super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын юристтеринин маяналары сот тарабынан камакка алынды

 

"Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин айлык акылары соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, алардын маяналары буга чейин "жалган билдирүү жасап президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 10 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн" деген Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими толук аткарылганга чейин камакка алынган.

"Мен бул тууралуу бүгүн билдим. Мындай чечим 31-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Кубатбек Абазов тарабынан чыгарылыптыр. Ал эми банк болсо менин маянамды мындан эки күн мурун камакка алыптыр", - дейт Таалайгүл Токтакунова.

Айта кетсек, 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.
Кийин Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Болотбек Абдуллаев Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизди 10 миллионго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
17.11.2017. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
16-01-2015
Соӊку аракети:
21-10-2019 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зелалиевди зыяналиев монгуну талкалаганга уруксат алса башка ишке откормой соода болгон экенда кыргыздын намысын байлыгын кайсы креслого баалашты экен куто туралычы
fora түзөттү 2017-11-17 16:09:25
17.11.2017. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
761
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
24-01-2020 15:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+3
fora,бул ажыдаар 2баштуу болду эми эчкимдин духу рухуда жетпейт каршы суйлогону
17.11.2017. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
285
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
24-01-2020 20:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
fora,зилалиев моңгулорду жылдырганга чоң салым коштуго эми аны аша медал менен сыйлайт жее башка жакшы жумушка койот
17.11.2017. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу Атамбаев отту го
17.11.2017. 18:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул инсандар жок жерден жабыркап жатат...

Болбосо кандуу жуктун башында Атаибаев турганын элдин баары билип бутту... Шибегени капка катпайт дейт... Ошондо да бийлик ойлойт окшойт, чындыкты айткандарды куугунтуктаса эле чындык озгоро кала тургансып....

Кыскасы ошол каза болгон 35 жарандын каны Атамбаевдин мойнунда...
18.11.2017. 03:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
11-02-2017
Соӊку аракети:
04-10-2019 13:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун мен москвада москвичкамын сен чуркасын деп бир нарцис орус мн урушуп кеттим.кызым мн маршруткага отургам колясканы жыйнап.колясканы тарт нары менин отугум чан болот.бул сенин коляскандан да кымбат бут кийим деди.фууу деп мени.бул жакта баланы карабай кетпейсинби ошо жагына деп.ызааланып ыйлагым келип аябай жаман акыбалда болдум.уйго келип ыйлап алдым.ушу Кыргызстан онолсо жакшы олко башчы келсе биз оз жерибизде тирилик кылып отурбайт белем деп.кыргызстанды жеп жуткан атка минердерди жек ко
Hotinhere123 түзөттү 2017-11-18 03:03:52
20.11.2017. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
11-01-2020 00:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Hotinhere123, Ой ыйлагын келбестен, Бут кийимин коляскамдан кымбат болсо маршруткада бизге окшогон чуркалар менен неге аралашып журосун дебейсинби. Неге ыйлайсын.Башка проблемаларын деле толтура эми ошол сасыган бир маданиятсыздын созуно ыйлайсынбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136572;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: