт түнкү саат 12де атылуучу майрамдык салют менен аяктайт.

Ош

Түштүк борбор аталган Ош шаарында быйыл өлкөдөгү эң бийик балаты орнотулду. Бул токой сулуусунун бийиктиги 30 метрге жеткен. Өзүнүн кооздугу жана бийиктиги менен көздүн жоосун алган балатынын чырактарын жандыруу 20-декабрда өткөн. Балатыны жана Ош шаарынын борбордук аянтын жасалгалоо үчүн 1 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми 31-декабрь күнү борбордук аянтта оюн-зоок иш-чаралары жана концерттик программа болот. Оюн-зоокторго активдүү катышып, жеңүүчү аталган тургундарга баалуу белектер берилет.

Каракол

Кереметтүү көл жергесинин Каракол шаарында майрамдык салтанат менен кечээ, 21-декабрда борбордук аянтта орнотулган балатынын чырактарын жандыруу аземи болуп өттү. Бул балатыны орнотуп кооздоого жана шаардын борбордук аянтын жасалгалоого 1 миллион 88 миң сом жумшалган. Анын бийиктиги 21 метрди түзөт. Балатынын чырактарын жандыруу аземи концерт менен коштолуп, шаар тургундары үчүн дискотека уюштурулду.

Нарын

Бийиктиги 15 метрге жеткен балатыны быйылкы жылы теңир-тоолуктар борбордук аянтка орнотту. Башка шаардагы балатылардан айырмаланып тоодон кыйылып келинген балатыны жана шаарды майрамга карата кооздоого 200 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн 31-декабрда оюн-зоок коштогон чакан программадагы концерт болуп өтөт.

Баткен

Баткен шаарында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери 21-декабрда башталган. Быйылкы жылы Баткенге балаты Орусиядан алынып келген. Майрамдын символунун бийиктиги 15 метрге жетип балатыны жана ал орнотулган аянтты кооздоого 123 миң сом бөлүнгөн.

Талас

Баасы 16 миң сомду түзгөн балаты Талас шаарына орнотулуп жатат. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл шаардын борбордук аянтына орнотулган балаты кыйылып келген. Балатыны жана аянтты кооздоого жергиликтүү бюджеттен 95 миң сом бөлүнгөн. Азыркы тапта балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Балатынын чырактарын жандыруу аземи 25-декабрда өтөт.

Жалал-Абад

Быйыл Жалал-Абад шаарын Жаңы жылга жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен жалпы 650 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка шаардын үч жерине балаты орнотулуп жана "Эркиндик" аянты жасалгаланган. Орнотулган балатынын бийиктиги 20 метрге жетет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(47)
22.12.2017. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
26-10-2019 04:17
Жынысы:
Белгисиз
-14
Talas bazar jok))
22.12.2017. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
10-11-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ох-хооо Каракол алга!
22.12.2017. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
10-11-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
-5
Караколдуку аябай сонун экен!
22.12.2017. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
168
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
27-09-2019 17:06
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар дайым Ош шаары алдыда.
22.12.2017. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
13-03-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 04:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бишкектики жакты
22.12.2017. 23:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
11-09-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне баткен Нарын таласты кундузу тартылган суротун жуктогонсунор эмне туну тартсанар болбойбу
23.12.2017. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
03-08-2017
Соӊку аракети:
03-12-2019 16:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanybek1986,свети жок экен)
28.12.2017. 01:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
04-11-2019 13:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Aza030393,свети бар эле нарынга келип коруп кет анарын алгааа+++++
22.12.2017. 23:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
26-03-2016
Соӊку аракети:
13-03-2018 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каракол Алгааа
23.12.2017. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1804
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 19:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштун балатысы бийиктиги жагынан да,сулууланып жасалгалоо жагынан да алдыга эч кимди салбаптыр го.
23.12.2017. 00:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
07-02-2017
Соӊку аракети:
25-11-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жалал абад Караколдон Чон шаарго.Недеп жасап жасап койгон Жалалабаддыкын.жаркылдаган немени эле осуп турган арчага илип койгонго
23.12.2017. 01:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
30-08-2015
Соӊку аракети:
12-06-2019 06:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошончо акча короткуча колунда жокторго жардам бергиле. Уйу жок, квартирага акчасы жок суукта комур алганга акчасы жок жургондор канча. Акыретти да бираз ойлогулада олбой тургандай болбой. Элдин батасын алсанар ошол силерге бийлик байлык баары болуп берет
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-23 11:39:30
23.12.2017. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
30-05-2019 12:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
312kyrgyzstan,балаты жасалбай калса эле ошол акчалар колунда жокторго кетмек беле? Бизде обычно колунда барларга кетип калат, ошондуктан карапайым калк учун бир жылда бир балаты жасап койгону эле дурус го
23.12.2017. 01:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
408
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 23:06
Жынысы:
Белгисиз
-15
1 ош 2 бишкек 3 каракол 4 жалал абад калганын жасалгалан елка деп атоого болбойт
23.12.2017. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
952
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
08-12-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
-5
ошолго кеткен акчадан берип турса уйумду буторуп алмакмын просенти жок кылып
23.12.2017. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
06-07-2016
Соӊку аракети:
05-12-2019 23:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва,Ноокен
-6
Жалал абад та сонун жасалып тыр супер
23.12.2017. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
18-07-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 01:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыны кеч тартыш керек элэ
23.12.2017. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
741
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
25-07-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
+1
Гулчонуку нарын баткен таластыкына караганда абийирдуроок
23.12.2017. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
30-04-2018 07:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+5
Баткен 123 мин сомдукпу ещё российский дейт.
23.12.2017. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
15-12-2018 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
Караколдуку жакшына экен
23.12.2017. 11:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
08-02-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таласта Нарында Баткенде Жалалабадда койбой эле койсо болмок экен
23.12.2017. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
+2
Таластыкы кантет
23.12.2017. 12:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
26-02-2017
Соӊку аракети:
26-02-2018 20:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми ар бир облустун бюджетиге карап жасай беретта. Бишкек Ош алардын бюджети коп
23.12.2017. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 02:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкектин балатысын жасалгалоого 15.5миллион кетиптир Ошко 1миллион кетиптир.Ошондо Бишкекте жегичтер тойбос токурлар көп болобу ыя?Ошондон көрө үйү жок бей бечараларга үй алып берсеңер 10-15и үйлүү болуп калмак экен.
24.12.2017. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
04-07-2013
Соӊку аракети:
29-01-2019 16:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,
Мен ошентип ойлоп жаткам. Андан көрө үйү жок, колунда жокторго үй алып беришсе жок дегенде 10 же 15 үй-бүлөнү сүйүнтүшмөк.
23.12.2017. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
15-12-2018 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+2
Бишкеке ёлкага 15млн кетти эмес 1млн200мин деп турат. 15млн бир эле ёлка эмес шаардын башка жерлерин жасалгалоого да кеткен, ал деген борбор, жасалыш керек!
23.12.2017. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 19:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Базар-Коргон гул коргон....)
+7
Бишкектин арчасы семиз бою кичине, Оштун арчасы арык бою узуун болуптур) Жалал-Абадтыкын живой коргондо шалпыйып калган экен кечээ. 31-декабрга чейин соолуп олот го дедим эле.
23.12.2017. 14:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
Убактылуу коз боемочулук бекер акчаны талаага чачып.Ошонун артынан шылтоо болуп кара курсактарына да тыгып алышты!!!
23.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
31-01-2011
Соӊку аракети:
06-10-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Андан коро балдарга поссобия беребиз деп баштаган ишинерди аткарсанар эн жакшы болмок, азда болсо комок болот экен деп абдан суйуунуп жаттык эле. Конфет берет деп алданган жаш баладай олтуруп калдык, эмчегибизди шишитип...
23.12.2017. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
31-01-2011
Соӊку аракети:
06-10-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1

Талас, Баткен, Нарындын балатыларын коруп алып козумон жаш акканча кулупмун... Кайран 15 Миллион сом, мынча акча коротуп койгон балатынарды кордук суроттон. Бишкек менен Оштун балатылары тузук болбосо, калгандарынын кебетелери кантет. Калган областын жашоочулары теледен коруп ыраазы болгула дегенсинер го.
23.12.2017. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-03-2016
Соӊку аракети:
18-04-2018 20:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Това кылдым баткендин ёлкасы не дейт
23.12.2017. 18:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
08-05-2014
Соӊку аракети:
08-02-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aibek.nur.8597,пока кичине экенда 31ине чейин дагы чоноетта)))
23.12.2017. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1244
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 18:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
joysin777,))))
23.12.2017. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
07-12-2019 19:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде балаты оспойбу?
23.12.2017. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-08-2019 10:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштуку бою узун болгону менен арык,жасалгасы жупуну экен,узун болсо женебиз деген ой менен жасалгандай...Бишкек менен Караколдуку барпайып абдан жагымдуу экен,накта балаты деп ушуларды айтыш керек,башкалардыкына соз жок,Баткендики ото жупуну,аянычтуу корунот экен.
23.12.2017. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 00:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
0
ушу кантип болсун ош менен бишкектен башкасы акчаны жеп эле койушканго кичине башка аймактарга да коз жугуртуп койгула дептатар акчасына жараша жасашпайбы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134745;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: